Аялдама...Аксакал отуруптур...Маанайы суз.Салам айттым.Алик алды.Оор ушкурунот...Абалын сурайын дедим.Тартындым.Ангыча озу соз баштады:"Замандын тубу тешилди,атанкору"-дейт.Эмне болду дедим.Алдап кетишиптир.Тапкан экен алдоочу кишини!Жуз доллурум бар эле дейт.Орусиядан баласы жонотуптур.Акча алмаштыргыч бала колунан алып ары кирип кайра чыгыптыр."Ата кечирип коюнуз,бизде акча жок экен,кийинкиге барыныз"...Бала сылык суйлоду дейт.Акчаны алып кийинкисинебарса,биз мындайды албайбыз дейт.Абышка тушунбой кийинкисине барат.Ал 40 сом карматыптыр.Эмнеге десе,сиздики 1 эле доллар эмеспи дейт.Корсо 100 долларын 1 долларга алмаштырып коюптур баягы шылуун.Кайра келсе башка бала отурат.Ары чуркаптыр,бери чуркаптыр...Бир милийсаны таап келдим дейт.Ал:"Эшиктен алмаштырган озунуз куноолуу"дептир.Ошентип,эки саат айланып кайра кайттым дейт.Эскирген баштыгы бош кайтыптыр.Копко турбады."Маршруткага салып кой"деди.Картайган эме чыкканча убакыт кетет дешеби,же анын акча берээрине ишенишпейби,айтор маршруткалар токтобой ото берет экен.Кол которуп токтоттум.Колтугунан жолоп чыгарып,айдоочуга тыйынын карматтым.Абышка ырахматын айтып кирип кетти...Конулу суз кетти.Менин да конулум чокту...Чын эле замандын тубу тешилдиби?Заман акырына жакындап барат.Алдамайдын туру кобойду...Комурдун жарымы таш...Суттун жарымы суу...Картошканын сырты аппак,ичи капкара...Заман акырына жакындап барат...Андымайдын туру кобойду...Бироонун чонтогун андыган адам...Автобуста эки колунду эки чонтогундон чыгара албайсын.Бироонун малын андыган адам...Бироонун креслосун андыган адам...Эптеп кетирип,отура калсам деген адам.Бироонун тошогун андыган адам...Заман акырына жакындап барат...Чукумайдын туру кобойду...Бироонун айыбын чукуган адам...Качан туура эмес иш жасай койду экен...Бироонун куноосун чукуган адам...Бироонун жарасын чукуган адам...Чындап эле,замандын тубу тешилдиби?Жок.Заманда куноо жок.Ошол эле кун...Нурун чачып турат...Ошол эле жер...Оодарылып кеткен жок...Ошол эле суу...Шыркырап агып турат...Ошол эле шамал...Акырын согуп турат...Адамдар гана башкача...Адамдардын туру такыр башка...Заманды сокпогуло адамдар...Заманга шылтабагыла..Озунорго карагыла...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8