Төмөнкү төртөөнүн кемчилигин башкаларга эч качан айтпа: алганыңдын, балдарыңдын, тууганыңдын жана үйүңдүн.
📍 Биринчи: Бөтөн адамга жубайыңдын кемчилигин айтпа. Жубайың – өзүңдүн тандооң. Анын айыбын ачканың – өз айыбыңды ачканың. Эгер алганың менен бактылуу өмүр сүрүүнү кааласаң, аны кемчилик-кемтиги менен кошо сүй, ошондо сонун жашайсың. Жылуу мамилең, жакшы сөзүң, анча-мынча кемчилигине көз жумганың, акырындык менен оңдоп- түзөп, жакшы адам болуусуна өбөлгө түзөт. Гүлдү сугарып, топурагын жумшартып, аздектеп караса, кулпуруп ачылат. Аялдын табияты гүл сыяктуу. Хадисте: “Момун эркек аялынын кайсы бир кемчилигин көрсө, анын кайсы бир артыкчылыгын эстесин”, – деп айтылган. “Келин жаман эмес, келген жери жаман”, – делинет кыргызда.
📍 Экинчи: Балдарыңды жамандап, абийир таппайсың. Алар өз каныңдан жаралган. Аларга тарбияны өзүң бергенсиң. Уул-кызың жакшы болсо – сыймыгың, жаман болсо – кемдигиң. “Уулуң жакшы болсо – бактың, жаман болсо - каттың”, болбосо, “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”, “Алма сабагынан алыс түшпөйт”, – деген элдин накылын эсте. Балаңды жамандасаң эле жакшы адам болуп калбайт. Тескерисинче, жамандаган сайын жек көрүү, душмандык күчөйт. А балким, балаңа мээрим төгүп, сырдашканың мыкты адам болуусуна жардам берет. Балдарды урушпай, башынан сылап, жакшы көрөрүңдү билдирип, акыл-насаат айтканың оң.
📍Үчүнчү: Бир тууганыңдын айыбын ачпа. Мейли ал күнөөкөр болсун, мейли ал ибадаттарын так аткарбасын, баары бир айыбын ашкере кылба. “Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың? Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?” – деген улуу акын Токтогул Сатылганов. “Өз агасын агалай албаган, өзгөнүн эшигин сагаалайт”, – деген бабалар. “Жаман да болсо агабыз, жакшысын кайдан табабыз?” – деген аталар. Тууганыңа насаатыңды айтып, ишине көмөк көрсөт. Ага татыктуу ага-ини боло албаганың үчүн кечирим сура. Тууганды тутуна албаган душманга кор болорун унутпа. Ага-тууган менен дүнүйө-мүлк, талашпа, майда-барат нерсе үчүн эсептешпе. Колуңдан келсе жардам бер да, баарын Алла үчүн деп ниет кыл.
📍Төртүнчү: Үйүңдүн кемчилин башкага айтпа. Анткени ал үйдү өзүң кургансың. Жакшы салынса, ак эмгегиңдин акыбети. Жаман салынса, чоркоктугуңдун белгиси. Кептин кыскасы, өз абийириңди өзүң төкпө. “Түлкү өз ийнине наалыса, өз абийири төгүлөт”, – деген бабалардын баалуу кебин жадыңа тут.
👤Автор: Шермухаммед Ташматов.
📘"Сынба, чөкпө, түңүлбө" китебинен..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5