КИМГЕ ЭМНЕ КЫЛСАҢ ӨЗҮҢӨ КАЙТМАЙЫН ӨЛБӨЙСҮҢ
ЭКИ ЭСЕ СЕН БИРӨӨДӨН КӨРӨСҮҢ.
КОЛУҢ МЕНЕН КЫЛГАН БАРДЫК НЕРСЕҢЕ,
БАШЫҢ МЕНЕН ОН ЭСЕЛЕП ТӨЛӨЙСҮҢ.
КАЙТАР ДҮЙНӨ.
Эч бир жандын оорутпайлы жүрөгүн,
Унутпайлы бул күндөрдүн бүтөрүн.
Кимдир бирөө катуу айтса кокустан,
Адамдыгың кечирүүнү билгениң.
Күнө кылсаң кичи күнө дебегин,
Чоң күнөнүн ачып салат эшигин.
Бир тамчы арам тамса челеке,
Бардык сууну арам кылат билесиң.
Адам болуп жаралган соң ааламга,
Адам атың бир өмүргө сакта да,.
Арак ичип арам ишке кол уруп,
Адам атың алмаштырба айбанга.
Бузбагыла бөтөн кыздын намысын,
Бузсаң билгин сен башкага карызсың.
Бузукулук сенин кылган ишиңи,
Билип койгун кызың төлөп каларын.
Н.Жума.
2021/03/17.
Ташкент. ш
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Уул кызыңдын урматын көрүңүз. Терең ыраазычылык эжекебайым