26-БӨЛҮМ....
Мен аяш энемдикинде журуп, эки кундон кийин жумушка чыгып кеттим. Алмаздан дайын жок. Гулмира экообуз мурдагыдай жумушка чогуу барып, кайтып келебиз. Аяш энем мени уйуно бар деп, андан кийин да бир эки жолу жонотконго аракет жасап корду, бирок мен когоруп болбой койдум. Гулмира да мен тарап болуп
- Апа Алтынай эмнеге озу бармак эле, керек болсо Алмаз озу келип алып кетсин. Эркек башы менен таарынганын коргуло?! деп озунчо суйлонуп койду.
Ошондон кийин аяш энем да унчукпай калды. Гулмира мени менен чогуу болгонуна суйунуп, экообуз кээде кызыктарды айтып коюп артынан каткырып кулобуз. Мен да Гулмираны сагынып калган экенмин. Экообуз кайда барсак чогуу барып, эгиз козудай ээрчишип болбой эле калдык.
Чынын айтсам мен Аманды коргум келди! Аны менен жолугушуп суйлошсомбу деп ойлоп калдым. Гулмира экообуз бир куну аяш энеме айтпай Аманга барып келмей болуп суйлошуп алдык. Кычагандай ошол куну Алмаз жумуштан чыксак мени кутуп жолдун четинде машинасында отуруптур. Биз машина менен жолго чыгып бир аз айдаганда эле, ал бизге сигнал берип калды. Гулмира отуп барып анын алдына токтоду. Экообуз музыканы жай коюп алып угуп отурсак, ал бир убакта машинасынан тушуп биздин машинага басып келди. Келип эле арткы эшикти ачып, ичине кирип отуруп жатып
-Кандайсынар? деди. Мен унчукпай алды жакты тиктеп отура бердим.
- Кел Алмаз! Озун кандайсын? деп Гулмира башын артка буруп, ага карап кулуп калды.
-Жакшы, акырын журом деп, экоо аны муну суйлошуп отуруп калышты. Бир аздан сон Алмаз мага
- Алтынай, эртен дем алыш кунго Атам экообузду уйго келип кетсин деп айттырып жибериптир. Ошондуктан сага келдим. Азыр эле жумуштан нары кетсекпи дейм, деди. Гулмира мени карап калды. Менин Алмазга жиним келди, экообуздун ортобузда эч нерсе болбогондой анын суйлоп жатканына. Тапкан экенсин, сен жур десен эле унчукпай кете бере турган адамды, дедим ичимден. Унчукпай отура бердим, кайнатамды шылтоо кылып жатса керек деп ойлодум. Алмаз машинадан тушуп, мен отурган тараптагы алдынкы эшикти ачып,
- Кел, туш эми деп мага карады. Мен анын жузуно карап да койбодум. Туз отурган ордумдан кыймылдабай туруп
- Мен барбаймын, дедим.
- Ал эмне дегенин Алтынай? Атам чакырып жатат! деди Алмаз унун бир аз которо. Мен кабагымды бир аз чытый жаман коздорум менен аны бир тиктеп алдым да, Гулмирага карап
-Кеттик Гулмира, эмне турабыз! дедим. Гулмира машинаны от алдырып жоной бергенде, Алмаздын жини келип эшикти тарс! деп жаап салып кетип калды. Мен эшиктин катуу жабылган унунон чочуй туштум да, артынан Гулмира экообуз бырс кулуп жибердик. Жолдо баратып да Алмазга кулуп эле калдык. Биз ошол кетишибизде туура Аманга бардык. Келсек кечкисин биз ойлогондой жакшы Амандын жанында эч ким жок экен. Мен кирип Аманды коруп ыйлагым келип кетти. Анын башы бинт менен оролуп танылып, бир жак колу, ичи кокурогунон бери танылуу экен. Аман козун жумуп алып жаткан экен. Мен керебеттин жанындагы столго акырын келип отурдум. Амандын керебеттин четинде бош жаткан колунун устуно, колумду акырын койдум. Ал ошол замат козун ачып, мени коруп
- Алтынай! деди. Мен озумду кармаганга кыйла аракет кылдым. Ошентсе да болбой эле коздорумо жаш тегеренип кетти.
- Аман кантип калдын? дедим анын соо колун колдорум менен кармалай кулумсуроп. Ал менден копко козун албай тиктеп турду.
- Мени кечирип кой Алтынай! Мен сени билбестен ...
- Аны конулуно алба Аман! суранам сенден деп жибердим мен.
- Мен келип силерди коп кыйнап койдум, баланарды да мен жок кылдым! Ал учун озумду эч кечире албай жатам!
- Аман, мандайга эмне жазылса, ошону коробуз! Озунду ал учун эч куноолобо!
-Келбегенге жакшы эле аракет кылып жаткам, бирок эч кучум жетпей койду. Сени унуталбай кыйналып кеттим Алтынай! деди Аман.
- Тушуном Аман! Биз эми экообуз бири бирибизди эч качан унутпайбыз, суйуубузду журогубуздун теренинде омур бою таза, тунук бойдон сактайбыз! Сен коп капа боло бербе Аман! Баары жакшы болот. Сен созсуз бактылуу болосун! Мен ага ишенем дедим. Бул жолу Аман экообуз коп жакшы нерселерден суйлошуп отурдук. Аман дагы аз да болсо кокурогу бошоп, конулу которулуп калгансыды. Буга чейин да ал Алмаз менен кундо суйлошуп жургонгобу билбейм, айтор Аман озун кыйла жакшы кармап, тагдырга айла жок баш ийгенсип калыптыр. Мен Аманга эртен да кечкисин ушул убакта келээримди айтып чыгып кеттим. Аз эле отургандай болгом, бирок чыксам Гулмира, аябай узак отурдун деп калды. Мен озумдон озум конулум которулуп, озумду женил сезип уйго кубанычтуу кайттым. Мен эми Аманга кунуно кечинде барып жолугуп журдум. Аны Гулмирадан башка эч ким билбейт. Амандын да конулу которулуп, башкалар менен да жакшы суйлошуп калыптыр.
-Айрыкча апама таарынып коп жакшы суйлобой жаттым эле, сен кеткендин эртеси апама эркелей жакшы суйлоп калдым. Суйунгонунон апам ыйлап алыптыр деп Аман кулуп айттып берди. Билбейм биз бул кундордо Аман экообуз бири бирибизди коруп, суйлошуп отурганыбыз учун эле жаш балдарга окшоп суйунуп, ото бактылуу болуп журдук. Жумушта журуп да Аманды тынбай эстеп аны менен, журогум аркылуу суйлошуп жаттым. Жумуштан чыгып ага бараарым менен эле
-Аман сен мени бугун туйдунбу? Менин журогумдон сени эстегенимди сездинби? дейм ага куло карап Аман мени копко тиктеп туруп
- Ооба Алтынай баарын билип сезип жаттым. Сен жумуштан чыгып мага карап келаткандагы ар бир кадамындын дабышы менен чогуу, менин журогум согуп турду дейт, ал мага жаркылдай кулуп. Экообуз каткырып калабыз. Бугун да Гулмира экообуз жумуштан чыгып машинада Аманга жоноп калдык. Экообуз Араванский районго келип, мен Аманга кооп роза гулдорун сатып алдым. Гулдордун тусун жалан ак жана кызгылтым(розовый) тусто алдым. Гулмира мени карап бир нерсени эстегенсип кетти
- Жур Алтынай, мен сага азыр бир нерсени коргозом деп, алыс эмес жердеги магазинге шашып кирдик. Кирип эле ал жерден, чонураак келген соонун ваза сатып алдык. Аманга барсак ал мени бугун келбейт деп ойлогон экен. Бизди коруп эле суйунуп кетти. Биздин белекти коруп рахматын айттып розаларды тиктеп эле туруп калды.
- Алтынай сенин жакшы коргон гулун деди Аман мага карап кулуп
- Ооба Аман! Сенин эсиндеби? Сен мага башкы курстарда окуп жургонубуздо розаларды жалан ушул тустордо берип жургонсун. Качан гана суйуунду билгизе баштагандан кийин гана кызыл туско отконсун дедим. Ал экообуз кулуп тиктешип турдук.
- Аман бул розаларды кечээ атайын гул саткандарга жолугуп, сен учун бугункуго бир кун мурда дайындагам! Бул розаларды коргон сайын, сен мени коруп турасын!, Бул розалардын сенин жанында турганы, менин сенин жанында турганым! Эртен сага келе албасам керек дедим ага жылмая карап. Биз вазага розаларды салып Аманга туш коруноо жерге коюп койдук. Гулмира чыгып кеткенден кийин мен Аман менен бир сааттай суйлошуп отуруп анан чыктым.
Жолдо машинада уйго баратып ичимен мен Гулмирага аябай ыраазы болуп жаттым. Бул кундору мени бир гана ушул Гулмира тушунот. Андан башка эч ким, бир да адам мени тушунбойт. Болгон сырымдын баарын ушул билет. Чындап эле Гулмира кандай адамга турмушка чыгат экен? Жакшы адамга жоолугуп экообуз омур бою ушинтип катташып журсок жакшы болот эле! Гулмирасыз менин жашоомду элестетиш ото кыйын. Айрыкча Алмаз менен болгон оор кундорумдо дайыма ушул Гулмира мага ото керек экендигин сезип турдум.
Уйго келсек бизди Алмаз, аяш энем менен суйлошуп чай ичип кутуп отурган экен. Саатты карасам тогузга жакындап калыптыр. Анын устуно кыштын куну карангы эрте кирет эмеспи. Биз кирээрибиз менен эле Алмаз бизге карап
- Тундо кеч калып каякта журосунор? деди.
- Кечинде десен! Тун боло элек, саат эми тогуз болуп жата деп Гулмира Алмазга ошол жерден эле жооп берди. Ал унчукпады. Мен ага конул да болгонум жок. Сырткы кийимдерди чечип туура Гулмира экообуздун болмобузго кирип кеттим. Бир аздан сон Гулмира кирип кийимдерин которуп жатып
- Алмаз сени алып кеткени келген окшойт деп калды.
- Гулмира, чынын айтсам Алмаз менен бир да суйлошкум жок. Аман кеткенче силердикинде эле жашап турсам жакшы болот эле дедим.
- Жур анда чыгалы, апам сени ээрчите чык деген болчу деп Гулмира мени кутуп калды.
- Гулмира озун эптеп бир айласын тапчы, мен чыкпай эле коёюн деп, чыкпай койдум. Ал чыгып кетээри менен мен диванга тошогумдун устуно эле бутумду узун сунуп кыйгачыман тетири карап жата кеттим. Колумду башыма коюп алып Амандын бугунку розаларды тиктеген коздорун ойлонуп жаткан элем. Бир убакта эшик ачылып бироо киргендей болду. Гулмирага окшобойт. Алмаз экенин билдим да унчукпай жата бердим. Ал келип менин жаныма отуруп бир колу менен мени белимден кучактай отурду.
- Алтынай жур уйго кетели! Уйдон мен сага баарын озум тушундуруп айттып берем! Билем сен неге мага капа болуп жургонунду, аяш энем мага баарын айтып берген. Экообуз аны уйдон кенири суйлошобуз деп ал менин колдорумду кармалай баштаганда, мен ордумдан туруп кеттим. Анын жузуно бир да карабадым. Чачыгымды алып
- Алмаз мага азыр убара болбо, мен кетпейм деп кыска суйлодум да ваннага сууга тушкону кирип кетип калдым.
Алар эмне деп суйлошушконун билбейм , мен суудан чыксам Алмаз кеткен экен. Аяш энем мага озунчо кейип калды.
-Алмаз экоондун уйлонгонунорго эми аран эле торт ай болуп жатат. Силердин мындай узакка таарынышып жургонунор туура эмес. Алтынай кийинки жашоону да ойлон кызым. Жакшы жашоо учун экоон эки жактан аракет кылышынар керек. Алмаз сени капа кылганы менен ошончолук, сен учун коп жакшы жумуштарды да буткорду. Ал жагын да эсепке ал. Мен Алмазга айтып жаттым эле. Алтынайды ээрчитип алып Аманга жолугуп келгиле деп. А сен кетпей койдун, дегенде биз Гулмира экообуз бири бирибизге тиктеше кулуп койдук.
Эртеси куну мен чындап эле Аманга баралбай калдым. Анын эртеси куну
жумушта журсом, телефонго чакырып калышты. Алсам оорууканадан экен. Медик кыздардан окшойт.
- Бугун Аман акени кутуусуздон эле оорууканадан чыгарып кеткени жатышат. Сизге кабарлап кой дегенинен чалып жатам деди. Менин журогум каттуу согуп кетти. Чуркап эле Гулмирага жеттим. Ал да ордунда жок экен. Копко кутуп калдым. Чыдабастан озум эле жоноп кетмекчи болуп жатканымда ал келип калды. Мен аны шаштырып кирдим. Ал жетекчибизге кирип кармалып жатып узаакта чыккандай болуп кетти. Же ото шашканга, мен учун ошондой болуп жаттыбы билбейм. Экообуз жолдо машинада баратканыбызда менин журогум Аман менен акыркы коштошууга кетип жатканын сезгенсип турду. Менде кандайдыр бир ички жан дуйномдон куч пайда болуп озумду токтоо кармап терен ойго чомулуп унчукпай бара жаттым. Аман экообуздун россиядагы алгачкы суйуубуз бактылуу кундорубуз коз алдыма тартылып жатты. Кышында мен, Аман, Настя болуп учообуз куушуп ойноп жатаканага кирип келдик. Карасак биздин болмого артыбыздан Аман да кирип келатыптыр. Эшикти жаба койсом, ал бутун ортолукка бурчка коё коюп, эшик толук жабылбай калды. Аман сыртынан, биз Настя экообуз ичинен эшикти туртушуп жатып Аман кучтуулук кылып бизге кирип келди. Учообуз алышып ойноп каткырып жаттык. Негизи эле акыркы курста Аман биздин болмодон кетпей журо берчу. Жаны жыл кундордун биринде Настя жигити менен ээрчишип кочого чыгып кетип калышты. Биз Аман экообуз жалгыз калдык. Мына ошол куну Аман мага суйуусун ачыкка чыгарып айткан болчу. Бешинчи курста!
- Алтынай окууну бутсок мен сени Колго алып кетем деди Аман. Мен анын жузуно карадым. Козубуз тиктешип туруп калдык.
-Кетесинби мени менен? деди эки колумдан ала кармап озуно карай тартып. Мен эмне дээримди билбей аны жалдырап эле тиктеп тура бердим. Аман мени мандай чачымдан сылай бетимен акырын суйуп отту. Башымды Амандын кокурогуно жолой, анын кучагында ойлуу турдум.
Мына ошол кундон кийин мен озумду канчалык Амандан алыс кармап, ага болгон суйуумду мойнума алгым келбей жургон менен, бирок журогум Аман деп согуп, аны кантип катуу суйуп калганымды озум да билбей калдым.
Гулмира экообуз машина менен оруукананын короосуна чейин кирип бардык. Ал куну декабрь айы болгону менен Ошто кун чыгып жылуу болуп турган болчу. Мен жакалуу тонумду кийип чачымды жазып таштап койгон элем. Машинадан тушуп жатканыбызда эле нары жакта ар жерде экиден учтон болуп суйлошуп турушкан адамдар бизди карап туруп калышты. Биз аларга карап басканда эле алдыбыздан Нуралы менен Айнагул утурлап калышты. Алар менен учурашып жатып байкасам, Алмаз менден козун албай алыстан мени тиктеп карап туруптур. Жанында чогуу иштеген досу Азамат турат.
- Эч кимди ичине киргизбей жатышат. Тездетпесе самалёттон кечигип калышат. Азыр Амандын озун алып чыгышат деди Нуралы. Тез жардам машинасын даярдашып арткы эшиктерин ачып коюшуптур.
- Эмне анчалык тездетип салышты, дагы бир аз убакыт жатыш керек эле го? деп сурады Гулмира.
- Калганын Фрунзеден дарылашат. Амандын самалётто кеткенге ден-соолугу туура келбей жаткан болчу буга чейин. Акыркы кундору жакшы жылыштар болуп, бугун ушинтип ойдо жок жерден эле чыгарып жатышат деп Нуралы бизге айтып калды.
Жанатан бери мени унчукпай карап турган Айнагул
- Алтынай кайнатанды кордунбу? Ал киши да ушул жерде деди. Мен чочуп кетип эле жакшылап байкасам аяш энем менен кайнатам четирээкте отургучта нары жакты карашып , экоо суйлошуп отурушкан экен.
- Мен анын келишин билген эмесмин дедим. Алардан бери дагы бироолор бизден козун албай, бизди тиктеп турушкандай болуп кетти мага. Аларды карай албай койдум. Амандын апалары болуп журбосун деген ой кетти мага. Ангыча эле ооруукананын эшиги ачылып ак халатчандар керебетте Аманды жаткан бойдон алып чыгышты. Жанында бир аял бир букет кызыл розаларды которуп алып алар менен чоогуу чыкты. Мед.айым кыз биз берген вазаны роза гулдору менен чогуу алып чыгып машинага салып койду. Баары Аманды коздой басып келишип чогулуп калышты. Кайнатам аяш энем экоо биринчилерден болуп Аман менен коштошуп четке чыгышты. Андан сон калгандары. Анан биз Гулмира экообуз Амандын жанына келдик. Аман бизге карап кулуп эле аялдын колундагы кызыл розаларды мага бердиртти.
- Алтынай бул розалар сага! Бул менин тайэжем деди гул берген эжени карап. А бул менин апам деди жанындагы аялды корсотуп. Баарыбыз кулуп эле тиктешип туруп калдык. Амандын тай эжеси мага карап
- Алтынай, чындап эле татына, сулуу кыз экенсин! Алмаз сени деп! Сен учун коп жакшы иштерди бутуруптур. Алмаз чынында азамат жигит экен! Биз ага аябай ыраазыбыз! Алмаз экоон кооп балалуу болуп, бактылуу болгула деди. Мен ошол учурда бир нерсени эстеп кеттим. Шашып эле мойнумдагы озум сатып алган алтын чынжырды Гулмиранын жардамы менен чечип алдым. Колумдагы гулду Гулмирага кармата салып, Амандын колун кармап, анын алаканына чынжырды салдым да манжаларын кайрып жаап койдум.
- Аман бул Гулжан экоондун кызына менден белек болсун дедим ага жылмая. Аман экообуз кулуп эле тиктешип турдук. Ал мага
- Рахмат, Алтынай деп, эки козун жумуп койду. Бир убакта Аман Алмазга карап соо колун сунду. Экоо унчугушпай эле колдорун катуу кысышып коштошушту.
Аманды машинага салышып апасы тай эжеси баарыбыз менен коштошуп, алар менен чогуу Нуралы менен Айнагул Азаматтын машинасы менен аэропортко чейин узатканы кетишти. Машиналар журуп кеткенден кийин аларды артынан узатып карап турдук. Аман менден узаган сайын менин журогум бошоп ичинде эч нерсе калбай калган бош буюмдай болуп ээнсиреп турду.
- Кош, Аман! Кош жаным! Кош менин суйуум! деп мен ичимден кайталап жаттым.
Кетейин деп турган ордумдан эле аркага бурулдум. Карасам мени Алмаз артымдан жанатан бери карап турган окшойт. Экообуздун коздорубуз тиктешип туруп калдык.
- Алтынай, жумуштан чыгышына мен барып калам. Уйго барып атамдарга ыссык тамак даярдап бер. Алар эрте менен эрте уйго кирип келишиптир, деди ал. Мен унчукпай эле анын алдынан отуп кеттим. Мен кайнатам менен аяш энемдин жанына басып келдим. Алар бизден кыйла алыс басып кетишкен экен. Учообуз суйлошуп туруп калдык.
- Алтынай кызым, биз келсек сен уйдо жоксун го? Дем алыш кундору келип кеткиле деп чакыртсам барбадынар. Энен экообуз атайын силерден кабар алганы келген элек, деди кайнатам. Мен эмне демек элем. Унчукпай эле туруп калдым.
- Бугун биздин кызды жонотуп жибериниз, уйго барсын деп кайнатам аяш энеме карады.
- Ооба! Бугун барат. Алмаз келип алып кетсин деди аяш энем.
Биз Гулмира экообуз машина менен жумушка шашып жоноп калдык. Аяш энем кайнатамдар менен суйлошуп калып калды. Машинада баратып Гулмира музыканын унун бир аз которуп койду. Мен Аман берген розаларды колума кармап алып Аманды ойлоп, ичим эншерилип бара жаттым. Мен эми Аманды эч качан корбойм!. Биз эми эч качан жолугушпайбыз! Менин козумдон эми сызылып жаш агып жатты.
Кечинде жумуштан чыгышыма Алмаз келип мени уйго алып барды. Уйго кирсем уйдун ичи жылуу болуп ашканада казан кайнап тамактын жыты буркурап келип турду. Кайненем байкуш биздикине биринчи жолу келиши эле. Эрте менен келип уйдун ичин жууп тазалап баарын жыйнап иреттеп, биздин келишибизге тамакты даяр кылып кайнатам экоо, бизди кутуп отурушкан экен. Мен келип эле кийимдеримди которуп башыма жоолугумду салып ашканага чыктым. Кайненемди чон болмого кайнатамдын алдына киргизип, аларга тамактарын берип этекте чайын куюп берип отуруп калдым. Телевизор коргончо андан мындан кеп козгошуп суйлошуп отурганыбыз менен алар Алмаз экообуз жонундо эч нерсе деп айтышпады. Тамак ичилип буткондон кийин Алмаз, бугун тундо жумушта болоорун айттып уйдон чыгып кетти. Мен тамак ичкен столдун устун жыйнап, ашканага кирип жумуштарымды буткоруп журдум. Жатаар убак болгондо аларга жатып эс алганга жай даярдап бердим. Кайненем экообуз озубузчо суйлошуп отуруп калдык.
- Алтынай кызым, Алмазга таарынсан, эми антип кетип калба! Андан коро биздин алдыбызга бар. Алмаз менен озубуз суйлошобуз. Турмушта ага окшогон ойдо ылдый нерселер али коп болот. Болор болбоско кетип калып, озунду да, бизди да уят кылба балам! Турмушка чыдасан, анан турмуш болот. Анын устуно биздин оорубузду колдон, женилибизди жерден алып бизге жардам берчу ишенген балдарыбыз Алмаз экоонсунор. Биз силерге таянып, силерден коп жакшы нерселерди умут кылып журобуз. Атандын достору баары неберелуу болушуп, алар мектепте окуп калышкан. Биз да аларга окшоп небере коруп, небере жытын жыттасак дейбиз деп дагы ушул сыяктуу коп создорду кайненем суйлоп отурду.
Мен чынын айтсам боюман тушуп калган балага бир да капа болуп, чымындай да окунуп койбодум. Оюма да албадым эле. Менин ал кундору оюмда бир гана Аман болуп жаткан!. Анын устуно убагында толук дарыланып чыкпадым. Корсо ошол жаанда мага катуу суук откон экен. Анын азабын кийин коп тартып, козумдун жашын коп токтум. Бала деп баланын артынан кандай гана кундорду корбодум. Ичим куйуп орт болуп журдум!
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36