3-бөлүм.
Бул бөлмөнүн ичин тазалап, колун жууп атып Диана ушуларды байкаган. "Мүмкүнчүлүк болсо шаардагы эжекем менен телефон аркылуу байланышсам кандай ганажакшы болот эле. Жок дегенде жумасына бир жолу "свиданкага" келип турмак. "Жалган жалаа менен кесилип кеттим" десем эжем ишенеби, ишенбейби ким билет. Мен ага бир да жолу жаман жактарымды көрсөткөн жок болчумун да. Наркотикти кимдир бирөөлөр чөнтөгүмө салып коюшуптур десем балким ал ишенээр…"
- Зум, бери мага жакын кел, - анын оюн эртеден бери ар бир кыймыл-аракетине кунт коюп көз салып аткан көзөмөлчү мурутчан жигит бузуп жиберди, - уялба, бери жакын кел!
Диана эңкейип алып суу чүпүрөк менен бөлмөнүн полдорун жууп жаткан, укмаксан болуп коёюн деди эле ал үнүн өктөм чыгарып кыйкырганда ордунан туруп, кийими башын оңдой сандарын көрсөтө түрүлүп калган көйнөгүн ылдый түшүрө анын жанына басып келди. Түрмө ичинде кийип жүргөндөрдүн баардыгы жоон сандарын көрсөтүп жүргөн кыска юбкалар экен. Диана ага бир кадам жетпей токтоду. Тигил жигит диван креслодо чалкалай отурган болчу.
- Дагы жакын кел! - ал акырын Дианага колун сунду. Диана ага дагы жакыныраак жылды эле чап эле билектен кармады. Анан бой-мүчөсү келишкен сулуу кыздын дене түзүлүшүнө көз жүгүртө ырсалактап күлө баштады.
- Менимче сен "свежий" болушуң керек ие? Же кыз эмессиңби? Ал акырын бир ордунда былк этпей турган Диананын аппак жоон сандарын сыйпалап кирди. Анан колун жогорулатып келип чатырап турган төшүн мыкчып калды эле Диана өзүн кармана албай кетип тигини жаакка кандайча чаап жибергенин өзү да билбей калды. Анан каякта турганы эсине келе, көзүн алайта артка кетенчиктеди. Диванда отурган тигил жигит ачуулана ордунан атып турду.
- Ничего себе, сен кимге кол кайтарып жатасың ыя, бияктын тартибин али биле элек экенсиң го,- ал ачуусу менен Диананын чачын ууштай кармап жаактан ары басып-басып алды. - Мага кол кайтарган кандай экенин көрсөтөм сага азыр…, - эркекти муштагандай барскандай болгон муштуму менен ичке уруп калды эле Диана өзөрө бөк түшүп калды. Колдун кыры менен желкеге чапканда полго кулап түштү.
- Мен сага азыр түрмө кызматкерлерине кол көтөргөн кандай экенин көрсөтөм, проучу… - ызырынган жигит кадимки зөөкүрлөрдөй буту менен тепкилеп кирди. Чачтан кармап өйдө тургузду да керилип туруп бетке сокту. Диана чалкасынан кулай мурдунан дирт этип аккан кан көйнөгүнө жайыла берди. Ордунан жыла албай арты менен жылып отуруп дубалга такалып калды. Анан болгон күчү менен кыйкыра баштады.
- Жардамга! Мени сабап жатат!
- Сен кимди жардамга чакырып жатасың ыя? Сага ким жардамга келет, тигил камерада отургандарбы, же сыртта жүргөндөрбү? Менден башка эч ким сага жардам бере албайт билдиңби, - ал сүйлөнүп да атты тепкилеп да атты, - мен сени азыр зордуктап салсам да өзүм билем, же ишенбей атасыңбы. Ишендирип коёюнбу… Ал Диананы белден кучактай тапатак көтөрүп барып диванга урду. Анан үстүнөн басып алып тырпыратып мойну-башынан өпкүлөп кирди. Мындай караганда түрмө ичиндеги көзөмөлчү эмес
эле көчөдөгү аңги, зөөкүрдөн эч айырмасы жок болчу. Экөө бир топко алышты. Узун-туурасы билинбеген далдыйган жигит тал чыбыктай ийилген он жети жаш кызды төрт бүктөп басып койду. Турсийин жулуп алып, айрып ыргытып жиберди да жаңыдан үстүнө чыгып келаткада арт жагынан аялдын дарылдаган жоон үнү чыкты.
- Токтот!
Далдайган жигит шашпай ордунан тура шымынын бүчүлөсүн топчуланып, Диананы жаман көзү менен карай сыртка чыгып кетти. Босогодо турган толмочунан келген аял жигитке көңүл бурган да жок, оозу-мурду шишип, кызыл-ала кан болуп турган Диананын жанына басып келди.
- Бар, оозу-мурдуңдун кандарын жуу да камераңа жөнө. Экинчи ушинтип хата жаңырта кыйкырганыңды укчу болсом таарынба.
Ары жактагы крандагы сууга бети-башын жууган Диана унчукпастан узун, кууш коридор менен өзүнүн камерасын карай жөнөдү. Башка камерадагы кыз-келиндер темир тордун ары жагына туруп алышып Диананы мазактап жатышты.
- Эмне сенин кыз белгиңди алып аттыбы, эмне мынча айкырасың ыя, шашпа көргөндөн көрө элегиң көп. Аман болсоң мындайдын миллионун көрөсүң. Сооп болот сага, көчөдө жүргөндө эле буларга карматпай качып кетпейт белең, эми бул жакта тоок болуп жүрө бер ха-ха-ха!
Диана алардын сөзүн уккусу келбей эки кулагын баса өзүнүн камерасына чуркап кирип кетти. Камерада Саулем деген жыйырма бирге чыгып калган казак кыз анан Өзбекстандын Жиат районундагы Зулфия деген жашы али жыйырмага чыга элек атасы өзбек, энеси кыргыз, чачтары, көзү-баштары капкара сулуучумак келген кыз болчу. Саулемдин бул жакка келгенине жарым жыл, ал эми Зулфиянын келгенине эки эле ай болуптур. Өзүнүн кроватына жатып алып солкулдай ыйлап жаткан Диананын жанына экөө тең басып келишти.
- Тур өйдө, башыңды көтөрчү, ыйлагандан пайда жок, андан көрө мындай отур дагы биздин
сөзүбүздү ук. Диана бир аз ыйлап алган соң башын көтөрө өйдө боло берди. Экөө анын эки жагына отурушту, үчөө бир топко унчугушпай алды жактарын мелтиреп отура беришти. Бир кезде Саулем үн катты.
- Эмне, ал сени зордуктап таштадыбы?
Диана унчукпастан жок.
- Чыныңды айт, ал сенин кыз белгиңди алдыбы?
- Жок, ага үлгүрө албай калды. Тигил аял кирип келбегенде дал эле ошондой болмок. Мени тырпыратып басып алып зордуктап салган күндө да зөөкүргө тигилер эч нерсе демек эмес окшойт. Мен түшүнбөйм, бул эмне деген түрмө, көзөмөлчүлөр менен түрмө кызматкерлери өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип өз билгендерин жасашат экен. Эмне булар жогору жактагылардан коркушпайбы. Эгер тигил азыр мени зордуктап салганда 129-статья менен өзү түрмөгө отуруп калмак да туурабы?
Анын сөзүнө берки экөө бири- бирин карашып каткырып күлүп жиберишти.
- Эмне күлөсүңөр, албетте силерге күлкү. Бирөөнө күлкү, бирөөнө ый деген ушул да, балким түрмө мыйзамы ушундайдыр?
- Сен бул жакты чыныгы түрмө деп ойлоп жатасыңбы?
- Анан эмне кадимкидей сот процесси болуп 274-статьянын биринчи пунктунун негизинде тогуз жылга эркимен ажырабадымбы. Ал эмне статья экенин билесиңерби?
- Билбегенде, сенден сонун билебиз. Бул экөөбүз тең ошол статья менен кесилип келгенбиз. Он эки килограмм героин менен кармалдың да туурабы. Биз дагы героин менен кармалганбыз. Ошол ак желим баштык көпчүлүк сулуу кыздардын келечегине балта чаап түбүнө жетип бүтмөй болду.
- Кандайча, мен эч нерсе түшүнсөм буюрбасын.
- Сен али эч нерсе көрө элексиң, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң.
- Ачыгын айткылачы бул эмне деген түрмө. Жалаң өңү-баштары татынакай жаш сулуу кыздар. Аялдар түрмөсүндө ар кандай возростогулар болушу керек да.
- Эмесе угуп тур, бул деген мыйзамдуу түрмө эмес, менчик түрмө…
- Менчик түрмө деген эмнеси?..
- Угуп тур, перебивайт этпей, бул деген Марат Исабеков дегендин менчик түрмөсү. Булардын кишилери же тагыраак айткада агенттери Орто Азия боюнча жер- жерлерди бардыгын кыдырышып сулуу жаш кыздар болсо кароолго алышып, акырын байланыш түзүп, акыры ар кандай жол менен кылтакка илишет. Ар кандай
дарыларды тамакка кошо беришип, эси ооп жатып калганда сырттан врачтардын кийими кийишип, жетип келишет да замбилге салып алып кетишет. Тигилер эстерине келгенче укол сайып коюшат. Бул бийик дубалдуу короонун ичине киргенде гана эстерине келишет, бүттү кайра чыгууга мүмкүн эмес. Эркин болом десең өлүгүң гана чыгышы керек.
- Ал эми аскер формасын кийинишкен аялдар менен эркектерчи?
- Алар жалданма кишилер, булжактан айлыкты жакшы алышат. Ар кимиси өздөрүн өздөрү билген кожоюн. Өзүң деле буга күбө болдуң го. Азыр тигил далдайган жигит сени зордуктап таштаса сен эч нерсе кыла албайт болчусуң туурабы. Ага эч ким эч нерсе демек эмес. Ал зөөкүр бул жактагылардын далайларынын кыз
белгисин алды. Мынакей Зулфияны эле мындан бир жарый ай мурун ушул зөөкүр зордуктап таштаган. А сен каяктагы жүз жыйырма тогузунчу статьяны айтасың. Булар сени зордуктамак турсун, өлтүрүп койсо дагы соттолушпайт уктуңбу. Бул жакта иштегендердин эч кимисине тыюу коюлбаган. Ошондуктан ар кимиси
өздөрүн өздөрү билип кутуруп жатышпайбы. Жаш кыздардын баары эле кор болууда. Он жети же он сегиз жаштан төмөнкү же болбосо жыйырма бештен жогорку кыздарды көрдүңбү, андай бир дагы кыздар жок, дээрлик бул жакка келгендердин сексен проценти күйөөгө чыга элек, али турмушту көрө элек кыздар. - Мынакей, бизди өзүнүн менчик түрмөсүнө отургузду деп коёюн андан эмне пайда табат?
- Эмне пайда табат?.. Тапканда да кандай пайда табат дейсиң. Күнүнө жок эле дегенде, болбой калды дегенде эле он миң түшүп турат, бул жакка биздин эсебибизден.
- Кандайча?
- Сен али эч нерсени көрө элек, эч нерсеге түшүнө элек мадыра баш турбайсыңбы. Эмне себептен түштөн кийин саат төрт чендерде кыздардын баарын тизип алып ар кайсы жакка бөлүштүрүп "разборка" кылып жатат. Түн ичинде бул жакта ооругандар эле болбосо бир да кыз калбайт. Булардын калаа ичинде ондон ашык менчик сауналары бар, бул кыздарды ошол жактагы бай клиенттерге салып беришип, аларды камсыздандырып турушат.
- Ал жактан качып кетүүгө же өзү менен чогуу жаткан бай адамдарга бул тууралуу айтып коюуга болбойбу?
- Эч мүмкүн эмес, биздин ар бир кыймылыбыз катуу көзөмөлдө. Ар бир бөлмөдө, саунада жашыруун көргөзүп туруучу, үндү угузуучу аппараттар бар. Эч нерсе кыла албайсың, бир нерседен шек алып калчу болсо анда эле ишиңдин бүткөнү дей бер. Өмүрү көрбөгөн кордук көрсөтүшөт, ал жактан качып да кете албайсың. Мынакей жакында бир кызыбыз ошол сауна жактан качып кетүүгө аракет жасады эле аябай көрбөгөн кордукту көрдү. Үч жолу катуу эскертилет, эгер ага моюн сунбасаң жөндөн-жөн гана көзүңдү
тазалап коюшат. Анын өлүгүн каякка алып кеткенин да билбей каласың…
- Дагы бир суроо, буларды бийлик өкүлдөрү же милиция кызматкерлери билишпейби? …
- Булар менен кээ бир бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери чогуу иштешет. Тескерисинче бул бийик короону катуу көзөмөлгө, кайтарууга алышат. Ошон үчүн алар да кандайдыр бир "доляларын" алып турушат. Дагы эмне сурооң бар?
- Бул жакта канча адам иштешет?
- Анысын биле албайм.
- Ал эми эркинен ажыраган шордуу кыздардын саны канчага жетет?
- Мурун жүзгө чукулдап барып калчу. Азыр акырындап көбөйгөндөн- көбөйүп баратат. Мурун болсо баарыбызды чогуу ашканага алып барып тамак ичирчү. Азыр болсо камеранын ичине таратып берет. Ошондуктан бирибиз менен бирибиз сүйлөшкөнгө, таанышканга мүмкүнчүлүк жок.
- Түн ичинде башкалардын баарын алып кетип, эмне себептен мени бул жакка жалгыз калтырып жатышат?
- Сен азыр деген али "свежий" кызсың ошодуктан жалгыз калтырууда. Биринчи кезекте мунун кожоюну Марат өзү келип сенин кыз белгиңди алат, ошо себептен сага эч кимиси тийише албай жатат. Анан бул жакта
иштегендердин баардыгы сага чабуул коюшат. Кыскасы, акырындап кезеги менен бул жакта иштеген эркектердин бардыгы менен болуп чыгасың.
- Күнүнөбү?
- Жок. Бир жумада бирөөсү келип турат.
- Каршылык көрсөтсөмчү?
- Аны өзүң көрдүң го өлөөрчө токмок жейсиң алардан…
- Бойлоруна бүтүп калсачы?
- Андай болушу мүмкүн эмес. Спираль же дары салып коюшат. Жумасына бир жолу текшерүүдөн өтүп турасың. Оору жугузуп алгандар болсо дароо дарыланышат.
- Күндө саунага барып, эркектер менен болуп, арак ичкенден тажашпайбы?
- Албетте, көкөйлөрүнө көк талкандай эле тийет да. Бүгүн түнү ким менен болоор экенмин деп сарсанаа болуп турасың. Көпчүлүк мезгилдерде чет өлкөдөн келген меймандарды же бул жакта иштеп жаткан чет элдик кишилерди камсыз кылабыз. Алар доллар менен төлөшөт.
- Алар да сулуу кыздарды тандашат да…
- Бул жердеги кыздардын баардыгы эле сулуу, четтеринен чертип алып, алып кете беришсе болот. Баса айта кетчү дагы бир нерсе, бул жактан чет элдиктерге сатылып кеткендер да бар, өтө кымбатка бирден, экиден сатылат. Бир жолу тогуз кыз сатылып кетти Сауд Аравия жакка. Алар канча сомго бааланышканын билбейбиз.
Эми түрмөнүн сырын анча-мынча түшүнүп калдыңбы? Диана түшүндүм дегендей башын ийкегиледи. Аңгыча темир торлуу эшик шарт эте ачылып жоон үндүү аял баш бакты.
- Развод, разводко чыккыла!
Ал Диананы карап туруп отургузуп койду.
- Сен азырынча каласың бул жерде.
ЭЭН БӨЛМӨДӨГҮ КЫЙКЫРЫК
Камерадагылардын бардыгы чыгып кетишкенден кийин Диана өзү жападан жалгыз калды. Сүйлөшөөр эч ким жок эмнегедир ал өзүн бу дүйнөдө жападан жалгыз калган адамдай сезип кетти. Айланага күүгүм кирип келаткан болчу, бир аз убакыт өткөн соң эшик ачылып толмочунан келген алиги аял баш бакты.
- Эригип жатасыңбы, азыр мен сага эрикпегендей жумуш таап берем. Бас жүрү. Экөө ээрчише кууш коридорго
чыгып, көзөмөлчүлөрдүн эс алуучу бөлмөсүнө барышты. Алиги аял бош чаканы анан пол жууй турган узун жыгачты колуна карматты да буйрук бере сүйлөдү.
- Тиги тряпканы ал дагы камералардын бардыгын, коридорду, бул бөлмөнү бүт жууп чыгасың терезелеринен бери чаңын сүрт, тим эле мисилдеп күзгүдөй болуп жалтырап гана турсун. Өзүм келип текшерем эсиңде болсун эгер бир жеринен кынтык тапсам кайра башынан бүт жуудуруп чыгам. "Кыздуу үйдө кыл жатпайт" деген макалды билесиңби, дегеле кыл да көрбөйүн, анда давай приступай! Аял эшикти ачкан боюнча кетип калды. Диана чакага суу куюп алып адегенде полдорду жууп кирди. Ишти көзөмөлчүлөрдүн эс алуу бөлмөсүнөн баштады. Полдорду жууп бүтүп, терезелерин ным чүпүрөк менен сүртүп кирди. Өзүнөн башка бул хатада дагы бир өзү теңдүү кыз калыптыр. Экөө бири-бирин карап коюшуп ишти аткарып жатышты. Бири-бири менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салган болчу. Терезелерди сүртүп жатып кокусунан стол үстүндөгү
телефондорго көзү түштү. Терезени айнегинен сыртты караса алиги аял короодо бир эркек менен сүйлөшүп турган болчу. Бир нерсе оюна кылт дей түштү дагы акырын коридорго чыкты. Алиги кыз өзү менен өзү сүйлөшө коридордун полун жууп жатыптыр, башка эч ким жок экен. Диана дароо бөлмөнүн эшигин жапты да шашыла телефонго умтулду. Телефонду көтөрүп жанталаша эжесинин номерин алып кирди. Биринчи жолу чалганда телефон бош эмес экен, кайра ордуна коё коюп, терезеге барып айнекти сүртүмүш этип калды. Алиги аял бир нерседен шектене бул жакты карап туруптур. Диана эч нерсе билмексен боло айнектерди сүртүп бүтүп, экинчи терезеге барып шашпастан аны да сүртө баштады. Арадан беш мүнөт өткөндө аялды
дагы бир жолу карап алып кайрадан телефонго жетип келди да эжесинин номерин алып бурай баштады. Бул жолкусунда бош экен, бирок көпкө чейин албай койду. "Бол, бол ылдам, көтөргүлө трубканы" деп Диананын чый- пыйы чыга шаштысы кетип жатты. Бир аздан кийин ары жактан жаш кыздын "алё" деген үнү чыкты.
Туткун Кыз. 4-бөлүм.
- Бу ким Айнура сенсиңби?
- Ооба, бу ким?
- Мен Дианамын мамаң барбы?
- Диана эжесизби, каякта жүрөсүз, биз сизди таппай жатпайбызбы…
- Айнура бол ылдам мамаңды чакыр, сени менен сүйлөшкөнгө убакыт жок.
- Мамам кошунаныкына кеткен азыр чакырам, - алиги кыз телефонду таштап, сыртка чыгып кеткендей болду.
- Ээ Кудай ылдамыраак келсе экен, - Диананын чый-пыйы чыга тигил короодогу аял келип калбаса экен деп тыбырчылап жатты. Бир аздан кийин эжесинин үнү угулду.
- Алё бул ким Диана сенсиңби?
- Ооба, менмин… сөзүнүн аягына чыгарбай ары жактан кандайдыр эркектин колу пайда болуп телефонду иштетпей басып койду. Чочуп кетип карай салса өткөн жолу өзүн сабап, аз жерден зордуктап коё таштаган далдайган эркек экен.
- Сага ким уруксат берди өз алдынча хозяйиничит этип, телефонду алганга! - ал керилип туруп колунун сырты менен чапканда Диана бөлмөнүн бурчуна камгактай учуп барып жатып калды. Катуу соккуга көзүнөн от
чагылыша жер айлан-көчөк, башы эңги-деңги боло түштү. Бир кезде анын узун чачтарынан уучтай кармап өйдө көтөрүп тургузду да алакандары менен жаактан ары эки жолу басып-басып алды.
- Эмне босогону аттай элек жатып эле кожоюн болуп калдыңбы? Бул жактын эрежесин, уставын али окуган жоксуңбу. Кимде ким улуксатсыз өз билгенин жасаса ал катуу жаза алаарын билесиңби? Азыр хатанын ичиндеги полдорду беш сыйра жууп чыгасың. Сени таң атканча уктатпай иш кылдырам, анан көрөм сенин уруксатсыз өз алдыңча жүргөнүңдү. Ары жактан бир чака суу алып келип пол үстүнө жайната төгүп таштады. Дагы бир чака алып келип төгүп жатканда сыртта короодо турган толмочунан келген аял чуркап кирип келди.
- Дагы эмне болду?
- Эмне болмок эле, мунуң уруксатсыз бул жакка кожоюндук кылып телефон менен сүйлөшүп жатыптыр.
Алиги аял жакын басып келип Диананы жаактан ары басып калды.
- Мен сага эмне дедим эле ыя, эч нерсеге тийбе дебедим беле. Чыныңды айт ким менен сүйлөштүң, эмне деп сүйлөштүң?
- Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, жаңы эле сүйлөшөйүн деп жаткам…
- Сүйлөшөйүн деп жаткам? Азыр текшеребиз, - алиги аял сыртка чыгып кетип бат эле кайра келди дагы колундагы кичинекей тегерек дискетти компьютерге салды. Диананын алиги телефондон сүйлөшкөн сөздөрү жазылып калыптыр.
- Эмне эжеңе чалмакчы болгон экенсиң да. Анан компьютерден баскылап жатып эжесинин кайсыл жерде жашаганын билип алышты.
- Чүй проспектиси № 115 Айзаада, Болот. Эжеңдин аты Айзаада, жездеңдин аты Болотбу, Диана унчуккан жок, - эмне унчукпайсың айтпайсыңбы. Же Болот байкең, Айзаада жеңең болобу?
- Силерге айырмасы кайсы, алар менин тааныштарым болот.
- Бул бейбаштыгың үчүн кандай наказания аларыңды билесиңби. Сен үчүн катуу наказания болот. Бирок бактың бар экен. Шеф келбей турса азыр сенин сазайыңды берет элек. Аял менен эркек өздөрүнчө бир нерселерди шыбырашып сүйлөшө сыртка чыгып кетишти. Диана катуу соккудан денелери ооруп али калыбына келе албай жаткан болчу. Көп өтпөй эле көзөмөлчү аял кайра кирди.
- Бар, бети-башыңды жууп, чачы-башыңды оңдоп, өзүңдүн бөлмөңө жөнө, мен азыр артыңдан барам.
- Далдайган эркек чапканда мурду канап кеткен болчу. Крандагы сууга бети-башын жууп, чачын тарады да өзүнүн камерасына жөнөдү. Алиги кыз дале пол жууп жатыптыр. Экөөнүн көздөрү бир саамга бири-бирине чагылыша түштү.
- Менин атым Албина, сеникичи?
- Диана.
Экөө башка эч нерсе сүйлөшкөн жок. Анткени ары жакта көзөмөлчү аял келе жаткан болчу. Ал Диананын артына камерага кошо кирди. Кроватка чүпүрөктөрдү ыргытып койду.
- Ме чечин дагы алдагы ич кийимдерди, турсини анан алдагы көйнөктү кий.
Диана суроо берген жок, айтканын жасады. Косметиканы анын колуна карматты.
- Ме бобулар менен оозу-башыңды боё. Бобул духилерди себин .Азыр шефке барабыз. Көзөмөлчү аял өзү да жардамдашып Диананы жасандырып жиберди да "жүрү" деп кайдадыр ээрчитип жөнөдү. Жолдо баратканда ага акыл- кеңешин айтып баратты.
- Биздин шефибиз жакшы адам, ага ар дайым жылмайып жооп берип, бардык айткандарына макул бол. Ачуусуа тийип алба анда эле балээсине калдың дей бер, уктуңбу, уктуңбу деп жатам?
- Ооба.
- Анда ошондой, бейбаштык жасаба. Экөө ээрчише чоң, кенен бөлмөнүн ичине киришти. Бөлмөнүн ичи аябай кооз болуп жасалгаланыптыр. Диван креслодо жашы элүүдөн өтүп алтымышка чукулдап калган толмочуна келген ак чачтуу киши отуруптур. Ал мыскыл жылмая Диананы маңдайындагы диванга отур дегендей колу менен жаңсап көрсөттү. Диана укчукпай анын айтканын жасап, эки санын бириктире, кысына диванга отурду. Ага жоон сандарын көрсөтүп турган кыска көйнөктү кийгизип койгон болчу. Ак чач киши мыскылдай Диананы аяк-башына чейин көпкө карап турду. Жанында турган көзөмөлчү аялга "кете бер, бошсуң" деп ишарат кылды. Тигил түшүндүм дегендей Диананы бир карап алды да акырын сыртка чыгып кетти.
- Кана кызым экөөбүз жакшылап сүйлөшөлү. Сенин ким экендигиң мага жакшы маалым. Жүрү тигил жакка баралы, анан сүйлөшөбүз. Диананы ээрчитип аркы бөлмөгө алып кирди. Ал жак чоң зал экен. Залдагы узун столдун бир бурчуна ар кандай тамак-аштарды коюп жасалгалап коюшуптур.
- Тигиндей отур, тартынба, өз үйүңдө отургандай эле эркин сезип отура бер. Кайсындан куяйын, коньяк, вино, арак же шампанскийби? Диана унчуккан жок. Тигил адегенде ага шампан куйду. Алдындагы тарелканы алып ар кандай салаттардан салып аны алдына койду.
- Кана момуну алып жибер. Экөөбүздүн таанышкандыгыбыз үчүн. Баса, айтмакчы Марат Исабеков деген мен болом, бул түрмөнүн кожоюнумун. Мамлекеттин улуксаты менен салынган түрмө, бирок бул менин менчигим болот. Алдымдагы кызматкерлерим да менин менчик кызматкерлерим. Эгер качып кетсең калаанын кайсы районунун милициялары болсо да сени кармап алышып, кайра алып келип беришет. Так что жердин жети
кабат түбүнө кирип кетпесең эле сени биздикилер баары бир таап алышат. Дагы бир айтчу нерсе биздин бул жактагы мыйзам таптакыр башка, түрмө кызматкерлеринин айтканы силер үчүн закон, аларды кың дебей
аткарышыңар керек. Эгер моюн толгосоң анда балээни өз башыңа өзүң үйөсүң. Кана алып жибер алдагы ичкиликти. Тигил өзү коньяктан куюп туруп тартып жиберди. Диана стаканга жологон жок.
- Мен деген сенден суранбайм, буйрук берем, алдагы стаканда куюлганды алып жибер да, алдыңдагы тамакты же! Бол тез! Анын бакырганынан чочуп кеткен Диана стакандагы шампанды кандайча түбүнө чейин тартып жибергенин билбей да калды.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14