Кытайлык бизнес-магнат каза болот. Анын банкта 1,9 миллиард доллары калып, аялы анын шопуруна турмушка чыгат.
Анын айдоочусу: "Ушунча убакыт бою мен өзүмдү шефим үчүн иштеп жатам деп ойлочумун, азыр гана жетекчим мен үчүн иштеп келгенин түшүндүм!"-дептир.
Мындан улам жашоо чындыгы – көп байлыкка ээ болгонго караганда, узак жашоо маанилүү.
Ким кимге иштегени маанилүү эмес, күчтүү жана дени сак денеге ээ болууга умтулуу керек.
Кымбат уюлдук телефондо функциялардын 70 пайызы пайдасыз.
Кымбат унаа үчүн 70 пайызы ылдамдык жана мотору, башка кооздуктарынын көп деле кереги жок.
Эгерде сиздин виллаңыз же хан сарайыңыз болсо, анда 70 пайыз аянты пайдаланылбай эле турган болот.
Сиздин гардеробуңуздагы кийимдердин 70 пайызы кийилбейт.
Өмүр бою тапкан эмгек акыңыздын жана кирешенин 70 пайызы башка адамдар тарабынан жумшалат.
Демек, биз өзүбүздүн 30 пайызыбызды коргоп, толук пайдаланышыбыз керек.
Кантип?
Оорубасаңыз да врачка барыңыз.
Суусабасаңыз дагы сууну көбүрөөк ичиңиз.
Чоң кыйынчылыкка туш болгондо коё берүүнү үйрөнүңүз.
Сиз туура болсоңуз да, жеңилип берүүгө аракет кылыңыз.
Өтө бай жана күчтүү болсоңуз да, жөнөкөй болуңуз.
Бай болбосоңуз да ыраазы болгонду үйрөнүңүз.
Алсыз болсоңуз, акылыңызды жана денеңизди машыктырыңыз. Сүйүктүү адамдарга убакыт табыңыз.
Эртең менен Күн мени тосуп алат деп эмес, Сиз Күндү күлүп тосуп алыңыз!
Комментарии 1