“Өлөм” деп ойлодум. Өлгөндө, жөндөн жөн эле өлбөйсүңгө, "просто' катынымдын “элдин сендей эркектери” деген сөзү өтүп кетти да. Өзүм батир жалдап турамын, айлыгым жер алып, үй салууга жетпейт,карыз деген этектен... Каным башыма чаап турганда элдин эркеги деген да балээ болду. “Баланчанын күйөөсүн карачы.....” деген сөздөн жүйкөм жукарып бүттү. Кыз күнүндө “сиз” деп сызылып турган сыпайы катынымдын азыр бири да жок, бир нерсе айтсаң, бетиңен алып, төшүңө чаап турат. Тапканың жетпесе катынга да абройсуз экенсиңго. Баарынан кутулуунун эң жакшы жолу өлө салуу эле. Бул катыным менен акыркы уруштан кийин башыма келген соңку ой, акыркы чечимим болду.
Ошол оюм менен сарайга кирип, асыла турган жип издеп жүргөм, жаңы тапканымда, кожоюнум жетип келди.
- Өй, тынччылыкпы? Эмне кылып жүрөсүң менин сарайымда?
Бул куруп кеткир сарай да меники эмес экени ошондо гана эсиме түштү.
- Өлөйүн деп жүрөм . Чарчадым баарынан...
- Башка өлө турган жер таппадыңбы?
- Кой, айланайын, өлөсүңбү, башка жерге бар. Эртең сен турсаң, асылып, мен жүрсөм милицияга жооп берип... Башыма балээ тилеп алаар жайым жок, айланайын, чык мындай.
О, шум, дүнүйө, десеңчи, мен өлөйүн деп турсам, кожоюн өз башынын тынчтыгын тилеп турат. “Кой, айланайын, ачууңду бас, азыр ким жыргап жүрөт дейсиң” деген сыяктуу жылуу сөз күткөм негизи.
Аптытканым басылып калды, ошонда да бой бергим келбей, “ Өз эрким менен өлдүм деп кагаз жазып кетем” деп далбастап кеттим. Кожоюн көнбөдү. Көнмөк түгүл “келин, а, келин” деп, үй жакка карап кыйкырып, катынымды чакырып алды.Анын да ачуусу оңой менен басыла койбойт, чачы парпырап, этеги далаңдап тез жетти.
- Ооой келин, мунуң өлөм дейт...
“Күйөөң” деген жок, “мунуң”...
- Ким?...
-Мыногу да...
Аялым “мунуң” ким экенин эми түшүнгөндөй, жүзүмө бажырайып карады.
- Өлөм дейби?
-Ошентет. Сарайды бүт оодарып чачып, жип издеп жүрөт...
-О,о, шордуу, - деди катыным. - О, шордуу, өлгүчүн карапкөр мунун...
- Мен да ошону айтам да,- деп кожоюн кыпчылды.
- Сен шумурай, эмнеңе жетишип өлмөксүң? Сенин эч нерсең кетпейт, өлөсүң да кетесиң. Эки ортодо мен шорлоймда. Өлгөндө тогуз адам сынап келет, бирөө ыйлап келет. Сенин үчүлүгүң, жетилигиң, кыркың, бейшембилигиңди өткөзүү менин шорум болоорун билесиңби?
- Азыр жүз күндүк деген чыккан, - деп кожоюну кургур дагы кыпчылды.
- Ошону айт. Өлүм бардын малын чачат, жоктун артын ачат деген...
- Жума сайын нан бышырып, арбакка куран багыштап турбасаң уятда, - деп үйдүн кожоюну үнүн катуу чыгара кыстыра кетти.
Аялым менен биринчи ирет урушуум эмес, бирок, макалдатып урушканын биринчи ирет көргөнум. Үйдүн ээси коштоп, ал баштап, бираз жерге барды. Сөзүнөн түшүнгөнүм, өлсөм, көмүлбөй калат экенмин. Кыскасы, менин өлүмүм ал үчүн кып-кызыл чыгым ошол чыгымымды өтөп алсам болду, жолуман калтырып, этегимен тартайын деп турган эч ким жок.
-Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деген. Өлөсүңбү, чыгымыңды жаап кет. Сенин убараңды тартаар алым жок, -деп катыным ток этерин айтты.
Бир караганда аныкы ырас экен, ал байкуш жаназама дасторкон жасап, күмбөзүмдү куруп... Кой, куруп кетсин, “чыгымымды жаап кетейин” деп ойлодум.
***
Ары-бери ойлонуп, өзүмдү көмө турган “спонсор” табуум керек деп чечтим.Чечкенде, бул маселеде көмөк бере турган бир гана адам, бала күндөн бирге өскөн досум, Асан эле. Ал азыр жеке ишкер, шаардык кеңештин депутаты, жагдайы жакшы, калтасы калың. Катыным айта турган, “элдин эркеги”. Уруп согуп ошого бардым. Бараарын бардымго, алдына зорго кирдим. Жакшы каршы алды. Катчы кызга чай алдырды. Чай үстүндө жагдайымды, эмнеге келгеними сурады. “Болоору, болду” жашыргандай эмне бар, өлөөрүмдү айттым.
Асан досум узак ойлонду. Көзүн бир чекитке кадап алып, облустук маселени чече тургандай ыңгыранды. Менде үн жок, кружкадагы чайды ууртап отурамын. Бир убакытта Асан тилге келди.
- Сени айылга алып барып коёбузбу, же ушул шаарда коёбузбу?
Досумдун бул сөзү “сага төшөктү төркү бөлмөгө салайыкпы, же, эшикке жатасыңбы” дегендей жайбаракат чыкты.
- Айылда ата-энем жатат... Туулган жеримго...
- Дуруско, бирок менде убакыт тартыш, өзүң билесиң...
- Мейли анда, шаарда кала берейин...
- Шаарда калганда... Дайындап койгон жериң бар беле?
Алгач тамашалап отурат экен деп ойлодум. Ой кокуй-ой, шаарда жерим болсо, күмбөзүмдү салганча үй салбаймбы? Асанга ушундай дедим.
- Ошондо сен мага, “мүрзөдөн жер алып бер” деп турасыңбы?
- Эми... Ыңгайына карап көрсөң...
- Ой, айланайын, сен ал жактан жер алуу канча экенин билесиңби? Сенин өлүүң эч нерсе эмес, мүрзөдөн жер алуу керек, андан кийин катарыңан кем болбооң үчүн бейит тургузуу керек....
Кыскасы, Асан досум спонсорлуктан баш тартты. Тартканда түбөлүк эмес, “сен биринчи жериңди дайындап ал. Башкасын мен көтөрөйүн” деп жоомарттыктын үлгүсүн көрсөттү. Ал да болсо көңүлгө демөөр, асылып өлө турган арканымды жоготуп ала электе, жата турган орунумду ыңгайлап алайын деп, шаар четиндеги мүрзөгө тарттым.
***
Барсам... О, тобоо ай, тобоо... Чынымды айтсам, маркумдардын жаткан жайы алда кайда илгери экен. Ушу биз калаадагы кээ бир байлардын үйүнө кызыгабызго. “Керемет” экен деп. Мындагы кээ бир маркумдардын башына коюлган күмбөздөрү кереметтин өзүн таң калтырат. Бирөөлөрүнүн бейитине коюлган таштын куну мен сыяктуу он чакты байкуштун бир жылдык табышы чыгаар. Жакшылап өлүүнүн өзү да бир бакыт экенго. “Кой”, деп ойлодум мен. “Өлгөн соң, журтка күлкү болбой, жакшылап өлөйүн. “Баланчанын башында белги таш да жок” деп оозу жеңил бирөөлөр эртең бейитиме күлөөр...” ошол ой менен шүмүрөйүп үйгө кайттым.
- Банктан кабарлашты. Насыяны төлөгүлө дейт,- деп аялым босогодон аттабай жатып дагы бир милдеттеме жүктөдү. Демек, мүрзөгө эмес, насыяга акча жыйноо милдети турат, алдымда.
***
Тирүү адамга тиричилик бүтпөйтко, ошол окуядан кийин алты жыл өттү. Күнү кечээ насыяны төлөп бүттүм. Эми келечекке акча жыйноом керек, бала чоңоюп калды. “Менин батирден батирге сандалганым жетер. Куураса да балам, өз чатырында отурсун” деп эми балам үчүн акча жыйнап жүрөмүн. Ошого кичиреек башпаана тургузуп берсем, анан, өзүмө...
Ага чейин өзүм да бир жактуу болоормун. Заңгыраган болбосо да, бир талаанын бир бурчунан токумдай жер тиер. “Атам салган башпаана эле” деп, мени төркү бөлмөгө сактап койбосу анык, Ленин эмесминго. Азырынча эми, өлөйүн десем, акчам жок.………… интернеттен алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10