Карыз сурап барганыңда карыз берген адамбы?Жок...
Абалыңдан кабардар болуп, өзү жардам сунуш кылган адам - жакшы адам.
Ажыга бардым деп,ажылыгын колко кылган адам эмес,айланасындагы бей-бечараларга аз гана болсо да жакшылык кылган адам - жакшы адам.
Курмандык союп,бай жашаган досторуна бөлүшкөн адам эмес,1 кг.болсо да колунан келишинче мискиндерге таркаткан адам - жакшы адам.
Үй-бүлөсүнө катар-катар сарай салып берген адам эмес, жертөлөдө жашаса да,аялынын көзүнөн жашын агызбаган адам - жакшы адам.
Перзенттерин кооз кийиндирип койгон адам эмес,аларга кооз тарбия берген адам - жакшы адам.
Токчулукта жакшы жашаган адам эмес,жокчулукта сабыр кылып жашаган адам - жакшы адам.
Оомат келгенде сени менен болгон адам эмес,ооматың кеткенде жаныңда турган адам - жакшы адам.
* * *
Кээ бир инсандар бар - жаныбызда болсо бар экендиги да,оорчулугу да билинбейт. Бирок,бизден кетсе ушундай бир боштукту калтырат дейсиң,аны эч ким толтура албайт.
Динде:"Жолдогу зыян берүүчү нерселерди алып таштоо - садака" - деп айтылат.
Анда жүрөктөрдөгү зыяндуу нерселерди алып салуунун сообу кандай болор экен..?
Жаштык убактылуу... Сулуулугуң менен келбетиң да убактылуу.
Бир гана жасаган изги иштерибиз биз менен калат...#дилазык
Каттабек ШАМШИЕВ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4