Үстүндө үйү болбогондон кийин,оокаттарын бөлүштүрүү оңой болуп тез эле, экиге бөлүп эки тарапка жолго түшүп кетишет.Жашап жаткан квартирада, үч баласы менен аялы калат экен.Күйөөсү кийим-кечесин, азыраак буюм-тайымдарын алып бөлөк квартирага алып кетип, жалгыз жашоосун уланта баштайт.Кеткен күндүн эртеси келип, бир нерсем калып кетиптир-деп, кичинекей шкафын алып кетет экен...
Аялы дагы эч нерсең калбадыбы,унутпай алып кет-деп бөйрөгүн таянып сүйлөнүп кала берет. Арадан үч күн өтпөй дагы бир нерсе калып кетиптир -деп, өзү сатып алган буюмдардын жарымын жүктөп кетет.Аялы ачуусу келгенин жашырып. Бирок, дагы эмнең калды алып кеткин-деп кала берет.
Арадан бир ай өткөндө.. күйөөсү дагы келип балдарым калып кетиптир,аларды алып кеткени келдим-дейт. Аялы ажырашып кетээрде, унутуп калган эмнелериң болсо, келип алып кетсең болот- деген сөзү үчүн унчуга албай кала берет.Ансыз да атасын сагынып калган балдары жөнөп кетишет.. Ошентип арадан эки ай өтүп кетет экен. Күйөөсү дагы келип, дагы калып кеткен нерсемди алып кетейин-деп келдим-дейт. Ушул жолкудан кийин,калып кеткен нерсеңди алып кетүүгө келбе жетишет! Бул акыркы келишин болсун -дейт ачуусу келип.
Ооба мындан кийин бул жакка калып кеткен нерсем үчүн келбеймин. Бул акыркы келишим -деп жооп берет күйөөсү. Эми алгын, да тезирээк чыгып кеткин - дейт аялы.
-Дагы эмнең калып кетти?
-Аялым....
- Анда аны да алып, бул үйдөн чыгып кеткин -дейт тура.
Ошентип өзүнө керектүүнүн баарын , алып кеткен өжөр күйөөсү, кайрадан чогуу, жашоону улантуу менен бирге, бактылуу жашоого ,түшүнүү менен бет алышыптыр. Эки жарты - бир бүтүн деген кеп бар эмеспи.... Чымчыктын да уясы бузулбасын- дегендей... Ар бир үй-бүлөгө, тынчтык жана бактылуулук каалаймын .
Бар болгула Замандаштар 🤲
ЭЧ БИР ҮЙ -БҮЛӨӨ ЧЫРАГЫ ӨЧПӨСҮН 💞
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 59
Астагфир Аллах акыр замандын белгиси