4- БӨЛҮМ
Ширин канча күн ордунан турбай жата берди. Энеси да ооруканадан чыгып
Шириндин жанына келип жашап калды. Гүлдөй жайнап, бажырайып күлүп
турган кыздын жүзүнө караңгы түн түштү да калды. Ошол күндөн
мурункудай чын жүрөктөн күлгөндү, жылмайганды койду. Ал эми көз
алдындагы баягы каргашалуу түн дайым тартыла берет. Атүгүл түшүндө да
азап берген ошол жагымсыз элестер. Канча ирет түн ортосунда кыйкырып
ойгонуп жатты.
-Тийбеңиз! Жогооол!
Ширин бакырып барып ойгонду. Көкүрөгү демигип, көөдөнүндөгү жүрөгү соккону катуулап, өзү кара терге түшүп ойгонду.
-Кагылайыным десе! - деген энеси бөйпөңдөп өзүн айланып үйдү ысырыктап
жүрөт.
-Энее...
-Жаман түш көрдүң балам! - энеси кыздын жанына олтуруп бооруна басты.
-Шириним бир нерседен катуу коркуп калгансың бейм...
-Жок эне жакшы баары. Апамды ойлоп эзилип жүрөм. - Ширин бир уурулугу
кармалып калган адамдай көздөрүн ала качып ордунан козголду.
- Апаң эми өз тагдырын ушинтип чечти балам.
-Ии, мен чай коюп келейин. - деген кыз энесинин жанынан чыкканча шашты.
Сыртка чыкса короодо кичүү иниси Замир олтурган экен. Жанына жакын
келип катарлаш олтурду.
-Эже?
-Ооу?
-Эми атам келбейби?
Шириндин жүрөгү зырп этип кетти. Мына жашоосун талкалаган адамды
канчалык унутайын десе да ага болбогон бир себеп. Мына жандан артык
көргөн инилери, ошол зөөкүрдүн балдары.
-Замир сен чоң жигитсиң да. Эстүүсүң...
-Ыкы, эстүү болбойм! Атам келсинчи? - деген балакай көздөрүн жалдыратып
эжесин карады. Ширин бул көздөрдү көргүсү келбейт. Башын чулгуп, бул
азаптан кутулмакка баа деп бакырып качып кеткиси келди. Бирок...
-Замир, сен түнү уктайсың го?
-Ии
-Ошондо түшүңдө сага атаң келет.
-Чынбы? - деди күнөөсүз көздөрүн балбылдаткан наристе.
-Ооба да!
-Урааа! - деген иниси чуркап кетти.
Ширин оор үшкүрүп алды. Мындан ары мынтип жата берсе болбосун
түшүндү. Эми бул үйдүн бүтүндөй түйшүгү менен тиричилиги Шириндин
мойнуна түштү. Окууга болсо ошол бойдон барбай калды. Кирген окуусунун
акчасын төлөй алмак эмес. Макул деп кол шилтеп койду. Эми белин бекем
бууп, базардагы апасынын ишин улантуу керек. Анан да батирин сатыкка
коюп, акчасына апасын чыгарып алуу керек. "Буйруса баары жакшы болот!" -
деп алдыга кадам койду. Алдыда өзүн дагы кандай сыноолор күтүп турганын
билбейт. Ширин базарга чыга баштады. Ары жагынан бардык нерсеге эптүү,
зирек кыз бат эле өздөштүрүп кетти. Эркектердин кийимин саткандыгы үчүн,
кардарларынын да дээрлик көпчүлүгү эркектер. Келген адамга жакшы
сүйлөп, жылмайган кыз баарына жакты. Кыздын сулуулугуна кызыгып эле
соода кылышып алып кеткендеи көп. Мунун баары жанында маңдайлаш
олтурган Гүлүм деген аялга жакпады. Анткени анын дайымкы кардары,
товарды дүңүнөн алып кеткен адам Ширинге ыктай баштаган. Бир эки жолу
Ширинден жакшы соода кылып кетти. Гүлүм өзү башынан Жийдени
жактырчу эмес, эми болсо кызы.
" Карап тур, сени шашпагын! Кече эле келип алып менин кардарларымды тартып алганды көрсөтөм! " - деди ичинен кекенип.
Ширин абака апасын көргөнү келди. Чакан жолугушуулар өтчү жайда көтөрө
келгендерин коюп апасын күтүп олтурду. Темир эшик ачылып, өңдөн азган
апасы кирип келди.
-Апааааа!
Ширин апасынын кучагына кулады.
-Шириним! - деген Жийде алсыз колдору менен кызынын чачтарын сылады.
-Кандайсың апа? Ооруп жатасыңбы? Эмне мынча өңдөн аздың? Кыйналып
жатасыңбы?
-Мени кой балам, менде жакшы баары, - Жийде көздөрү жашка толуп
кызынан саамайынан сылады.
-Силер кандай олтурасыңар? Окууң кантти? Базар эмне болду?
-Апа баары жакшы, окууну бир жылга токтоттум. Базарга чыгып алгам.
-Эмнеге таштадың окууну?
-Апа буйруса батир сатылганы калды, акча төгүп мыкты адвокат жалдап сени
чыгарып аламын. Анан баары ордуна келет. Сен иштейсиң, мен окуймун!
-Тилегиңден балам!
-Балдар кандай? Ыйлашкан жокпу? - деди кабатыр үн менен.
-Апа сарсанаа болбо. Алар тигинин балдары болсо да, менин инилерим
аларды жакшы көрөм. Мен да башында анын катачылыгы үчүн балдарды жек
көрүп калбасам деп корктум. Бирок алар менин инилерим! Жанымдан артык
көрөм аларды. Кам санаба...
-Акылдуу кызым менин!
-Апа эмне мынча өңүң бозоруп кетти?
-Ширин.. мен кош бойлуу экем.
-Эмнеее?
-Жакында билдим, эки айдан өтүп калыптыр.
-Анда сени коё беришет экен да э?
-Жок! - деди алсыз башын чайкаган Жийде.
-Ушул жактан көз жарат экем, бала түрмөдө төрөлүп, түрмөдө жашайт экен.
Ширин колдору менен оозун жаап олтуруп калды.
Шириндин жашоосу үч бөлүккө бөлүнгөндөй. Башында, кийин,анан.. .
Биринчи бөлүгү бактылуу балалыгы, таттуу күндөрү, эркелик... кудум
өмүрүнүн акырына чейин арналып жазылган бактылуу күндөрүнүн баары
ошол биринчи бөлүгүндө калып кеткендей. Кийин башына түшкөн не деген
азаптарды көтөрүп жатканда ойлогон "балалыгымда өтө эле бактылуу жашап
койгон окшойм" - деп. Анткени кийин, анан андай бакыттын даамын сезе
алган жок. Бакыт деген сөздүн өзүн, жок деги эле бул жашоодогу жакшы
сөздөрдүн баарын унутуп жашады. Шириндин кийинки экинчи, үчүнчү
бөлүктөгү өмүрүн жалаң гана кара өзгөйлүк, алдамчылык, чыккынчылык,
таштап кетүү, ый, өч алуу, мерездик деген муздак сөздөр ээлеп, жагымсыз
сезимдер курчап алды. Бара - бара ошол жаман сөздөргө кулагы эле эмес өзү
да көндү. Бул өмүрдө мээрим, жакшы көрүү, бирин - бири аяп сүйүү деген
бар экенин унутту. Асмандан жааган кардын сулуугун көрбөй муздактыгын гана сезип, жааган жамгырдын жер бетин көгөртүп жашылдантканын билбей,
жолдорду баткак чылаа кылганын гана көрө алды. Өзү да ошондой баткак
болуп саздай соруп бараткан чылаа коомго кантип аралашып кирип
акырындап батып олтуруп бүтүндөй чырмалып калганын билбеди...
Баягы каргаша баскан кара түндөн кийин жашоосунун экинчи бөлүгү
башталды. Ширин али жашоонун мындай чоң агымына даяр эмес болчу.
Анын баладай баё жүрөгү чоң адамдардын мындай ыпластыктарын түшүнө
ала турган деңгээлге жете элек болчу. Бирок бул турмуш деген таш боор
мугалим, сенин даяр же даяр эмес экениңе карап олтурбайт экен го. Сокку
берип жыгылсаң шылдыңдап гана карап, теңселе ордуңдан турганда дагы
сокку берип жыгытып турат экен. Качан сен анын соккуларына туруштук
берип ордуңдан козголбой кайра ага каршы туруп калганыңда тийбей калат.
Бирок ага чейин өмүрүң түгөнөт...
Апасынан кайтып базардагы орунун көңүлсүз ачып жаткан Ширинди коңшу
сатуучу аял кепке тартты.
-Ширин, ай Ширин?
-Ой эже, кандайсыз? Кечиресиз ой менен болуп, сиздерди байкабай..
-Ооба ай, жанатан бери сайрап какшайм укпайсың.
-Кечиресиз..
-Макул эми. Жийдеге бардыңбы? Кандай жакшы жүрөт бекен?
-Ии, апам жакшы.
-Курган өмүрү ушундай экен да эми арга жок. Жыйырма жыл деген оңой
эмес да...
-Буйруса кайра арыз жазып,берилген мөөнөттү кыскартууга болоорун
айтышты. Аракет кылабыз, - Ширин элпек кыймылдап товарларын жайгарып
жатып сүйлөдү.
-Ооба ошенткиле.
Негедир Гүлүмгө Шириндин бул сөзү жакпагандай ооз учунда сүйлөдү.
-А баса биз эртең товарга барган атабыз, чыгасыңбы биз менен?
-Билбесем мен кайдан, кантип алууну деле билбейм да, - Ширин көңүлсүз
ийнин куушурду.
-Ой эмне анча сарсанаа болосуң? Мына мен турбаймынбы? Ушунча жылдан
бери Жийде менен товарга барып келип жүрүп, эже сиңдидей эле болуп
калбадыкпы? Мен жардам берем.
-Чын элеби? - деген кыздын жоодураган көздөрү ансайын жайнап кетти.
-Анан эмне?
-Рахмат эже, биринчисинде эле жардам берсеңиз мен өзүм үйрөнүп аламын.
-Кам санаба.
-Жакшы болбодубу! Товар азайды деп кыжаалат болуп жаткам...
Көңүлү көтөрүлө кудуңдап алган кыз өз ишини киришип кетти. Анын ар бир
кыймылынан көз албай карап олтурган тушундагы Гүлүмдүн ичинде кандай
кара ой жатканын кыз кайдан билсин...
Сатыкка коюлган үйү бир жуманын ичинде сатылып кетти. Болгондо да нак
акчага сатты. Буйруса товар алып келип алса анан апасына адвокат жалдап
чыгарып алат. Кала берсе апасы кош бойлуу. Бул анын сотто акталышына
бир аз болсо да жардамы болоор деп үмүт кылды Ширин...
Ширин такыр эле сабака келбей акыры анын окуудан четтетилери тууралуу
токтом чыкканда Илим кызды издеп үйүнө келди.
Эшиктин коңгуроосун баскан Илимге кичинекей кыз эшик ачты.
-Сиз кимсиз? - чачын экиге сербеңдетип байлап алган кыз Илимди
тааныбагандай тиктеди.
-Ширин.. сенин эжеңби? Үйдөбү?
-Жоок, - деген кыз башын чайкады.
-Кайда?
-Сиздин атыңыз ким? - кыз кайра Илимге суроо узатты.
-Илим! Эжең кайда?
-Аида? Кызым ким экен? - деп ашкана тараптан чыккан аял эшик алдына
келди.
-Саламатсызбы эже?
-Саламатчылык? Келиңиз?
-Ширинди мүмкүн бекен?
-Аа, биз бул үйдү жакында эле сатып алдык, - деди тиги аял кызын артына
алып жатып.
-Сатып алганбыз? Ширин кайда? - Илим бул сөздү ичинен ойлоп, бирок
сыртына чыгарып жиберди.
-Сиз менимче бул үйдүн мурунку ээсин айтып жатат окшойсуз?
-Ооба, Ширин деген.
-Жаш кыз сатты. Атын Ширин деген.
-Сиз анын кайда жашаарын билбейсизби?
-Жоок, анысын билбейт экем. Бирок борбордук базарга чыгып иштейм
дегендей кылды эле.
-Аа рахмат эже, рахмат!
Эми кайдан таптым деп кайгырып жүзү томсоро түшкөн жигиттин кубанып
чуркап кеткенин көргөн аял баш чайкап күлүп койду.
Борбордук базар. Ала күү түшүп дарыядай агылган эл. Ичине канчалаган
тагдырларды камтыган бул базардан ичинен жалгыз Ширинди эми кантип
табат? Кайсы бурчунан баштаар экен? Жол боюна мөмө чөмөсүн коюп алып
сатканы, тилемчилик кылганы, араба түрткөнү, чөнтөкчүсү андан көп ызы -
чуулу базар...
Ошол күнү айлананы караңгы каптап базарга жабылганга чейин издеп таппай
кетти кызды. "Самандын ичинен ийне издеп жаткандаймын. Мынабу аянты
канча гектарды ээлген базардан аны кайдан тапмак элем? Же бир аныгын
билбесем? Балким бул базарда иштебейттир. .. Бирок башка кайжактан
издейм аны? Андан көрө бир аз болсо да үмүт бар, эртең да келем!" - деп
ойлонуп баратты Илим.
Эртеси кайра ошол эле көрүнүш. Жык жыйма болуп шагыраган элдин
агымына кошулуп, базарды аралап жүрдү. Бүгүн да тапкан жок. Күүгүм
түшүп, баары орундарын жаап атканда көзүнө тааныш караанды көрдү. Ооба дал өзү да. Колундагы көтөрүп бараткан оор баштыктарына карабай түптүз
басып бараткан кыздын келбетинен тааныды.
-Ширииин?!
Илим кубанып кеткенден кантип кыйкырып жибергенин да билбейт. Кызга
чуркады. Артынан чыккан үндөн бурулган кыз өзүнөн төрт беш кадам арыда
турган Илимди көрдү.
-Сен кайдан?
-Таптым!
Илим келип эле кызды катуу кучагына басып алды.
Бир аз убакыттан соң экөө тынч жерге кирип маңдайлаш олтурушту. Илим
сагынган экен кызды. Жөн эле ушул турган сулуу бирок муңайым жүзүн
сагыныптыр.
-Эмнеге баарын таштап салдың? - деди кыздан көзүн албай акырын сүйлөп.
"Охххх! " - онтоп алды кыздын жүрөгү. Үнү кандай жагымдуу! Көздөрүчү...
мээрим менен эзилип тиктегеничи. .. камкордугучу? !... Бирок мунун баарына
өзү татыктуу эмес да өзү... Неге мынтип кайрадан келди десең? Башкасы
башка бирок ушул Илимге кезикпеш керек эле... Ага болгон өзүнүн
оргуштаган сезимдери көздөрүнөн окулчудай жигитти батынып кароодон
качат. Жанында көп эмес бир аз эле турса анын кучагына бой таштоого даяр
болуп өзүн араң карманат. Баарына кол шилтеп, баарын айтып туруп Илимди
жетелеп алыстарга, керек болсо дүйнөнүн башка бурчуна кеткиси келет,
бирок...
-Эмненин баарын таштадым? - кыз кайдыгер унчукту.
-Баарын. Окууңду, мени, биздин сезиилерди?
-Окугум келген жок! Жөн эле убакытты, анан акчаны кетиргендин эмне
кереги бар?
-Алдап жатасың!
-Мен окууну каалабайм, чоң энем мени мажбурлап окуткан. Бирок кийин
баары бир окуй албайт экениме көзү жеттиби унчукпады. Таштап салдым...
-Ширин.. - Илим алдындагы кашыкты кармалап олтурган кыздын колдорун
кармады. Билинер билинбес болуп титиреп жаткан экен.
-Айтчы эмне болду? Эмнени жашырып жатасың?
"Баа деп бакырып ийсем кана?! .. " Ширин ичинен ушинтип ойлоду.
"Мынчалык жумшак сүйлөбөчү суранам! Мен азыр күчтүү болушум керек!" -
деп жатты ичинен тиштенип.
-Эч нерсе болгон жок! Баары жакшы! Эң сонун. Окуу мен үчүн эмес! Анан
экөөбүздүн сезимдерди таштадың дейсиңби? А бизде сезим бар беле?
Ширин ушул убактагы өзүнүн кайратына кийин да таң калып жүрдү. Кантип
мынчалык таш боор боло алды десең? Кантип жанып турган анын көздөрүнө
карап туруп мазактуу жылмайды? Ошондогу Илимдин бозоргон жүзү...
-Мен... бизде. Мен сени жакшы көрөм Ширин!
-Мен да, бирок дос катары. Илим мен үйгө барышым керек. Кечир, сага үмүт
бергеним үчүн. Мен менен сенин жолуң такыр башка!
Ширин баштыктарын көтөрүп чыгып кетти. Илим болсо ошол ордунда кала берди. Бул өзү билген Ширинби? Жок, кудум алмаштырып салгандай. Же
болбосо Шириндин ичине башка бирөөнү киргизип койгондой. Же башынан
эле ушундай муздак жан беле? Бирок анын көздөрү муңдуу болчу. Ошол
көздөрүндө бир айтылгыс да, жашырылгыс да сыр жаткандай...
Ширин ыйлап баратты. Өмүрүндө пайда болгон эркектерден жалгыз Илимге
гана сезим ойгонгон. Анын экинчи, үчүнчү бөлүктөгү кыямат жашоосундагы
жалгыз жарык Илим болгон. Азыр да, кийин да... Өзүнүн азыр эле Илимдин
алдында аткарган ролун карап, мыкты актриса экенине таң калды.
Ушул экөөнүн акыркы жолугушуусу болуусун каалады Ширин. Башка Илим
деген адам жашоосунда да, жолунда да пайда пайда болуусун каалаган жок.
Бирок бул деген табышмакка бай сыноолу жалган дүйнө деп аталат.
Тагдырдын буйругу менен инсандын каалоосу эч бири - бирине дал келбейт...
****
Уландысы бар
Класс басып колдоп кетиниздер
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3