ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Бул үй-бүлөгө келин болуп келип көп өтбөй эле кайынжуртунун тилин билди Аруузат, каада салтты каттуу кармаган айрым салттарынын таккыр түшүнүксүз жерлери да бар. Кайненеси Ажар орду менен сүйлөгөн бирок оной менен башка уйбулолорду жактыра бербеген аял экен. Бекзаттын ата энеси жаш кезинде ажырашып кетишкен атасы башка үй-бүлө куруп кеткен. Бул үйдө апасынын сөзү "закон" баарына. Аруузат келгенден 2 ай өтбөй боюнда болду.
Апамдын боюнда болуп азап тартып жарык дүйнөгө алып келген ошол ичиндеги кыз мен экенмин окурманым...
Аруузат күн сайын курсагы чоңойуп бала көтөрүүнүн кыйынчылыгын тартып жатты. Кайненеси Ажар тазалыкты каттуу кармаган аял. Беш мүнөт тыным жок Аруузатта. Анан да бул үйдө кандай түшүнбөгөн нерсе болсо күйөөсүнө айтыш керек экен Аруузат, кайненесине айтса уят нерсе экен мисалы үй тиричилиги болобу кандай маселе болсо да. Аруузаттын күйөөсү 7 жаш улуу. Үйдүн улуусу, кичүү карындашы менен тең Аруузаттын жашы. Калгандары баары жашы улуу Аруузаттан. Бирок жолу улуу болгондуктан сиз деп сыйлашат баары. Айрыкча кичүү кайниси Бакыт аябай жакын болду Аруузатка. Экөө сырдашып сүйлөшөт өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызын айтып бүтө албайт, ал да намаз окуп динден кабары болгондуктан Аруузат экообунун ойу бир жерден чыгат. Бекзаттын болсо баякы сылыктыгы азайган эмнени айтса да Аруузат, апам билет, апам чечет дегени бар. Айрым өзбектердин да салттары кирип кеткендей эркектердин ой пикири туура эмес болсо да закон дегендей. Анан да Токтогулда элдер " 4-5 вариант " менен сүйлөшөт сөздү кыйытып ары айлантып бери айлантып. Ушул жагынан аябай кыйналды Аруузат айрым сөздөргө түптүз түшүнүп алат мындай кыйытып какшыктап сүйлөгөндү көргөн эмес эч качан. Апасы да көп салттарды кармана бербейт үйүндө түз сүйлөшөт ар бир нерсени. Бир күнү Аруузатка сырын айтып сүйлөшүп калды апасы. Бекзатты атасы өтө майда киши болгонун айтты бирок " аны мен көчөдөгү ( Бекзаттын атасын айтат ) ит катары да көрбөйм" деген апасынын сөзү аябай таң калтырды Аруузатты, жаман ойу жок балким ушундай жаман адам болгондур деп ойлоп койду ичинен. Бул үй-бүлөдө Токтогулдук болгондуктанбы айтор баардык музыкалык аспаптарды билишет баары. Үйүндө кыл кыяктын баштап аккардеон комуз баары бар. Баарынан да Бекзат кубулжуган үнү менен укмуш ырдайт. Айрыкча Жеңижоктун " Көксулуу" деген ырын аябай жактырат Аруузат. Өнөр адамдарын баалап жүргөн Аруузат балким ушул жагынан да бат тартылып кетти бул үй-бүлөгө. Аруузаттын кайненеси Ажар ыр жазып калат бир блакноту бар чиймелеп жаза берет бирок эчкимге корсотбой аны. Ажар келини Аруузатты жакшы көрөт, конокторго барып калса келиним жакшы деп мактап калат аны.
Курсагы чоңойуп калган Аруузат окуусуна барат. Университетте эң алдыңкы окуучулардан айрыкча "спец" сабактарын аябай жакшы көрөт кызыгуу менен окуйт. Өзүнүн жумушун да практикага барып жүрүп ошол радиодо иштеп калган. Үнү аябай башкача эле уккулуктуу, Арноо концерттинин алып баруучусу Гүлшан Молдоевага окшоштурушчу жумушундагылар. Айрым учурларда теледен да үнү кетип турчу Аруузаттын.
"Байгазиев Аруузаттын өзүн көрсөтүп койгулачы" деген каттар көп келчи туз эфирден. Бир жолу ушундай окуя болду жумушунда. " Планерка " чогулуш башталып жумушунда продюсер баары чогулуп отурушкан. Бир убакта улуу курактагы ага менен эже кирип келишти офисине. Кирип эле:
" - Бизге Байгазиева керек көрсөтүп койгулачы ошол кызды үнү соонун көрөлү деп келгенбиз" деп айтып калышты. Чогу иштегендердин баары Аруузатты карашып кыраан каткы күлүп жиберишти. Продюсер Гулнур Касымовна:
- Жок Аруузатты көрсөтө албайбыз деп күлүп сылык мамиле менен чыгарып койушту эжелерди.
"- Ай Аруузат сени издебеген киши калган жок го. Үнүңө береке алтышка. Сага гонарар көбүрөөк берилет жумушуңду жакшы иштейсиң так аткарасың "деп мактап колуна көбүрөөк акча берди бүгүн. Аруузатка акча деле маанилүү эмес акча албаган убагында да жан дили менен берилип иштечи. Ушундай мүнөттөрдүн аягы да суйулуп барат бир күнү жумушунда отурса кан кетип абалы оорлошуп баштады Аруузаттын. Бекзатты чакырышып ооруканага алып барышты. УЗИге тартышып кызы жакшы экенин, бирок көп мөөнөткө жатып эс алсын деп айтты Аруузатты. Ошонтип жумушун да токтотту. Эми негизгиси кызынын өмүрү болду Аруузат үчүн. Кызы үчүн баарына даяр эле. Арадан убакыт өтүп ай мөөнөтү жетип. Аруузат төрөй турган убагы келди. Ошол убакта Бекзаттын иниси Байсал шашылыш үйлөнө турган болду. Кайненеси Аруузатты кыйналып калбасын деп үйү да тар болгондуктан төркүнүнө алып барышты аны...
Уландысы бар
Ой пикириңизди калтырыңыз чыгарманы улантабыз...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7