Эркек бардык жагынан күчтүү болууга тийиш. Бирок, өкүнүчтүүсү, азыркы учурда эркектерге дарыгерлер тарабынан импотент деген дарт белгиси көбүрөөк коюла баштады.
Кандайдыр бир нерседен өзүн алсыз сезип, айрыкча жыныстык жактан жапа чегиши ар бир эркекке катуу сокку урушу мүмкүн. Мындай учурда алар тагдырына таарынып, өзүнө жини келип, жубайынын алдында уялгандыктан, депрессияга кабылып, аракечтикке да ооп кетиши мүмкүн. Ал эми врачка кайрылып дарылануу ой-түшүнө да кирбейт. Мунун себеби биринчиден, эл эркектердин ооруканалап жүргөнүн жактыра бербегендиктен болсо, экинчиден, импотенция тууралуу түрдүү аңыз кептерге ишенип алышкандар көп.
Азыркы учурда баардык ооруулардын түрлөрүн айыктырса болот. Буга адамдагы эрк жана өз келечегине кайдыгер карабаган мүнөз керек. Андыктан төмөндө биз айткан кеңештер кимдир бирөөнүн «эртең барам, кийин көрүнөм» деп жүргөндөр үчүн же дал ушул дарттан даба таппай жүргөндөр үчүн жакшы кеңеш болсун.
Сергек жашоо образы- импотенттиктен арылуунун зор мүмкүнчүлүгү.
Чындыгында эле бул кесел бизди курчап турган түрдүү факторлордон улам пайда болот. Атап айтсак, экологиянын бузулушу, туура эмес тамактануу, бир орундан жылбай отуруп иштөө, тамеки чегүү, ичимдиктер, гипертония, кант диабети, инфекциялык оорулардын күчөшү сыяктуу себептерди айта берсек толтура. Ал гана эмес, элдин социалдык абалы менен айлык-акынын төмөндүгү да өз таасирин тийгизбей койбойт.
Импотенция — уят эмес
Бул дарт эркектерге гана эмес, аялдарга да тиешелүү. Клиникага жубайлардын экөө тең келиши эњ жакшы нерсе. Себеби, үйбүлөлүк маселелерди экөөлөп чечүүгө аракет кылса, жакшы натыйжаларды берет. Эгер уялыша турган болсо, эрежеге ылайык, жыныс мүчөсүнүн шал оорусун дарылоодо купуя сыр бекем сакталат
.Импотенттик — жашы өткөн эркектер үчүн кыйынбы?
Ооба, аталган оору орто жаштагылар менен карыгандарда кездешет. Бирок, биздин оорулуулардын арасында 18деги жаштар да бар. Ал эми айыгуу мүмкүнчүлүгү болсо жаш өзгөчөлүгүнө карабайт. Атүгүл, 80-90 жаштагы эркек адамдар да жыныстык катнашта жашай алышат. Кыргыздар Сексенбай, Токсонбай деген ысымдарды, ушул куракта балалуу болгондо коюшкан.
Таңкы эрекция көптөгөн жаш жигиттер жана улуу эркектер үчүн да негизги маселе.
Көбүнчө аларды таңкы эрекциянын жоктугу же начардыгы тынчсыздандырат жана алар мындай көрүнүштү "импотенция" деген сөзгө байланыштырышат. Аталган сөз эркек аттуулардын баарын коркунучка бөлөйт. Мына ушинтип өзүнчө эле айлампа жаралат, эркек канчалык өзүнүн "балээ, бактысыздыгын" көп ойлогон сайын анын таңкы эрекциясы сейректенип, улам начарлай берет. Ишенимдүү түрдө айтууга боло турчу нерсе – бул таңкы дайымкы эрекция гана эркектин организминин саламаттыгынан кабар берет. Башкача түшүндүрсөк, түрдүү жагдайда жыныстык катнашка бат-баттан баруу эмес, таңкы эрекциянын бардыгы жана "сапаты" эркектин бел кубатынын күчтүүлүгүн далилдейт.
Дени сак эркекте түндө уйку маалында да өзүнөн-өзү пайда болуучу эрекциянын узактыгы 1,5 саатты же түн уйкунун 20 пайызын түзөт.
Адис урологдор "эркектердин потенциясынын (бел кубатынын) төмөндөшү жаш куракка байланыштуу" дешет. Мисалы, жашыңыз 40та болсо, анда бел кубат да ошончо пайыз төмөндөгөн. Бел кубаттын төмөндөшү табигый көрүнүш.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев