Дарыгердин айтымында, остеохондроз оорусу адамдын кичине кезинде эле пайда болот. Мисалы денедеги зат алмашуу бузулганда, оор нерсени көтөргөндө, артерия кысылып калып пайда болушу мүмкүн.
.Маалыматка караганда, остеохондроз (байыркы грек тилинен ὀστέον - сөөк жана χόνδρος - кемирчек) - сөөк жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан өнөкөт оору.
Омурткалардын остеохондрозу көп жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сөөктөр өсөт, муун арасында артроз, көп учурда диск чуркусу өөрчүп, жүлүндү, жүлүн нервдеринин дүмүрчөктөрүн кысат.
Андыктан омуртка тутумунун ийилгичтиги жана кыймылы төмөндөйт. Оорунун жүрүшү ар кандай факторлорго (зат алмашуу жана эндокриндик бузулуулар, травма жана башкалар) байланыштуу.
Омурткалар бири бирине салмагын тийгизип баскандыктан, омуртка дискинин бийиктиги төмөндөп, омурткалардын ортосунда фиброздук шакекче чыгып, жүлүндүн элементтерине таасир этиши мүмкүн.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев