Коргоочуга кам көрүңүз!
Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз.
Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат. Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат. Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт. Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат. Буга СПИД (синдром приобретённого иммунодефицита) мисал боло алат.
Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери
Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө, бат чарчоо, шалдыроо, уйкуга тартылуу же уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет. Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот.
2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет. Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет.
3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар, катмарланып, сынып туруучу тырмактар мүнөздүү.
Иммунитетти кантип көтөрүү керек?
Эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, стресстерден арыла билүү, жаман адаттардан кутулуу (ичкилик, тамеки чегүү), жайында жылаңайлак басуу, сууда сүзүү жана башкалар кирет.
Адам иммунитети төмөндөгөндө иммунологго көрүнүп, дарылануусу керектелет. Иммунолог дары-дармек менен түрдүү витаминдерди, көнүгүүлөрдү да жазып берүүсү мүмкүн
Алоэ гель
Иммубленд
Кидз
Натур 18
Арджи+
+79531447285 ватсап Сабира
Нет комментариев