- Алло, жаным, кандай ишиң, маанайың,
- Жакшы, жүрөм шүгүр кылып баарына.
- Сагындырдың бачым келчи, таалайым,
- Макул, бүгүн эрте барам жаныңа.
- Жакшы түштөн кардың ачып калбасын,
- Курсагым ток тынбай иштеп жүрөмүн.
- Ооруп калба сыркоо бетин салбасын,
- Камкор жаным, сени абдан сүйөмүн.
- Жылуу кийин, үшүбөсүн буттарың,
- Баары жакшы түк дагы кам санаба.
- Өмүр бою керексиң да кутманым,
- Сөздөрүңө чабылсам дейм садага.
- Анда мени эркелетчи жаным деп,
- Тунугум дейт ашык жандар бири-бирин.
- Эргип кетем айтсаң эле жарым кеп,
- Айта электе сезериң чын, дилгирим.
- Сени сүйдүм, сага арнадым өмүрдү,
- Бул сөздөргө учуп жүрөм көкөлөп.
- Суранарым сындырба наз көңүлдү,
- Өлгөнүмчө өтөм сени бөпөлөп.
- Мейли анда мен да азыр бош эмес,
- Дайым сени бүт жагыңдан колдоймун.
- Көз алдымда турат дайым кош элес,
- Мен да дайым экөөбүздү ойлоймун.
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11