Бакырадык, бапырадык, чачылдык,
Батырадык, бардаңкесиз атылдык.
Бакырышып, сөөмөй кезеп, жакалап,
Бирибизге экинчибиз катылдык.
Ыры чыкпай, шыбагасыз, олжосуз,
Ырысы жок ыйлап турду ордобуз.
Ысырапкер, текеберге айланып,
Ыркы кетип, ыраактады ортобуз.
Түтүн болуп, отсуз калды милтебиз,
Түк түшүнбөйм эмне эле минтебиз?
Түбү чексиз боло албадык океан,
Түмөн элди сугара албайт бир деңиз.
Ууру-кески, каракчыга тонолдук,
Урап түштүк, дарек таппай жоголдук.
Урмат кетти, кадыр кетти, барк кетти,
Ушундан соң эми кантип оңолдук?
От албадык, быкшып күйдүк, түтөдүк,
Ой калчабай эсирдик да, күчөдүк.
Ойрон кылып, жалгыз тонду өзүбүз,
Оюп, кесип, кайра жамап, бүтөдүк.
Турган учур бар тарапта чуу болуп,
Тууган өңдүү душмандар да дуу болуп.
Туш тарапка айбат кылып ар убак,
Турсак экен куланбаган туу болуп.
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22
Жарайсың!
Ойлоруң да, чыгармаң да мыкты! Келечегиң жарык, жолуң шыдыр болсун!