"Жорго" такси жортуп чуркайт жел таман,
Жолдор тыгын жетчү жерге жетти араң.
Экөөбүздү кезиктирчү мына бул,
Эки кабат аппак сарай - ресторан.
Мрамор таш, тамда толо шам чырак,
Көрк үстүнө көрк кошуптур жаркырап.
Тепкич өйдө бара жатса көтөрүп,
Лотос Темпл көз алдыңа тартылат.
Бушаймандай бармен жигит көбүрөөк,
Шишесинен шампан атып, көбүрөт.
Шыпылдаган кыймылы бар өзгөчө,
Өз ишинин устасындай көрүнөт.
Коньяк, виски түркүн-түстүү виносу,
Челек-челек муздатылган пивосу.
Ушул жерге бул күн үчүн жаралып,
Тартылгандай тагдырымдын киносу.
Кызматчылар колун ийет бүгүлүп,
Учурашат жаш келиндей жүгүнүп.
Баары кылка бирдей, окшош кийинген,
Кызмат кылат бут учунан жүгүрүп.
Кубаныч бар көөдөнүмдө сыйбаган,
Сөөлөт тутуп өз ичимден ыйбагам.
Тааныштарга аралыктан баш ийкеп,
Сыпаа гана ууртуман жылмаям.
Салют атып, фейерверктер от алды,
Ырчы ырдап, чебер кошот вокалды.
Топ-топ болуп кычырашат мырзалар,
Салаасына иле кармап бокалды.
Сен тигине, көз уялткан жарык шам,
Айбыгамын эрте го деп барыштан.
Карааныңды албайын деп жоготуп,
Көз жүгүртөм, байкоо салып алыстан.
Карайм сени, дагы карайм кайрадан,
Сенде күч бар мени өзүңө байлаган.
"Келдиңби сен" дегениңди жылмайып,
Окуп турдум көздөрүңөн жайнаган.
Аз-аз гана күлө башты ийкедим,
Олдоксоно качып турду ийкемим.
Тилден калып, не сүйлөштү биле албай,
Нес болгондой көздөрүңдү тиктедим.
Мына сүйүү! Мына ушул махабат!
Сүйгөн адам аны кантип ката алат?
Көз ирмемде дал ушундай ой келип,
Чарпып өттү ак тилектер жакалап.
Музыкада жандуу аспап кыл кыяк,
Сага түртөт, ал эңсөөмдү ким тыят?
Ак бийге деп чакырсамбы деген ой,
Кылак этип көөдөнүмдөн кылтыят.
Сен тарапка кескин таштап кадамды,
Ойлоп койбой жарданган көз, адамды.
Мырзаларча колду коюп белиңе,
Бийге тартып, салдым сага саламды.
Сен да ага макул болдуң, качпадың,
Бүт боюңду кучагыма таштадың.
Ушул учур турсаң керек көрүнүп,
Көздөрүнө куурчак болуп башканын.
Бирде ылдам, бирде кайра жайланып,
Колдорумда чимириктей айланып.
Бирдей, тегиз, окшош кадам, окшош из,
Бийлеп жаттык бир сызыкка байланып.
Жүрөк чиркин жарылчудай булкунат,
Салгансың бейм биротоло кулпулап.
Жакындасаң уруп турду моюнуңдан,
Демейдеги сирень жытың буркурап.
Мен эңкейип, сен колума чалкалап,
Жаркып турду, бизди коштоп чар тарап.
Аппак узун көйнөгүңдү кызганып,
Коруп турдум кучагымда калкалап.
Узап кетип, кайра мага жанашып,
Бийлеп жаттың менден кадам талашып.
Ак көйнөгүң ченелгендей мүчөңө,
Бап келиптир, сымбатыңа жарашып.
Учур жетип, аяктады салтанат,
Келген конок узап жаттык ар тарап.
Биз да чыгып, жолубузду уладык,
Жанымда сен музоо кирпик, ак канат.
Аллеяда көпкө бастык экөөбүз,
Каткырабыз, кайра сөзгө өтөбүз.
Анда-санда унаа үнү чыкпаса,
Калган эле эбак тынчып көчөбүз.
Бульвар ичи, мажүрүм тал сеңселет,
Ичиркентип тоодон муздак жел келет.
"Ичикий"- деп, улам мага баш катып,
Назданасың кучагымда эркелеп.
Костюмумду чечип жапсам кымтылап,
Тийишесиң сөзүң менен чымчылап.
Ырас эле турбайсыңбы джентельмен,
Ыйманыңда болбосун деп ыңкылап.
Кыналыша кучактаган колдорум,
Жыттап-жыттап жытыңа эч тойбодум.
Шыбырасаң илебиңе мас болуп,
Сүйүү кандай ырахат деп ойлодум.
Бакыт тилеп, бажырая караган,
Баскан ар-бир изибизди санаган.
Эриш-аркак биздин ушул сүйүүгө,
Түнкү Бишкек күбө болду, садагам.
Улам кемип, мүнөтүмдү санатып,
Мерез мезгил жүрөгүмдү канатып.
Ак шоокумга башын ороп чыгыш жак,
Бара жатты акырындан таң атып...
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12