7-аяккы бөлүм.
Жаны кыйналган бөрүнүн териси жашык болуп калбаса болду. Бул айтылган сөздү уккан Сагынаалы:
-Аксакал, сиз барбасаңыз деле биз сиздин өтүнүчтү аткарып, чүкөсү менен баш сөөгүн сизге алып келип берели. Керим кабагы салыңкы:
-Сагынаалы, сен мага туура түшүн. Мени кошо ала баргыла дегеним, мен эми мындан ары карышкыр ата аламбы же жокпу аны ким билет. Минтип жаш карылыкка кадам таштаганы жүрөктүн көксөгөнү тоо койнунан бөрү баласы менен бетме-бет тиктешип, аны атуу. Себеби дегенде, бала кезден мылтык кармап өскөн соң, адам баары бир сагынат экен, өзүнө буйруган таланттын шыбагасын кайра дагы бир жолу өз көзү менен көрүп өткөндү, окуянын үстүндө эстегенди. Бул айтылган сөз менен Керим мергенчи ичиндеги каткан сырын жана бугун чыгарып алды. Сөз-сөзгө уланып акыры бир пикирге келишкен соң, Керим мергенчи дагы бөрүнү кармап келгени бармай болду. Негизи эле мергенчилерден өткөн кысканчаак жан болбосо керек. Алар аялдарын эмес тоодогу кайберен өңдүү мылтыктын огуна бута болучу жан-жаныбарларды бири-биринен кысканышып, керек болсо мушташканга чейин барышат. Бул мергенчилик өнөрдөгү бир көрүнүш.
Эртеси таң жаңы гана сөгүлүп бараткан кезде үч караан айтылган дарекке келишти да, жарадар бөрүнү аңдыганга өтүштү. Чын эле Керим мергенчи айткандай жарадар бөрү өзүнүн жатагында экен. Аны алгач Сагынаалы байкады. Үчөө эч үн чыгарбай жакын келишкенде, бөрү жыт алып калдыбы, аксаңдап, өйдө жакты көздөй качып, үңкүр таштан чыга калганда ушуну эле күтүп тургансып Керим мергенчи көз ирмем убакыт ичинде мылтыганан ок чыгарды. Октун үнү менен бирге эле качкан бөрү жалп кулады. Тынч жаткан тоо койну ойгоно түштү. Аңгыча эле Сагыаалы дагы мылтыгынан ок чыгарып калды. Ал эмне атканын Мирлан билген жок. Көрсө жакын жерден үч тоо эчки качып чыккан экен. Кайран Сагынаалы аларды дагы эбак эле көрүп, карекке сактап койгон экен. Тоо эчкинин бирөө шагыл менен ылдыйды көздөй качса, бирөө теңирден тескери жакты көздөй качты. Тынч жаткан тоо койну будуң-чаң эле болуп жатып калды. Керим мергенчи качкан бөрүнү далыга аткан экен, бир орундан жыла албай эле көзүн жалдырытып жатып калды. Кайрын бөрү бул дүйнөнүн оюнунан четтегинин билип, нуру өчкөн көзү менен жакын келген адам баласын алсыз карады, бирок көзүн тартып албай тик карап айбат көргөзгөн болду. Керим жакын келип:
-Мирлан колуңдан келсе, эми бөрүнү оозун кемечте, айылга тирүү алып кетели деди. Мирлан түшүнө берген жок. Качан гана Сагынаалы түшүндүрүп айтканда Мирлан нары жактан катуу жыгач алып келип, атты ооздуктаганы жаткасып жакын келип, бөрүнү моюндан толгоду. Ал алсыз «ар этип» оозун ачканда жыгачты оозуна сала калды. Аны карап турган эки мергенчи жүрөктүн жаштыгына жана баланын курчтугуна таң калып калышты. Дагы жакшы бөрү тиштеп алганга үргүрбөдү. Мирлан бул жерден өзүнүн артыкчылык мүнөзүн көргөзүп, дагы ооздо кала тургандай иш жасады. Бөрүнүн буту колун таңып, эми ок жеген тоо эчкисин алып келгени Сагынаалы экөө ылдый түшүштү. Ок эчкинин так жүрөгүнө тийгенби, дароо эле ошол жерден жан берген экен. Үчөө аттардын жанына келгенде, өзгөчө Керим мергенчи сүйүнүп:
-Мына жаш өйдөлөп калган кезде атканым бөрү болду, жарадар болсо дагы деди эле Сагынаалы:
-Мынча болду бөрүнү сиз алыңыз, эчкини Мирлан экөөбүз бөлүп алалы-деди учурун келтирип. Ушул эле сөз керек белем Керим сүйүнүп:
-Мен силерден ушул сөздү күткөн элем. Аны коюп эртең экөөң үйдөн бир козу жеп кеткиле, менин силерден өтүнүчүм ушул- деди. Бул сөздү күтпөгөн Сагынаалы, бул жерде бир сыр катылып жатканын дароо сезип, бирок ыгын келтирип айта албады. Сөздүн дагы айтыла турган учуру келет эмеспи. Кандайдыр бир күч токтотуп тургандай болду. Үчөө бир сыйра курсактарын тойгузуп алышкан соң, жолго чыгышты. Бул кезде убакыт жалган түш болуп калган болучу. +згөчө Керим мергенчинин кабагы ачык. Бирок анын ичине каткан сырын тиги экөө билишкен жок.
Керим мергенчи бир апта илгери кудасына убада берген болучу «эми акыркы жолу аң уулого чыксам, бөрү баласын гана атам» деп. Ошол убадасынын өтөсүнө чыгып, кудасынын алдында жүзү жарык болгонуна сүйүнүп баратат. Анткени ал убада берген болучу «сиз карышкыр атсаңыз, мен сизге ат мингизем»-деп. Узун жолдо Керим мергенчи таттуу кыялга жетеленип, бөрүнү тирүүлөй ага жеткизип кудасына белекке берүү жөнүндө ойлонуп баратты. Ойлогон оюу ишке ашса сөзү дагы чоң болуп, кадыры дагы өсөт эле. Мунун себеби кудасы Алымбай алгачкы жолу мергенчи экенин уккандан бери эле «Куда мага карышкыр атып белекке берсеңиз»-деп өтүнүп келе жаткан. Эми минтип ойлогон оюу ордунан чыкканы кантип Керим мергенчини сүйүнтпөйт.
Убада боюнча айтылган күнү чоң шашкенде Сагынаалы менен Мирлан ооздон чыккан сөздүн өтөсүнө чыгып, конокко келди. Бул учурда эбак эле Керим жанында жашагандарга Мирландын эрдиги жөнүндө айтып берип «ошол бала келет»деп күтүп жатышкан. +згөчө Керим мергенчинин мектепти жаңы бүткөн кызы Айганыш карышкырдан корпой моюнун толгогону жана жасаган эрдиги жөнүндө уккандан бери Мирланды көргөнгө куштарлыгы артып, улам-улам жол карап жаткан. « Баатырдын атын алыстан ук, жаныңа келсе бир киши»деп айтылгандай арыкчырай, каратору, орто бойлуу баланы көргөндө күткөн эл эле эмес, жаш кыз таң калды «атам айтып жаткан баатыр бала ушулбу»деп. Анткен менен Мирландын өткүр көз карашы, бой келбети, курч караган көз карашы Айганыштын жүрөгүн кытыгылап, кандайдыр бир сезимге туш кылды. Улам эле көзү ага кадалып, карай берди. Муну Мирлан дагы байкап аздыртан уурдана карады эле, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Бул көз караштан эмнегедир Мирлан бир нерсени сезди. Канчалык кыз тарапты карабайын десе деле кандайдыр бир күч эркине ээ бербей,кыз тарапты карата берди. Сөз кезеги келгенде Керим мергенчи тасмал четинде олтургандарга өзүнүн сөзмөрлүгүн карматып, Мирланды абдан мактап өттү. Буга чейин эле анын эрдиги жөнүндө уккан эл, дагы көздөрүн кадашканда Мирлан таң калып калды «чын эле мен эрдик кылдымбы»деп. Бир чыныдан чай ичилип, кымыз куюлган кеселер бошогон соң малга бата тиленди. Сагынаалы менен Керим мергенчинин сөздөрү түгөнбөй, биринин сөзүн бири улап, аң уулоодогу окуялары түгөнбөй айтылып жатты. Бир учурда Мирлан сыртка чыгып келейин деген ойдо сыртка чыкса Айганыш суу жегинде койдун ичеги карынын артып олтурган экен. Буту өзүнөн өзү ал жакка тартып, кызга жакын келгенде Мирлан:
-Сиз оокатка абдан тың экенсиз-деди, сынай карап. Айганыш жагымдуу сөз укканына ыраазы боло мыйыгынан жылмайып:
— Ыракмат, бирок менден дагы тың кыздар бар. Алардын жанында мен шоона эшпей калам-деп сөз улады, ишин улантып жатып. Мирлан шайдоот кыймылдаган кыздын жанына көпкө тура албай узап баратып, эмнегедир анын табышмактуу жылмайганына жооп издеп, артын карай калса кыз өзүн карап туруптур. Уурусун карматкан кыз уялып кетти. Мирланга бул көрүнүш жана анын бул кылыгы абдан жакты. Анткен менен эмнеге анын жанынан кетип калганына ичинен өзүн-өзү тилдеп, максатсыз алдыга кадам таштап баратып Айганыштан, Жамиланын сапаттарын байкап көңүлү өсө түштү. Кайра ага жакын барып сүйлөшөйүн деген ойдо бери бурулуп, баятан бери өзүн карап турган Айганыштын байкесин көзү чалып уялып, үйгө киргенче шашты.
Кенен жайылган тасмалдын четине олтуруп жатып Мирлан өзүнүн кадырын дагы билди. Анткени баары кунт коюп карап калышкан болучу «баатыр келди»дегенсип. Карышкыр атып ушунча кадыр күтөм деп ойлобогон Мирлан, өткөндү эстеди. Бирок ал иши анча деле эрдикке жатпайт, өз оюу боюнча. Аны ким болбосун жасап коймок деп ойлогон болду. Бир кезде Сагынаалы:
-Керим аксакал, макул көрсөңүз эшикке бир чыгып келбесек болбой калды-деди. Бул учурда Айганыш ишин бүтүрүп бээ сааганы баскан. Мирлан сыртка чыгып эле көзү менен кызды издеди. Кызыл чыптама кийген Айганыш шайдоот кыймылы менен ылдыйкы бөксө жердеги кулундар байланган желени көздөй бараткан. «Сулуу кыз, көздүн көркү»-дегендей, желе тарап Мирландын көзүнө кооз көрүнүп, жайлоонун көркү чыга түштү. Бир аз күн илгери эле кызга жакын жолобойм деген оюу четке кагалып, бурала басып бараткан кыз кылыгы көзүнө кадалып, сугун арта карап турганы жаш кездеги сүйүүнүн туруксуздуганан белги берип турду.
Козунун эти кайнап, чий көбүгү алынган кезде Мирланга ыңгайлуу учур пайда болду. Анткени кыздын байкеси койго бастырып кетти, апасы үйдө конокторго кымыз куюп берүү менен алек, кыз бул учурда боз үйдөн алыс жайгашкан короонун жанында музоо байлап жатканда, учурун келтирип жакын басып барды да:
-Чоң кыз атыңыз ким болот?-деди, анын атын угуп билсе дагы. Кыз тик карап:
-Айганыш-деп үнүн жай чыгарып жооп берди. Мирлан учурдан пайдаланып:
-Эртең кечте мен сизди тиги чоң бактын жанынан күтөм, келе аласызбы? Эмнегедир эле сиз менен ээн жерден жолугуп сүйлөшкүм келип, үйгө олтура албай койдум. Айганыш адатынча мыйыгынан күлүп:
-Байке, мен ачык айта албайм. Сиздин убара болушуңузду дагы каалабайм. Эгер мүмкүн болсо бүрсүгүнү мен айылга түшөм. Ошондо айылдан эле жолугушалы. Мен дагы сиздин тынчыңыз кетип жатканын жанатан бери баамдап жатам-деди, баамчылдыгын билгизип. Мирлан үйдөгүлөр шексип калбасын деген ойдо:
-Макул, мен сени бүрсүгүнү жолуңдан күтөм. Бирок мага ал күндүн келмеги азап болот го… деп калган сөзүн таппай калды да, шашкан түр көргөзүп изине кайтты. Бир чети кыздан жооп алганына ичинен сүйүнүп, анын баамчылына баа берди.Эч сыр бербей кайра ордуна келип олтурганда Сагынаалы сурап калды:
-Керим байке, эгер мүмкүн болсо сиз алиги тирүү бөрүнү эмне кылдыңыз, сыр болбосо айтып бербейсизби? Келгенден бери сураганга ооз барбай турду. Керим мергенчи ушул эле суроону күтүп тургансып:
-Аны ошол эле күнү улуу баламдын машинасын айдатып алып, кудамдын үйүнө жеткизип бердим. Бир кезде убада кылгам «карышкыр атып берем»деп. Ал аны эмне кылат билбейм. Кыскасы, мен өзүмдүн убадамдын өтөсүнө чыгып, жеңилденип калдым. Ошол убадамдын аткарылышына Мирлан экөөңөр себепкер болгон үчүн минтип конок болуп олтурбайсыңарбы. Баарынан дагы кудага убада берген жаман экен. Кыскасы, мен эми көңүлүм тынч жашасам болот. Баягы күнү Мирландын карышкыр атканын укканда эле жетип барганымдын себеби ошол болучу деп, берилген суроого жооп берген соң ордунан козголуп:
-Кемпир, тамагың быштыбы деги?-деп суроолу карады эле Салкын:
-Бышаарын го бышты, бээ саалчу убак болуп калды. Эми бээни ким саадырат -деди эле Мирлан:
-Мен деле саадыра алам. Силер тамак даярдаганча -деди. Анткени Айганышка ээн эркин жолукчу учур ушул кез эле. Керим кабагын түйүп:
-Жок, болбойт. Конокту кулун тартырып койгонубуз кантип болсун. Бээни мен эле саадырам. Сен эти чыгара бер деди эле Сагынаалы:
-Байке, Мирлан эле саадырып келет. Жаш бала турганда сизге андай ишти жасаган кантип болсун. Биз өз кишибизге го деп, билгичтик менен Керимди эпке келтирди. Мирлан учурдан пайдаланып, бээ саадырып жатып Айганыш менен ээн сүйлөшмөк турсун ага карата болгон таза оюн сөз арасында билгизип, жаш кыздын жүрөгүн козгогонго үлгүрдү. Айганышка бул күн өзгөчө эсте кала тургандай күн болду. Анткени биринчи жолу өзүнө жаккан жигит менен ээн эркин сүйлөшүп, ал турсун аны жактырып калганын моюнга алды. Акыркы бээ саалып жатканда Мирлан:
-Бүрсүгүнү сен өзүң жалгыз эле айылга түшөсүңбү?-деп сурады эле Айганыш:
-Кайдан, айылдан иним келет, экөөбүз түшөбүз дагы кем-карычтарды алып кайра эле ошол күнү же кийинки күнү кайтабыз. Кыскасы баарын бир гана убакыт билбесе ачык айтуу кыйын.
Аз убакыт ичинде эле бири-бирине көнө түшкөн эки жаш убакыттын токтоп турушун тилек кылышты. Бирок алардын тилеген телектери тетирисинен чыгып,убакыт кайра тез өтүп, келген коноктордун сапары карып, шам намазынын убагында издерине кайтышты. Айганыш коноктордун кетип баратканына ичи эңшерилип, узата карап калды. Ал эми Мирлан араң эле мойнунан байлаган иттей кеткиси келбей кетип баратканын кайран кыз ички сезими менен сезип, жүрөгүнө бүлүк салган жигитти кырдан карааны көрүнбөй калганга чейин узата карап турду. Бул тоо койнунда келген ууз сүйүүнүн алгачкы түйшүгү болучу.
Кыз кезек менен коштошуу.
Бир саатта келем деген Жамиладан эч дайын жок, күтүп жатышып төртөөнүн чыдамы кете баштады. Күн ылдыйлап, сапарым карыды дегенсип бир күндүк жолунун аягына жеткени калганда гана булуттан чыккан айга окош, бурала баскан кыздын карааны көрүндү. Жамиланы көргөндө Казыбектин жүрөгү кабынан чыгып кете жаздагансып ушундай бир катуу сокту. Анткени баятан бери чеккен санаасы бир тең, минтип көз жоосун алып, айланага кооздук тартуулап суктантып басып келе жатканы бир тең болуп «чын эле мен ушундай сулууга баш кошону жатамбы»деген ойду ойлоп, сүрдөгөндөн дагы жүрөгү башкача сого баштаган. Ал эми Жамиланын абалын жазганга сөз жетпейт. Бир жагынан кыз кези менен коштошкусу келбесе, эми алдыда эмне деген гана жоопкерчилик күтүп турганы аны дагы сүрдөтүп, санаа чектирди. Албетте күйөөгө тийип, анын койнунда жатып койгондон өткөн оңой эмне бар. Бирок, күйөөнүн жана төрөлө турган баланын жүгүн көтөрүп кайын журттун, абысын- ажынын тилин таап, бара турган жерге батып жашап кетүү негизги милдет экенин ким тана алат. Жамилага эң алгач ушул ойлор келди. «Жакшы кыз турмушка чыгарда ошол жерди бактылуу кыла аламбы деп ойлойт, акылы тайкы кыз барган жеримден бакыт тапсам» деп ойогондой, Жамила эң алгач бара турган жерине жагамбы деген ойду ойлоп, тоо жели менен бирге жүрөгү бир башкача согуп, буттары тушалып калгандай бир орундан жылбайт десең. Качан гана машинага жакын келгенде балдар тосуп алышты. Кызылы-кызыл, агы-ак жылдызы төгүлгөн Жамила үч балага дагы абдан жакты. Казыбек оозунуп:
-Эмне кечиктик, сени күтө берип тажап кеттик деди эле бир досу:
-Казыбек, сен былжырабчы, мындай кызды күткөндүн өзү бакыт эмеспи. Керек болсо мен бир жыл боюу, бир орундан жылбай күт десе дагы күтмөк элем. Турмушка чыга турган кыз, ушунтип кыз каадасын кылганы жакшы жөрөлгө эмеспи. Кеттик анда калган сөздү машинадан сүйлөшөлү деп, алдыга басты. Жамила бир чети жээни Мирланга эмес, башка бирөөнө турмушка чыгып баратканына ичинен сүйүндү «чоң балээден кутулдум» деп. Анткен менен Жамиланын күйөөгө качып кеткенин жакындарынан эч ким билген жок.
Кокту ылдый зуулдап бара жаткан машинанын ичинде жанаша олтурган Казыбек менен Жамиланын адаттан сырт соккон жүрөктөрү бири-бирине угулгандай сезилип, беттери албырып,түш көрүп жаткандай сезимде болушту. Ошондо дагы тоо булагындай таза ой, таза тилек,таза сезим менен бири-бирине берилгендерин алардын жүздөрү гана айтып турду.
Айылда чын эле келин келет деп, Казыбетин туугандары күтүп жатышкан болучу. Машинанын сигналы басылып, көк дарбазадан ичкери киргенде, Жамила ыйлап жиберди. Муну күтпөгөн Казыбек таң калып :
-Жамила сага эмне болду?-деди эле Жамила эч нерсе деп жооп берген жок. Аңгыча эле келин-кезек келип машинадан өздөрү түшүрүп, жетелеп кетишти. Үйдүн бурчундагы кызыл көшөгөгө киргенде Жамила баштагыдан дагы алда канча сүрдөп , денеси калтырап кетти. Көшөгөнүн сүрү эмне деген сүр, байкаган кишиге, өзгөчө жаңы келин болуп келген кыз үчүн. Кайын энеси Батина жалынып-жалбарып келип жоолук салды. Ага эч каршылык кылган жок. Кыз канчалык сүйүп-күйүп, сөзү бүтүп келген күндө дагы, көзүнө жаш алып ыйлап койгону бул абдан жакшы жөрөлгө. Анткени кыз кези менен коштошкону,балалык кезди артка таштаганы эмеспи.
Кыз барар жерине ыйлап келгени, жакшылыктын белгиси, анткени башка үйгө бүлөө болуп кетүү оңой эмес. Андан дагы тастаңдап, эрге тийгенине ким эле сүйүнсүн. Адам баласы убакыт алга жылган сайын,улам бир муунду башынан өткөрөт эмеспи. Кыз бала кыз кези менен коштошуп, келин болот,анан балага эне болуп, бара-бара аял деген атка конуп, акыры кемпир болуп өзгөрүлүп,жашоодогу сапарын карытаары бул турмуштун жазылбаган мыйзамы экенин эч ким тана албайт. Жамила дагы кыз кезеги менен кош айтышканына ичи эңшерилип, ойлуу жер карап олтурганда, сырттан эки келин келип кат жаздырып кетти. «Бул өз каалоом менен кеттим» деген документ. Кат жазып бербесе кудага баргандарды жакшы кабыл албай коюшу толук мүмкүн, ошол себептен кыздын жазып берген каты «барган адамдарды жакшы кабыл алгыла»деген белги.
Алгачкы жолугушуу.
Таң эрте турган Мирлан эшиктин алдында агып жаткан сууга бетин чайып, тоо башынан жаңы гана кылтыйып чыгып келе жаткан күндүн нурун карап туруп, өзүнчө ойго батты. Ушул күн канча кылымдан бери бир калыптан жазбай таң эрте чыгып, кечинде батып, өзүнүн вазыйпасын аткарып келе жатат-деп ойлоп. «Күндүн көзүн көргөн тоңбойт, хандын көзүн көргөн өлбөйт»деген макалды эстеп, күн баардык жерге бирдей тийерине ыраазы болуп, өзүнчө кобуранып койду «Бүгүнкү сапарың байсалдуу болуп, мага жакшы эсте калган учурду тартуула»-деп. Бул сөздү дагы эки күндөн бери жүрөгүнө тынчтык бербеген «сүйүү» деген нерсенин айтырганы себеп экенин жашырып болбойт.
Күткөн кез да келип, шымынын кырын чыгара үтүктөп, жыйналышта сүйлөй турган чиновниктей жасанып, одеклондон себинип, чачты суулап тарап, андан дагы айта турган сөзүн камдап алып жолугушчу жерге айтылган убакыттан алда канча убакыт эрте барды. Бул да болсо жаш кездеги жаш жүрөктүн тынч албаган бир учуру эмей.
Көзүн жолдон албай карап турган Мирлан, кыздын жалгыз келе жатканын көргөндө, болуп көрбөгөндөй сүйүнүп кетти. Бул көрүнүш баам салып караган кишиге, селкини күткөн бозойдун чыдамы кеткенден белги бергенин дароо эле билинмек.
Кыз жакын келгенде эле Мирлан алдын тосуп чыгып учурашты. Эх ушул жерден кыз дагы өзүнүн ушул жолугушууну чыдамы кете күткөнүнүн, кыймылынан билгизип, ката кетирип алды.
Баардык нерсени бир гана жүрөк башкарып, жүрөк гана билгизип коёру турган иш эмеспи. Эки жүрөк жолугушчу кезге чейин кандай гана азап тартпады дагы, эмне деген гана ойду ойлонтподу. Ушул саам билди эки жаш бири-бирине берилгенин. Кантсе дагы кыз бала баары бир мындай жолугушууда алсыздык кылаарын Айганыш өзүнүн уяң мүнөзү менен билигизип койду. Мирлан алгач эле жолукканда баятан бери даярдап алган сөзүн эмес, такыр башка сөздү айтты, учурашкан соң:
-Айганыш, иниң гана?-деп. Ушул сөздү айтканда эмнегедир үнү корулдап, сүрдөгөнү билинип калды. Кулакка жагымдуу үнүн менен Айганыш:
-Ал койду карап калды, атамдар конокко бармай болуп калышты. Эх Айганыштын сүйлөгөндөгү үнү, жал-жал караганы, уяң мүнөзү эмне деген кооз көрүнүш тартуулады. Мирлан ушул жолу билди сулуунун эмес, жүрөк сүйгөн кыздын көз карашы баардык сулуулуктан жогору турарын. Бир саамга экөөнүн ортосунда сөз үзүлө түштү. Катар басып келе жатканда Айганыш:
-Сиз кеткени эмнегедир такыр эсимден кетпей койдуңуз. Азыр дагы келе жатып ойлодум «эле күтүп турат болду бекен» деп. Бул айтылган сөз Мирландын көңүлүн өстүрүп:
-Сизди мен өмүр бою күт десеңиз дагы күткөнгө даяр элем. Эки күн мен үчүн эки кылымга тете убакыт болду. Түнү уйкум качып, күндүзү оюм бир орунга турбай койду. Сөз ушунтип уланып, али «сени сүйөм»-деген сөз айтылбай эле бирин-бири арзып калышканын билип, ортодо эмнегедир эркиндик пайда болду. Ооздон сөз кысынбай эркин чыгып, тамаша сөздөр дагы айтылып, күлкү жүздөрүн чайыды. Бул эми эки жаштын ортосундагы парда ачылып, кыз-жигит болдук деген белгини берип турду.
Айганыш сөз кезегин келтирип:
-Мен алгач сиз жөнүндө укканда «карышкыр менен алышкан кандай баатыр болду экен»-деп ойлоп, сизди такыр башкача элестеткен болчумун. Мирлан дароо ойлоду «ошол күнү ырас эле короого карышкыр келиптир»-деп. Анткени ал окуя болбогондо минтип сүйгөнү менен катар баспайт эле да. Негизи эле жигит үчүн сүйгөн кызы менен катар баскан эмне деген бакыт. Убакыт алга жылган сайын экөөнүн сөздөрү түгөнбөй, бири-биринен ажырагылары келбей турганын жүрөктөрү менен сезишти. Бул да болсо канча суранган менен кайрып ала албаган жаш кездеги бактылуу мүнөттөрдүн бир үзүмү эмей эмне.
Эртеси эртең менен кетем деген Айганыш ал күнү дагы кетпей калып, кечинде күтүүсүз жерден эле ак көшөгөгө кирип, келин болуп калды. Мирландын бул чечкиндүү кадамы бир чети Айганышка абдан жакты. Анткени бала кезинен чечкиндүүлүктү жакшы көрөт.
Мына эми андан бери убакыт өз калыбында өтүп, жыйырма эки жылды артка калтырып, Мирландын уулу Адилет чоңоюп атасы менен апасына талап коюп турган кези, күтүүсүз жерден «үйлөнөм»деп. Бул айтылган сөздү укканда алгач Мирлан чочуп кетти да, дароо өзүнүн жаш кезин эстеди. Бир кездеги өзүнүн образын баласынан көрдү. Анткени Айганышты аларда өзү дагы күтүүсүз жерден айткан эле да «Ата, апа бүгүн эмне болгон күндө дагы үйлөнүшүм керек»деп. Ал күнү алар жаңы эле Жамила күйөөгө качып, келген кудаларды узатып келишкен болучу. Мирландан мындай сунушту укканда алгач атасы:
— Я, де, эми кимди алганы жатасың деги?-деп сураганда Мирлан тайсалдабай ала турган кызын айтканда Амантур, дагы шар кетип:
— Ал кишинин кызын алам десең мен каршы эмесмин. Алсаң ал. Жакшы жерден куда күтөт турбаймынбы. Деги кызы менен сүйлөштүңбү?-деп суроолу караганда, Мирлан атасынын көз карашынан «эмне арданып, башка кызды алганы жатасыңбы»деген сөздү окуп:
— Албетте, сүйлөштүм. Кыскасы кечинде келиниңерди үйгө киргизем деп, ишеничтүү айтып, үйдөн чыгып кеткен .
Эми ошол көрүнүш кайталанып жатканын эстеп «атага кандай мамиле жасасаң, балаңдан ошону күт»-деген таасын айтылган сөздү эстеп, уулунан сурады:
— Деги кимдин кызын алганы жатасың. Алгач биз барып сөйкө салып, жаңы салт менен алалы. Азыр элдин баары эле алгач кызга сөйкө салып калды го деди эле, Адилет тайсалдап:
— Келгенде көрөсүңөр деп, ачык айтпай чыгып кеткенде, Мирлан бир нерседен шек алып:
— Айганыш, сен балаңдан сурачы, эки күн илгери атамдардыкынан көзүм чалды эле, Жамиланын кызы менен сүйлөшүп турганын. Экөө таяке, жээн деп көңүл бурган эмес элем. Деги билчи деп шашып калды, жүрөгү бир нерсени сезип. Айганыш бул айтылган сөздү угуп, уулунун артынан чыгып, дарбазадан чыгып бара жаткан уулун чакырды:
— Адилет, бери басчы, атаң жокто экөөбүз сүйлөшүп алалы деди. Чынында эле эмне болгон күндө дагы бала атага айта албаган сөздү, энесине айтат эмеспи. Адилет артка бурулуп, бери басты эле, Айганыш:
— Жүрү, короого кирели дагы экөөбүз эне-бала болуп сырдашалы-деп сөзгө тартты. Адилет бул сунушка макул болуп, короого кирди. Алгач эле Айганыш сөздү алыстан баштап келип, акыры негизги суроону берди:
— Кимдин кызы деги, биз ал кыздын ата-энесин билебизби?-деги. Адилет кабагы салыңкы:
— Ооба, мен Жамила таэжемдин кызы Жибекти алам. Ал кызды албасам анда мени мындан кийин үйлөн деп айтпагыла! — деп чечкиндүү айтты эле Айганыш:
— Мен атаң менен кеңешип, эртең жообун берели шашылба, үйрөнүү бул оюнчук эмес деген жай сөздөрдү айтып алдаган болду да, анан күйөөсүнө эбин келтирип, болгон ишти айтты. Мирлан бир кезде кетирген катасын баласынын жоругунан билип, өкүнүп, тагдыр кайталанарына толук ишенип, ал күнү кечке кабагы салыңкы жүрдү. Эми кимге айтат ичке батпай турган арманын. Жаш өйдөлөгөн сайын сырдашкан дос да алыстап, ар ким өз арбайын согуп жашап калат белем. Баягы топураган достору дагы, күпүлдөбөй токтолуп, небере күтүп, төрдүн ээси болуп калган кездери. Соодасы бүткөн сарттай болуп, кыртышы эч нерсени сүйбөй, бир кездеги атасынын абалына туш болуп, өткөндү эстеп олтурганда, сырттан оңдой берди болуп, Сапар кайниси келип калды. Ал эки күндөн кийин шаарга кетмек. Шаарда жыгач устачылык кылып, акчаны жакшы табат. Ал келгенде эле кандайдыр Мирланда күтүүсүз үмүттүн үзүмү пайда болуп, сөз кезегин келтирип сөз козгоду:
— Сапар, макул көрсөң тиги Адилет жээниңди шаарга ала кетчи. Бул жерде бош жүргөндөн көрө иш менен алек болсун деди эле Сапар:
— Жезде, ырса болбодубу, мага бир жакшы жардамчы керек болуп жатты эле, асмандан издегеним жерден табылбадыбы. Буйруса эртең кечинде машина келет, анда ала кетейин, даяр болуп турсун деди. Бул сунуш менен Мирлан бир балээден кутуландай эле болду.
Бирок кечинде күткөн уулу эмнегедир ал түнү келген жок. Кайда түнөдү аны дагы билбей, таң аппак атканга чейин уктай албай жатып, баланын азабы чоңойгондо билинээрин билди. Бир кезде өзү дагы атасын азапка салып, Жамиланы алам деп оолукканы көз алдына тартылып, ал кезде бала эле бойдон экенин билди. Ошол окуя минтип кайра кайталанып, эми атасынын ордуна өзү азап чегип, аталык милдетин аткарып, өзүн сабырлуу тутту.
Эртең менен келген уулуна катуу кетип ачуу сөз дагы айткан жок, үнүн салмактуу чыгарып,сүрдүү карап:
— Уулум, мен дагы бир кезде сендей жаш болгом. Сендей болуп мен деле «аял алам» деп опурулган элем. Мунун баары жаш кезде келе турган бир көрүнүш. Эгер сен тилди алсаң, Сапар таякең менен шаарга барып иштеп акча таап кел. Мен таякеңе сүйлөшүп койдум. Кечинде кетмей болдуңар, жакшы заказ түшүптүр. Күз келгенде деле үйлөнсөң болот. Балким шаардык бир кыз менен тил табышып калышың дагы мүмкүн. Анда сен шаарда жашап каласың. Азыр айылда жүргөндө эмне кылат элең,иш жок болсо… Үлөнүп койгондон өткөн оңой эч нерсе жок. Бала төрөтүп койгон оңой иш, аны багуу дагы өзүнчө бир мүшкүл. Ата болгон соң аталык милтетти дагы аткара билиш керек. Сен ага азырынча даяр эмессиң. Анткени илгеркидей жумуш деген жок, канча киши кыйналып жашап жатат, деги өзүң эле ой жүгүртчү. Минтип карындашыңдын окуусунун контрагын дагы төлөй албай кыйналып турганда, сенин үйлөнөм дегениң мага анча жага берген жок. Бул айтылган сөздөр Адилетти ойго салды. Бир чети атасы дагы туура сөз айтты. «Жакшы сөз жыланды дагы ийинден чыгарыптыр» дегендей, шаарга жете албай турган Адилетке бул сунуш майдай жагып, башын ийкеп макулдугун бергенде, Мирлан катуу үшкүрүнүп жиберди. Бул үшкүрүктүн артында эмне деген санаадан кутулгандык, эмне деген сөз жетпеген сүйүнүч жатканын Адилет дагы баамдады.
Ошонтип кайталанган тагдыр, тактап айтканда алгачкы эстен кетпеген тун сүйүү ата менен балага окшош келип, кайра кайтканы турмушта боло турган көрүнүш экенин Мирлан, уулу Адилет бир жылдан соң шаардан өзү ойлогондой башка кызга үйлөнүп келгенде гана билди. Ооба, Адилет дагы Жибекти берилип сүйгөн, ага үйлөнө турган болгондо апасы Айганыш дагы энелик мээримин төгүп, өз оюн ортого салганы себеп болду. Ал эми Жамила кызы Жибек менен Адилеттин сүйүүсү тууралуу билген жок. Чынында Жибек дагы Адилеттин сунушуна учурунда каршы чыккан «биздин туугандык жайбыз бар, экөөбүз үйлөнгөнгө болбойт» — деп, кудум бир кездеги апасы Жамиланын, Мирланга айткан сөзүн кайталап айткан болучу. Эми минтип беш кайыптын бири болгон нике кайып, төрт тагдырды бири-бирине кошкон жок. Бул да болсо «чуркаган эмес, буйруган алат» деген улуу сөздүн төгүн жерден чыкпаганын билгизип, Мирлан бир жаштагы небереси Калысты колуна алып олтуруп, тилек кылды «Ушул неберем, биз кабылган сүйүүгө кабылбаса болду»-деп. Анткени атанын тагдырын бала кайталап калышы дагы турмушта кезиге турган көрүнүш экенин башынан өткөргөн, үчүн ушул ойду ойлоду.
Аягы.
10-май. 2011-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3