Биздин аймактын экологиясына кам көрүү Түштүк-Кыргыз Цементтин артыкчылыктуу максаттарынын бири .💚
Ишкананын кызматкерлеринин арасында жыл сайын экологиялык ишембиликтерди өткөрүү салт болуп калган. 🌱Биз мындан ары да ынтымактуу командабыз менен таза абада эс алууну жана табиятка кам көрүүнү уланта беребиз. 🌸Өткөн дем алыш күндөрү ТКЦнын эмгек жамааты заводдун аймагына 175 мөмөлүү бактардын көчөттөрүн отургузушту!
Биздин кызматкерлердин бир айткандай - "Биздин милдет сырткы кооз көрүнүштү жаратуу гана эмес, ар бир бактын тамыр жайып көп жылдар көктөп турушу үчүн колдон келгендин баарын жасоо", анткени жашыл аалам - жаратылыштын өпкөсү.🌳
А биз алма, анар, кара өрүк, алмуруттарыбыздын гүлдөгөнүн көрүп кубануу үчүн жаздын жаркыраган күндөрүн күтөбүз!☀️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев