Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
УКМК: Жалал-Абад облусунун “Бек-Абад” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды
УКМК: Жалал-Абад облусунун “Бек-Абад” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды
Мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандардан жана ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары катталган, алар колдонуудагы көрсөтмөлөрдү бузуу менен материалдык компенсация төлөп, мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө активдүү көмөктөшкөн.
2024-жылдын 26-июнунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигинин көмөгү менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, акча каражаттарын кабыл алуу учурунда өткөрүү пунктунун кезмет башчысы, капитан А.О.А., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан анын айрым кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалды.
Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга Чек ара кызматынын башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскертүү: “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта өз ишин жанданткан. Мындан улам, көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.
https://t.me/trkregion
Показать еще
На видео отмечены:
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.