Ош шаарында жүз берген каракчылык фактысынан кийин акча алмашытруучу жайдын кызматкерлери бир жума жумушка чыгышкан эмес. Алар буга чейинки куралдуу кол салуудан кийин өз өмүрлөрүнөн кооптонуп, ишке болгон кызыгуусу жоголгонун билдиришти. Ал ортодо ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кармалгандардын арасында эл аралык террористтик уюмдун бир нече мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)