Сузак районунун Сузак айлындагы “Сайдулла Акбаров” атындагы орто мектептин абалын Жогорку Кеңештин “Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин” төрагасы Бакыт Сыдыков менен биргеликте көрүп чыктык.
Азыркы мезгилде 720 орунга эсептелген бул мектепте 3200 окуучу билим алат. Бир класста 45-50 гө чейин жаш жеткинчектер окуп жаткан жагдай жаралууда. Ушуга байланыштуу аталган айылга кошумча мектепти куруу маселесин планга киргизүү боюнча иштер жүрүүдө.