Кечээ атайын кызмат бийликти күч менен басып алабыз деген деструктивдүү топтун беш мүчөсүн кармаган.
УКМК алардын жашаган жеринен жана автоунаасынан 50 мылтык, 20 тапанча, 255 миңден ашык ок-дары, 200дөй укук коргоо кызматкерлеринин формасы, ок өтпөс кийимдер, 2 дрон, колго жасалган жардыргыч заттар, диний адабияттар табылганын кабарлады.
Мындан тышкары, бир катар жарандардын өздүк документтери да табылган. Алардын арасында депутат Марлен Маматалиевдин аскердик күбөлүгү чыккан.
Эл өкүлү 2020-жылы октябрда болгон төңкөрүштө белгисиз адамдар парламенттен сейфтеги документтин баарын уурдап кеткенин айтып, кылмышкерлерге тиешеси жок экенин белгилеген.
УКМК учурда бул боюнча кошумча тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1