Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков соцтармакка Айтурган Маматкулованын сырдуу өлүмүнөн кийин Кыргызстандагы келиндердин укугу тууралуу оюн жазды.
Ал келин жаңы келери менен кошуна аялдар “келиндин колунан чай ичели, чайың эмне ысык эмес” деп кайнене менен келиндин ортосуна чагым салып кетерин айткан. Ошондуктан жубайлар, өзгөчө эркектер башкалардын кийлигишүүсүнө жол бербеши керектигин белгилеген.
“Үйүнө кайтып кетейин десе “таш түшкөн жеринде оор, уят кылба, чыдап жаша” дейт. Жолдошу камкор эмес, кайын журту кысымга алып... Анан Айтургандай болуп жанын кыйып жатат да!” — деген Орунбеков.
Ал эски түшүнүктөрдөн арылып, бирөөнүн аздектеп өстүргөн кызына жакшы мамиле кылууга чакырган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1