💌
Каникулда сагынышып келчүүбүз,
Бир кызыктай сезимдерде болчуубуз.
Жаңы балдар, жаңы кыздар келгенде,
Колубуздан эмне келсе берчүүбүз.
Чала жуунуп, чылпагыбыз жабышкан,
Ооздон оозго сагыздарды алышкан.
Жийркенбеген ынактардан элекбиз,
Ырды жаттап сабактарга катышкан.
Тергечүү элек "матем агай, к тил эжей, о тил",- деп,
Англисче жаттай албай безилдеп.
"Доскага чык, жооп бер",- десе калтырап,
Жандасаңар, окшоштуруп тантырап.
Балдар кээде түтүк менен атчу эле,
Сумкабызды бөлөк жерге катчу эле.
Узун чачты отургучка бекемдеп,
Анан бизге тийишишип каччу эле.
Музыканы, кол эмгекти суйчуүбуз,
Физ-раны дайыма эле күтчүүбүз.
Башыбыздан буу чыкканча чуркатып,
Балалыктын бал сезимин жутчуубуз.
Уурдап жеген алма таттуу сезилчүү,
Өрүк жолдо тебеленип эзилчүү.
Үйгө жетпей алма бакка кирчүүбүз,
Үзүп шактан, жеңге аарчып жечүүбүз.
Кимдир бирөө китеп, дептер ордуна,
Алма, ашпурт сумкасында толтура.
Баарыбызга бөлүштүруп тараткан,
Мунун баары бизде болгон окуя.
Кайда шаштык ал кезекте ашыгып,
Күтчүү элек коңгуроону зарыгып.
Күүгүм кирди окуучулук куракка,
Токтото албайм саат жебеге асылып.
Мол билимдүү агай, эжей окутту,
Даңгыр жолдун ээр токумун токутту.
Мүдүрүлбөй узак чуркап кетишке,
Такасын чаап, бекем мыгын урушту.
Билдим, баарың кандай, кайда экениң,
Күйлү-күчтүү, ден-соолугуң бекемин.
Бала-чака кээ бирөөңөр небере,
Эркелетип турган чагың экенин .
Багындырып башка жакты жүргөндөр,
Бизден дагы көп нерсени билгендер.
Бакубатта арабызга келгиле,
Тосуп алат, чучук-майын илгендер.
Классташым кылым өтсүн унутпайм,
Кээде санап арабызды толуктайм.
Дуба тилеп бизден эрте өткөндү,
Бизда бир күн бараарыбыз аныктайм.
Жакшы көрөм ар бириңди өзгөчө,
Жолугалы өмүр өтүп кеткиче.
Ошондуктан классташты тандадым,
Баарыңарды үйдөн тосуп, күткөнгө!!!
✍️Кыял.О.М. 29.06.24.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4