Предыдущая публикация
Кыялымда суйкум элес калтырам,
Ак баракты элестерге толтурам.
Кандай гана өткөн залкар адамдар.
Ойго батып, карап анан отурам.
Манас бабам бата берип жатканын.
Күндүн нуру жаңы чыгып атканын,
Курманжаным баласына кайгырып,
"Тике кара ажалга",- деп айтканын.
Токтогулум ыр, күү ойноп черткенин,
Акмөөр айга элес болуп кеткенин.
Алыкулум көл жээгинде сейилдеп,
Жараткандын жазмыштарын сезгенин.
Сүймөнкулум сүрөт тартып жатканын,
Таттыбүбү кызыл алма алганын.
Чыңгыз агам желбегейин жамынып,
Бүбүсара эжем экөө бирге басканы.
Деги койчу дагы далай залкарай
Бул дүйнөдө алар өткөн барк албай.
Баардыгына кайыл болгон аларга,
Чубак ажы даабат өтүп жаткандай.
✍️Кыял.О.М.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев