⠀
Сен андан пайда болгонсуң. Ал сенин өзөгүң. Аны ыраазы кылсаң - дилиң тынч, эгер нааразы кылып алсаң - бактысыздыгың ошол. Атаны ыраазы кылуу - Алланы ыраазы кылуучу жолдордун бири...
⠀
💞ЭНЕҢ...
⠀
Бейишти анын бутунун астынан изде. Анын дубасы - түбөлүктүү казына, ыраазычылыгы болсо - эч тоскоолдуксуз бакыт. Көкүрөгүнө баш коюу - рахат. Эгер кызматын кылсаң - башыңдагы таажың ошол. Энең - бардык жакшылыктардын бийиги, бакыттын ачкычы...
⠀
💞КҮЙӨӨҢ...
⠀
Үйдүн коргоочусу, жаасы, огу.Ал сүйүү коргону, махабат дарыясы. Бары - бакыт, жогу азап, машакат.Таң аны менен нурлуу. Анын бары - сыймык, кайын журт, тууган-уруктар арасында аброй. Үй-бүлө аны менен абат...
⠀
💞АЯЛЫҢ...
⠀
Сага баш паана, жылуу жай. Курчап турган бакытың, кемчилигиңди жашырып турган парда. Өз кучагына алган ийин, жыпар жыт чыгарып турган атыр. Ага көз чаптыруу менен санааң жок болот...
⠀
💞УУЛУҢ...
⠀
Өзүңдү чагылдырып турган күзгү, сенин көчүрмөң. Балалык кези - кубаныч, жигит маалы - сыймык. Белиң бүгүлгөндө - таянычың, карылык жеткенде - жөлөгүң...
⠀
💞КЫЗЫҢ...
⠀
Мыкты тарбия берсең - тозоктон калкан. Мээрими сени курчап турат. Перзенттериңдин ичинен эң жакыны, сен үчүн эң күйүмдүүсү. Сага эмне керек экендигин айттырбай билип турат...
⠀
💞АГА-ИНИҢ...
⠀
Сенин көлөкөң. Душмандарың сага зыян бербесин деп дайым кабатырланып турат. Бала кезинде эң жакын досуң.Улгайганыңда - белиңдин кубаты...
⠀
💞ЭЖЕ - КАРЫНДАШЫҢ...
⠀
Айткан насааты жан-дуйнөңө тынчтык тартуулап турат. Алардан кабар алсаң сооп табасың. Күйөөсүнүн алдында анын сыймыгысың. Ал эми муктаждыгы болсо аларга таянычысың...
⠀
😊Тууганчылык мамилени эч качан үзүп койбо! Аны бекемде! Жалган дүйнөдө алар аркылуу түбөлүктүү бакытты колуңа кармап кал!
Интернет булактарынан.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3