Эскирген жараатымды козгоп кайра,
***33 номер дагы чалды мага.
Жети жыл билинбестен өткөн экен,
Эх, ошол тунук сезим эми кайда?
Ал кезде...күтүлбөгөн чалуу болду,
"Ширин кыз, келиң бир кун көрүшөлү.
Таптым-дейт, номериңиз издеп журуп,
Ортого салып тууган-досторумду."
"Мейличи бир көрүшсөк көрүшөлү"...
Белгилеп жолугууга жайдын күнү,
Эн алгач ал жигитти көргөн элем,
Ойлорумдун падышасы, сүйгөнүмдү.
Далай биз жолугуштук нечен ирет,
Түбөлүк бир болуп да кетет элек,
Айрылтып жолубузду бөлүп салдым,
Өзүмдүн көктүгүмдү кылып себеп.
Ойлосом өзүмчө мен жектенемин,
Бактыма өзүм балта кезегенмин.
Ошондо, ошол куну таарынбасам,
Ал менин жарым болмок беле балким...
Бүгүн дагы чалуулар келди мага,
Ошол үн, ошол номер, ошол бала,
Тагдырым миң амалын тапса дагы,
Жүрөктө чын сүйүүлөр өчпөйт тура.
Жаштыкта кулагымдан түшүрбөгөн,
Чалуулар кайра келди күтүлбөгөн.
Жүрөккө башкача бир сезим келди,
"Шириним"-деп атаган ошол үндөн.
Күндө эле чала берчүү жаштык чакта,
***33 номер бүгүн чалды мага.
Кудайбердиева Гулзат Ак-сай.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев