Информация Кудайбердиевой доступна только авторизованным пользователям.

Все заметки

Фид

Жаңы ырыбызды уктуңузбу?

ШЫБЫРАП Чайга салып ичип салаар ширин немесиң, Мынча сулуу, мынча назик сенин келбетиң. Көрүп сени эсим кетти. Жүрөк козгодуң, Көрбөгөнмүн сендей эч бирин. Көздөрундөн сенин, Назик, сүйкүм кебиң кулпурат, кулпурат. жаныма бир келип, сүйөм дечи мени, шыбырап шыбырап Күндөн күнгө сага болгон сезим күч алып, Көргүм келип сага карай барам гүл алып, Терезеңде күтөм сени күүгүм батканча, Сени сүйдүм кайра жашарып. Сөзү: Гулзат Кудайбердиева, Ильяз Абдыразаков Обону: Ильяз Абдыразаков #2024
Фид

Бир аз жан дүйнөгө үңүлүп...

Жыл өткөн сайын ызы чуудан оолак болуп, жан дүйнөңдүн тынчтыгын каалап, тынч жашоону эңсеп калат турбайбызбы! Ананчы! Жаштыктын курч, өрт мезгилин акырындык менен басып өтүп, жашоонун башка чоң этабынына баратканыбыз айтпасак да байкалуу. Кармаганды коё бербей, тиштегенди үзүп анан жайына койгон, керек учурда өзүңө өзүң туруп берген, эч кимге тепсенди кылбай, баа-баркың үчүн күрөшкөн өрт куракты кечирдим. "Өзүңдү бас! Баары артта калды. Токтон эми! " - деген дабыш көкүрөгүмдөн үн катат. Учурунда созолонуп, күлүмсүрөп, сөз кайтармак түгүл, уккан сөзүңдөн маани-маңызын кийин түшүнүп, "Каап! Ушинтип жооп бергенимде болсок беле" деп эрин тиштеп калган боёо курагым