Предыдущая публикация
Кеч түшүнүп, үйүп алып санааны...
Жаратканым кечире көр суранам,
Эл ичинде мендей болгон жаманды...
Билем кээде, тилден кетем кебимде,
Кыйбат кылып, ким бирөөнү дилимде...
Жаратканым адашканды кечирчи,
Жакшы пейил бере көрчү сезимге...
Шашмалыгым, корстугум да кармайт бир,
Кеч түшүнүп, ооруп калат жүрөк дил...
Өкүнөмүн санаа тартып жан дүйнөм,
Бирок оюм, сезимдерим таза бил...
Шашмалыгым кармап кээде, оолуксам...
Пендемин да каталыкка жол тутсам,
Жүрөк таза, көкүрөктө ой таза,
Кечиргиле, көңүлдөрдү оорутсам!
Кечиргиле, көңүлдөрдү оорутсам!
#ТемироваНазгул
#ыраркылойлор
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13