Болгон окуянын негизинде жазылган турмуш чындыгы
Тынымсыз ыйлаган жаңы төрөлгөн наристенин ыңаалаган ыйы жүрөгү бар, боорукер адамды такыр кайдыгер карабай коюуга мүмкүн эмес эле. Карыган колдорунун көк тамырлары терисинен чыгып турган Майса кемпир, ыйлаган чүрпөнү соорото албай, айласы миң куруп, бөгжөңдөп көтөрүп, бооруна кысып, кичине куш уйку алганда эчкини саап, буламык кылып бере калат. Төрөт үйүндө да, бир эмизип койбостон, келини Жайна алкаш балаңдын баласын өзүн багып ал, мен жашабайм, деп төрөп карматып басып кетет.
Баласы Доорон да ичкенин койбойт, эмне деп айтаарын билбей, эне байкуш күнөөлүү адамдай, жалдырап - жалынып алдын тозсо да, кайрылбастан артын карабады. Карыгандагы турмуштун түйшүгү, Майса кемпирди жүдөтүп, чүнчүтүп жиберди. Айылдагы той- топур, аш-чайларга да катыша албай калды. Кичинекей чүрпө да абдан ыйлаак, кадам бастырбайт.
Наристенин атын Таштан коёт. Кошуналары кабар алганы кирсе, байкуш кемпир, "күйүп кал, күйүп кет, тирүүлөй күйүп өлгүн" деп каргап отурганына күбө болушат. Бул сөздү жеткире тургандар да, кайненең ушундай кыйналып, жаш бала ыйласа, кошо ыйлап, сени жаман сөздөр менен каргап отурат. Кайра кайтып бар, кыйнаба, убалдан корк дешти, бирок Жайна көңүл бурбады.
Арадан көп убакыт өттү, Таштан чоңойду, Жайна башка жакка турмушка чыкты. Майса кемпирдин ыйлап, каргаган сөзү мага тийбеди, каргыш деген жок нерсе, мына бала-чакалуу болдум. Өнүп - өсүп эле турмуш кечирдим, жашым сексенди көздөй баратат, деп баягы көңүлү жакын адамдарга айтып калат.
Жакын туугандары кыз берип, аны узатып, келин - кесек, аял кемпирлер автобуста сый көрүп кайтышат. Кандайдыр бир кырсык тооруп, автобус жолдо күйүп, баары арекеттенип качып чыкканга үлгүрөт, ал эми сексенге чыккан Жайна күйүп кетет. Ооруканага жеткирилет, көп денеси күйүп калгандыктан, "күйүп өл, тирүүлөй күйүп жок бол" деген сөз акыры түбүмө жетти, өз ажалым менен акыл-эс, алты саным менен өлгөнүм жакшы эмес беле, деген Жайна кемпирдин өмүрү кинонун лентасындай түрүлүп, тирүүлүктө кылган күнөөсү, сөздүн күчү коё бербегенин, акыркы деминде, ой-сезимин кыйнап жатты....
Армандуу көкүрөгү оор дем алып,күнөөсүн кеч түшүнүп, көз жумуп кете берди.
🖋 Автор:
#ТемироваНазгул
#Турмушчындыгы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 14