Предыдущая публикация
Конкурска.
Бүт турпатың мээрим менен жылуулук,
Бар байлыгым, өзүң мага улуулук...
Бакыт мага, баасы чексиз байлыгым,
Бир өзүңсүң, салыштыргыс сулуулук...
Эркелигим, эссиздигим көтөргөн,
Эбегейсиз мээримин ай, көп бөлгөн.
Эч убакта, бекер жатып албастан
Эс албастан, эмгек менен өткөргөн...
Касиетиң бала үчүн күч - кубат,
Кут, береке ак колуңдан нур чубайт.
Кармаганда алаканын дем берип,
Кубат алып, тирүүлүккө жол улайт.
Үйдүн ичин жылуулукка толтурган,
Үзүк улап, курак курап олтурган,
Үмүт менен бала багып тынбастан,
Апам гана болбогонду болтурган.
Автор :Темирова Назгул Кочкоровна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 61