Предыдущая публикация
Өткөн күндөр кайра артынан кайрылбай,
Өскөн талдай чынар болдук байырлай.
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө жаткансыйт,
Жүзүм сүйүп,айткан сөзун унутулбай.
Алтын түстүү күзүм келет жаркырай,
Алыс калган жаштыгымды чакыргандай.
Жамгыр сымал жаап турган жалбырак,
Жан дүйнөмө жакын белең сырдаштай.
Жарыгым нурун чачып шандангандай,
Жайкалган шиберинде бараткандай.
Сезимимди ээрчип ырлар жаздым,
Сен экөөбуз бир кайыптан жаралгандай.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2