67-бөлүм.
Колхоздун кыштоодогу кой сарайы.
Бул кой сарай башка чабандардын сарайындай тоо арасында эмес, айылдан анчалык алыс эмес жерде жайгашкан.
Келген машинелерге,атайы келген адистерге ыңгайлуу болсун деп жол жээгине салынган.
Жаракат алган же ар кандай себептен дарылай турган койлорду багышканына бул жубайларга бир жыл бүтүп экинчи жылга айланып бара жатат.
Арчабүбү райондун ооруканасынан дарыланып келгенден бери адеп түзүк эле жүргөн, бирок күз келе жатканда кайра оорусу башталды.
Бул жолу оорусу катуу кармады.
Борбордун Илимдер академиясынан,Айыл-чарба институтунун окмуштуулары илимий иштери боюнча атайы иш жүргүзүп жаткан болчу.
Эки-үч күндөн бери Анаркулдун сарайындагы койлорго ар кандай ыкмаларды колдонуу менен лабораториялык практиканы аспирант жигиттерге жетекчиси көрсөтүп жаткан .
Арчабүбү эртең менен турганда эле башы зыңылдап кускусу келип араң турду.
Түнү менен өзүнүн жалгыз кызын ойлоп жаткан эле.
Жаш аялмет болуп калды.
Балдары тестияр болуп биринен сала бири мектепке барышып,анан аял кишинин үйдөгү түйшүгү көп болот эмеспи.
Ошон үчүн кызы да баягысындай төркүнүнө көп каттай албай калды.
Өткөндө апасы райондун ооруканасына жатканда бир барып көрүп келген эле.
Андан бери келгенге чолоосу жок.
Арчабүбү догдур берген дарысын ичип, бир аз жаткысы келди.
Канча убакыт жатканы белгисиз,көзү илинип кеткен экен,үйгө кирген адамдын катуу сүйлөгөнүнөн ойгонуп кетти.
Ал өйдө болуп ал кирген кишинин көргүсү келди,бирок негедир көрө албады.
Башы басылмак турсун ансайын күчөп, бүткүл денеси оор тартып калыптыр кулактары укпай баратат.
Көзү караңгылап, жүрөгү оозуна келип калгандай тарсылдап,бүткүл арка бели жүлүнү буралып,тартылып түйүлгөндөй кайдадыр алып жулуп бараткандай болду.
Өз денесин,акыл эсин башкара албай кулап баратат.
Андан аркысы эмне болгонун Арчабүбү байкуш кайдан билсин.
Жаткан төшөгүндө тыптынч жатып калды.
Алтымыш төрт жашында башына кан куюлуп кете берди.
Жана үйгө кирген киши жаш аспирант Сатарбек болчу.
-Эже, кечириңиз,бирок зарыл болуп жатат,козулардын төрөлгөндөгү тизмеси үйдө дептерде бар деп Анаркул аке айтты,ошону таап бере аласызбы? -деди жигит босогодон бутун чечпей жатып үнүн чыгарып сурады.
Жаткан аялдан такыр өзгөрүү болгон жок,же укпай жатабы,балким катуу уктап калса керек деди ичинен.
Ал бул аялга түшүнө албай, көпкө карап турду.
Бир кезде суроосуна жооп албагандан кийин,жакын басып барып, жаткан Арчабүбүнү карады.
Биринчи көргөн көзүнө уктап жаткан чабандын аялын көрдү.
Бирок мындай мезгилде чабандардын аялдары эч качан уктабасын билип деле калды,балким ооруп калды бекен,андан көрө сурайынчы -деди Сатарбек Арчабүбүнүн жаткан жерине жакын келип акырын сүйлөдү.
-Эже,кандайсыз,бир жериңиз ооруп жатабы?-деди жигит.
Такыр өзгөрүү жок.Сатарбек акырын колунун учун тийгизип жеңил ойготкусу келди.
Негедир өзгөрүү жок,ойгонгон жок.
Ошондо гана жаман ой мээсине ток ургандай тийди,бир чети коркуп дагы кетти.
-Эже,эже, Арчабүбү эже -деди катуу кыйкырып .
Үн сөз жок.Бир айдан бери күндө келип, эжесинин колунан тамак ичишип кетип жатканынан боор толгоп,жакын болуп калган деле болчу.
Сатарбек чыдай албай, Арчабүбү жамынып жаткан үстүндөгү төшөгүн алып ыргытты да анын колун өзүн көздөй тартып тамырынын согушун текшермек болду.
Тамыры сокпой калыптыр эбак эле.
Мууну калчылдап, каңырыгы түтөдү Сатарбектин. Эх өмүр ушунча кыска белең. Жүрөк сокпой калды.
Күн сайын тамагын берип кабагым кашым дебей,канча киши келсе да баарына жетишип,чабан күйөөсүнө арка жөлөк болуп өмүр өткөргөн аял көз ачып жумганча түбөлүк көз жумуп кете бердиби?
Сатарбек Арчабүбүнүн жүзүнө ишенбей үңүлдү.
Керилип гана уктап жаткандай көрүндү көзүнө дагы.
Ал жамынчы төшөгүн кайра жаап коюп эшикти көздөй аттап буттап шашып чыкты .
Акыркы убакта ооруп жүргөнүнө карабай,эл көзүнө тың жүргөндөй көрүнчү эле го эжеси.
Сатарбек эшикке чыгып кыйкырып жиберди. Шашкалактап кайра үйдү көздөй чуркады.
– Анаркул аке,Жээнбек Караевич агай,үйгө келгилечи -деди аптыгып эмне дегениң өзү билбей ары-бери басып жаман болуп жатты.
Кой сарайда жүргөндөр адагенде эмне болуп кетти деп түшүнө алышпай үйдү көздөй чуркашты.
Тапырап чуркап үйгө киргендер жансыз жаткан Арчабүбүнү көргөндө коркуп кетишти.
Элдин аягында колун шаша буша жууп,кирип келе жаткан Анаркул эч нерсеге түшүнбөй, төшөктө жаткан аялына жакындады.
Арчабүбүнү артынан акырын түртүп ойготкусу келди.
Аялы жаткан боюнча кыймылдабады.
Анаркул төшөктү айланып аялынын бети менен жаткан жагына өтүп жуурканды ачып карады.
Көзү жумулуп уктап жаткандай көрүндү көзүнө.
Анаркулдун жүрөгү тыз дегендей ачышып кетти.
Башы айланып,ишенээр -ишенбесин билбей элди айланта карап алып бакырып жиберди.
Анаркулдун өңү бозоруп купкуу болуп аялын булкуп жатып да боздоп ыйлап берди.
Көзүнөн аккан жашы куюлуп, сүйлөйүн десе тамагы буулуп жатып араң үн чыгарды.
-Арчаш эмне болду, ойгончу,ээ карангүн,ушундай да болмок беле,кантип эле,сен мени таштап кете бересиңби, Дилдеш,Аскарбегиң кантет кокуй !!
Аялынын денесин кучактап ишене албай боздоп ыйлап жатты.
Эшиктен кирип келген Алымкул жардамчы чабаны, дагы ишене албай каңырыгы түтөп,бир тууган жеңесиндей болуп калган Арчабүбүнү ал деле өлүмгө кыя албай көзүнүн жашын көлдөтүп аарчып Анаркулдун далысынан кармап ичи күйүп эңшерилип турду.
Койлордун ооруусун изилдеген окумуштуу Жээнбек Караевич менен аспиранты Сатарбек экөө бул окуяга кабыргалары кайышып,койдун оорусун дарылап жатышса,мында эң асыл зат аялдын өлүп калышы, өкүнүчтүү болуп жашоого болгон кызык жоголгондой баарысынын,өңү өчкөн чүпөрөктөй бозоруп шалдырап туруп калышты.
Бир кезде Анаркулдун оюна догдур келди
-Ээе, айланайындар, Жеке,догдурга алып баралычы,кантип эле Арчаш,заматта кетип калышы керек, болгулачы догдурга алып баралычы -деди Анаркул,Жээнбек Караевичке жалооруй ый аралаш тиктеп, бат-бат сүйлөп, өзүнөн кетип сыртка чуркап чыгып байлануу атын көздөй чуркады.
Жээнбек Караевич деле тапатандан мындай окуяга түш болгонунан азыр Анаркулга эмне дээрин билбей туруп калды.
Дагы да болсо жолду жардамчы чабаны Алымкул тапты.
-Болор иш болду,жеңемди догдурга алып баргандан пайда жок, азыр Анаш акем күйүт менен бир ылаажым болуп кетээр бекен дегенсип далбастап жатат.
Ооба,догдурга алып барабыз деп сиздин машинеңиз менен алып чыгалы ,анан үйгө алып баргандан кийин догдурду чакырталы-деди Алымкул.
-Ооба,туура айтасың -деди Жээнбек тигинин тапкан акылын туура көрүп.
Арчабүбүнү лабараториялык машинанын ичине төшөк салып акырын жаткырышты.
Анаркул дагы деле болсо аялынан күндөрүн үзө элек.
Өлүмгө эч кыйбай,кошо кирип жанына олтурду.
Кетип бара жатып жардамчысына сүйлөдү.
-Алым, койдун башында эми мен келгенче өзүң бол.!
Мен жеңеңди догдурга жакшылап көрсөтүп анан келем,такыр көзүн ачпай,сүйлөй албай жатпайбы-деди жамандык болгонун такыр оюна алгысы келбей,такыр моюн сунбай, өлүмгө аялын кыйбай,эч ишене албай, каңырыгы тутөгөндөй каргылдана сүйлөдү.
-Макул,ошентиңиз анда,мен бул жакта эле болом камсанабаңыз-деди Алымкул чындап бир боор болуп калган Анаш акесине жаны ачып, жеңесин өлүмгө кайгысы келбей, көкүрөгү оорлоп,кыйналып айласыз жооп берди.
Арчабүбүнү үйүнө алып келишип жаткырып,айылдык фельдшерди чакырганы Сатарбектин жөнөттү.
Келини Айнакан сулк эле жаткан кайненесин көрүп бир нерсе болгонун ичинен сезип акырын бышактап ыйлап жүрөт.
Ким айтканы белгисиз,эми эле талаадан жумушун бүтүрүп гаражга машинесин айдап келген Аскарбекке дагы бирөө айткан окшойт.
Аскарбек эч нерсени карабай эле төркү үйдө жаткан апасынын үстүнө кирип бакырып жиберди.
Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп,таппай,муздап калган колдорун кармалай берип бакырып жатты.
– Апаа, Апа-аа – деп, бакырып токтобой, Апаа! Аа, ап-а-а! – деп бакырган үнүнөн чын эле жаман бир нерсе болгонун сезишип коңшу колоңдор дароо эле чогулуп калышты.
Арчабүбүнүн өлүмү капыстан келген капсалаң ажал, бул айттырбай келген ажыдаар, Анаркулдун үй-бүлөсүнө аябай оор тийди.
Капыстан келген бул өлүм Аскарбектин дарманын алып, эшикке сүйөнө калбаса жыгылып кетчүдөй араң ордунан турду.
Айылдагы апасынын жакын санаалаш коңшулары кирип келишти.
Арчабүбү үй бүлөсүнө гана эмес,жалпы айылына балкыган мээрмандыгы менен үлгү болгон аял эле.
-Таңгөрүү….кече бар,бүгүн жок дүйнө деген ушул белем,жалган дүйнө деген ушул белем -деп Наркүл апа ыйлактап көзүнүн жашын аарчып Аскарбекти сүйөп таяп сыртка чыгарды.
Сыртка чыккан Аскарбек атасын көрүп алып бакырып ыйлап токтоно албай жатты.
-Болду,эми,көп ыйлай бербегиле апанарды кыйнап коёсуңар,андан көрө боз үй тигели,чакырчу жээк-жааткка кабар берели ,кам чомубузду көрөлү туугандар, союшту соёлу, жай казгандар жайга жөнөгүлө,Анаркул менен Аскарбектен башкаңар иштеринерди баштай бергиле.
Молдокени чакырып маркумду майрам сууга алгыла, Наркүл жеңе Сонункан жеңе ,силер дагы өз ишинерди кыла бергиле -деди уруунун аксакалы Абдиш аке баарына өз иштерин айтып жатты.
Молдо келип аялдар сууга алганы жатышты.
Кече эле теңтуш болуп,бир ичип, жеп,ойноп күлүп өмүр өтүп,анан байбиче болушуп сөөлөт күтүшүп бирин бири чакырышып калган кезинде Арчабүбү теңтуштарын абысындарың таштап кетип бара жатат.
-Байкушум,карачы, өлгөндө дагы сынын бузбай зымпыйып жатканын асыл зат элең,курбум кантейин кудайга керек болуп калсаң керек го -деди Сонункан ыйлаганын токтото албай көзүнөн жаш куюлду.
Арчабүбү пакизе бойлуу ашыкча эти жок,эки өрүм чачы артында төгүлгөн,көп сүйлөбөгөн,теңтуштары сүйлөсө угуп олтуруп, жылмайып койгон сулууча келген аял эле. Оокат-ашы өзүнүн үй-бүлөсүнө жетерлик орто турмушта жашашчу. Өздөрүнө ылайык мал-мүлкү, баласы,турмуштагы бир кызы бар, кенен-кесири жашап турушкан.
Апасынын караанына зарлап, буркурап, ботодой боздоп, көзүнөн жашын куюлтуп ботодой боздоп кеч курун кызы кайындары менен келип түштү.
Боз үйдүн сыртында ыйлап турган инисин көрдү.
Аскарбек эжесин көрүп ал дагы ботодой боздоп койо берди. Кудайлап ыйлап жиберди. Эки бир тууган кучакташып ыйлап жатышты.
Оо жараткан эч кимди кошкон жарынан, сүйгөн адамынан балдарды энесинен ажырата көрбө!
Анаркул кучакташып ыйлаган балдарын көрүп жүрөгү ачышып, көзүнө келген ачуу жашын алаканы менен сыдырып алды.
Көзүнөн аккан жаш тыйылбай шорголой берди.
Чыкпаган эле жаны турат.
Эми эч нерсени сезбей билбей эле калгансыды.
Кантсе да “Өлгөндүн жазасы көммөк” деп Арчабүбүнү үчүнчү күнү жерге беришти.
Анаркул атасына эмес, Аскарбекке дагы жашоонун маңызы жоктой сезилди.
Жайга коюп келгенден кийин Анаркулдун аталаш туугандары олтуруп куран окушуп,анан кайрат сөздөрүн айтышты.
-Эми Анаш,бул иш болбосо болот эле,эми болоор иш болду, эртеби кечпи баарыбыздын барар жерибиз ошол жер,кудайга керек экен, Арчабүбү келинибизди алып кетти оо дүйнөгө,сен эми жаш эмессиң,бекем бол,кайраттуу бол,балаңа күч бол!
Тирүү адамдын жашоосу токтобойт, белиңди бекем бууп,балаңа баш көз бол!-деди уруунун аксакалы Жакыпаалы акеси карылыгы жетсе да,акылы дале курч боюнча.
-Мындай жамандык, пенде баласынын башына сала турган нерсе, көтөрүшүбүз керек,башка айла жок балдарың аман болсун -деди Култай,ары тууганы ары коңшусу болуп.
Далай оор сыноолорду башынан кечирген Анаркул,азыр аялынан айрылганы баарынан өткөн оор сыноо болду.
Ал эми Аскарбекке болсо апасынан ажыраганы жашоого болгон кызыкчылыгы өчө түшкөнсүдү
Сырттан келген жээк-жаатар үйлөрүнө кетишип,айыл ичинен келген журт үйлөрүнө тарашып, Анаркул өз үй-бүлөсү кызы Дилдеш,уулу Аскарбек келинчеги эки небереси менен үйдө томсоруп олтуруп калышты.
Үч күндөн бери ыйлап сыктап жатып,өңү бозоруп шалдырап калган кызы,бир кезде сыртка чыкты.
Көп өтпөй эле эшиктен кыйкырык ызы -чуу боло түшүштү.
-Өш,өлөт ко бул,ташта дейм -деген кызынын үнүнө,кээде келини Айнакандын дагы үнү чыгып калып жатты.
Анаркул бир бурчта ,баласы Аскарбек сүйөмө диванда берки бурчта жаткан эле.
Эшиктеги үндөрдөн Аскарбек обдулуп сыртка чыкмак болгондо колуна бир нерсе көтөрүп,боро-шоросу чыгып бакырып кызы үйгө кирди.
Анаркул менен Аскарбек жаткан ордуларынан тура калып эмне болуп кеткенине түшүнө албай Дилдешти карашты.
-Ой,айланып кетейин,бай болгур эмне болду,үч күндөн бери апаңды ыйлап тапсак табат элек го, сабыр кылчы балам-деди Анаркул кызын кучагына алып каңырыгы түтөп ыйлап алды.
-Байкуш апам,мына муну караңызчы ,апамдын өзүнүн эң жакшы көргөн көйнөгүн өзүм апамды сагынганда жытынан жыттап кийип жүрөйүн десем ,өлөт алгыр Тыныстандын ую биздин чарбактан өтүп ,жайылып турган бул эки көйнөктү чайнап тытып салыптыр,жээк уйду арткандап койбойбу уюнун сырын билгенден кийин, апамдын көйнөгү да буюрубады го мага -деп Дилдеш апасынын эки көйнөгүн жерге жазып жатып аябай буркурады.
-Апамдын көйнөгүнбү Тыныстандын уюбу?алда энеңди урайын,ушунун уюнуку өттү го, өткөндө дагы менин ак футболкамды чайнап салган,ал го мейли,эми апамдыкын сайраганын карачы- деп ачууланып Аскарбек эшике жүгүрүп чыкмак болду эле атасы
-Кой балам,барганың уят,бул айбан мал,түшүнбөйт,эмне кылабыз, көйнөк тургай апаңдан айрылып олтурабыз го,айла канча,кудай коңшу дейт,уят барганың -деди ачууланган баласын тыйып өзү дагы аялынын ушул көйнөктөрдү кийип кулпуруп баскандарын эстеп ичи куйкаланып өрттөнүп кеткендей болду.
Көкүрөгүндөгү көк түтүнүн чыгарып олтуруп калды.
Кызы Дилдеш жерде чайналып жартысы калган апасынын көйнөктөрүн тиктеп көпкө армандуу бышактап басыла албай жатты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3
Калеминиз курчуй берсин,автор.