(аңгеме).
Сүйүнбай көптөн бери айыл менен сүйлөшкөнгө убактысы болбой,ушул дем алышта бир кабар алып коюш үчүн атайы борбордук сүйлөшүү түйүнүнө келди.
Күнгө жекшемби болгонунанбы айтоор сүйлөшүү түйүнүнүн ичи быкбырдай элге толтура.
Айылда Сүйүнбайга жакындарынан тайкеси Качкымбайдын үйүндө гана телефон бар эле.Тапшырык берип,эки жагын карап,бош орун издеп дивандын четине келип олтурду.
Колуна кармаган гезитин ачып,шаар ичиндеги жаңылыктарга көз жүгүртүп олтурган.
Бир кезде өзүнүн тапшырыгы боюнча сүйлөшүү мөөнөтү келди окшойт.
Жарыя айтылып, Сүйүнбай бешинчи кабинага кирди.
-Алло,алло Качкымбай тайке,кандай жакшы жатасыңарбы, үйдөгүлөр кандай баары жакшы жатышабы?
-Бала-чака ойноп күлүп чоңоюп жатышабы тайке?
-Эмне жаңылык айылда.?
-Жакшы айланайын кудая шүгүр эле,бала чака баары жакшы.
Азыр жаз жарыш дегендей баары жер менен мал менен иштеп жатышат.
Кече сенин жездеңдин, кырсыктап трактору кулап сайда жатат деп айтышты,мал базарга бара жатып,тигил Чоң Жардын жолунан кулаптыр-деди тайкеси .
-Ой, кокуй, Табылды жездемби эмне мас бекен?
Өзү аман бекен деги?
-Билбейм анысын,таеженең Бүкөн кече ошол тарапка барса тракторду сайдан чыгара алышпай жатыптыр деди.
-Макул анда тайке,сак саламат жакшы туруңуз акеме телеграмма берейин эртеңкиге сүйлөшөйүнчү деди Сүйүнбай бушайман болуп сүйлөшүү түйүнүнөн чыкты .
Айылда Сүйүнбай менен жатындаш бир эне бир атадан туулган эки бир тууганы бар .
Анын бири агасы Алымбай кырктын кырынан эчак ашып беш баланын атасы,айылда мал чарбачылык жагында иштейт.
Экинчиси эжеси Жеринди.
Жанагы айтып жаткан Табылды жездеси ушул Жеринди эжесинин күйөөсү , болгондо да жалгыз карачечекей жездеси болуп жатпайбы.
Айылдагы агасына телеграмма келгенде Алымбай дүйнөсү сапырылып,талаадагы үлүш жерлерин суу каптап,эми сепкен үрөндөрдү чыгаар чыкпасын,суу жууп кеткенин билбей күмөн болуп олтурганда,мал базарга алып бара жаткан трактору прицеби менен кулап,беш алты коюнун буту колдору сынып, күйөө баласынын торпогун анын баарын союп ,этин алып чыгып,эт алгандарга өткөрүп Алымбай бир түн,эртеси бир күн бошобой алпурушту.
Эми тракторду сайдан жогору көтөрүп чыгарыш дагы мойнунда турат.
Почточу карматкан кагазды алып ачып ичин окуса шаардагы инисинен сүйлөшүүгө келген кагаз экенин билди.
-Мен жыргап жаткансып Сүйүнбай дагы эмне дээр экен деди ичинен эч нерсеге көңүлү келбей.
-Почточу келдиби-деди аялы Бурул эрине карап.
-Ооба, Сүйүнбай телеграмма жибериптир,саат бешке почтого барып сүйлөшөм -деди Алымбай.
-Бала,биздин окуяны уккан окшойт,эмне болуп кетти деп тынчсызданып сүйлөшөйүн деп жатат да -деди Бурул эрине карап.
-Ошондойго -деди эри сиркеси суу көтөрбөй.
-Бир аз чырм этип алайынчы түнү бою чуркаганга денем өзүмдүкү эмес,малы да курусунчу,жаныбыз аман калды -деди Алымбай ашкана бөлмөсүндөгү диванга кыйшайып жатып аялына күбүрөндү.
-Ошону айтсаң,башыңар аман калды мал табылаар өзүңөр аман болгулачы деги -деди аялы күйөөсүнүн үстүн жеңил жууркан менен жаап жатып каңырыгы түтөгөндөй өзүнчө тооба кылды.
Алымбай жаңы эле көзү илинген кезде эшиктен бакылдап кыйкырып,кече куданын алдына кеткен Мухтарбек досу кирип келди.
Сыртта Бурулдун айтканына эч көнбөй досун өз көзү менен көргүсү келип түз эле ашканага кирди .
-Эй,Апыш,бул кандай,мен бир күн жок болсом,кыямат кайың болуп кеткени -деди тилин булдуруктатып досунун үстүндөгү жуурканын сыйрып алып салды.
-Тур,дос,мен сенин ахыбалыңды угуп,чыдай албай келдим,тур дос,ачууну ачуу басат дейт,кудадан дагы кешик алып келдим -деди Мухтарбек жаңы гана уктаган Алымбай досун уйпалап тургузду.
-Ой,Муке,кандайсың,куданын алдына барып,бир чоң парздан кутулуп келдиңерби-деди Алымбай кыйналган,жанчылган денесин араң көтөрүп өйдө болуп жатып жылмайды.
-Кудая шүгүр,барып келдик,кутулдук,койчу эми аны жакшылык болду, өзүңдү айтчы,как это так случилось?
Мен башым айланып,түшүнбөй жатам,силер кантип ошол жерден кулаганынарга-деди Мухтарбек досу бир чети таң калып,бир чети мастыгынан досуна чын ниети менен күйүп бышып сурады.
-Билбейм Муке,таң атканда эле эрте чыкканбыз,менин беш коюм,Табылдынын бир торпогун алып,кырсык каш кабактын ортосунда деген чын окшойт,түз эле жерден тайып кеттик,кудайдын көзү түз экен,аман калдык, экөөбүз тең секиргенге үлгүрүп калдык,болгону күйөө баламдын буту жеңил жарака кетип сынды,районго барып рентгенге салып,гипс койдуруп,балдак менен бассаң болот дептир,мени эми башым ооруй баштады,кечетен бери коркуп ,анын үстүнө тигил жарадар койлорду,торпокту союп,этин өткөрүп жүрүп өзүмдү деле унутуп коюптурмун,эми гана денемдин ооруганын билип жатам.
-Это ерунда,главный корпус аманбы,психиканы азыр оңдойбуз,азыр ичип,бардык негативди чыгарып салышың керек, мен муну сага как опытный человек катары айтып жатам,менде дагы ушундай окуя болбоду беле
машинем менен тоодон кулап, анда шаарда жашачу элем го жаңы эле алган машинем болчу,кайра ошол машинеге минген жокмун, запчастка сатып жибердим,эң негизи башыңар аман калды,кана өзүң бир деме деп койчу -деди Мухтар досуна .
-Эми эмне дейин, аман калдык дос чынында,бир кудай өзү сактады аз болбогондо азыр боз үйдүн жанында асыл кайран досум ай деп өкүрүп туруп калмаксың.
-Таш оозуңа,жакшы сөздөн сүйлөчү-деди Мухтар.
-Эй,Бурул,стакан берчи,өзүң дагы бери кел,кешиктен ооз тийип ичип койгула,силерге атайы келдим,катын мени урушуп анан барасың дейт,как это так,мен бул окуяны угуп туруп келбей коё албайм да.
-Ай, койчу,эң негизгиси, өзүңөр аман калдыңар калганы курусунчу,кел андан көрө мобул кешиктен ооз тийели азырынча,анан үйгө барып чоң кешик жейсинер, катын өзү даярдап чакырат баарыңарды -деди Мухтар орусча кыргызча койгулаштырып сүйлөп досуна жаны ачып .
Бурул аяшы алып келген үч чөйчөккө Мухтар толтура арактан куюп досуна,андан кийин аяшына сунду.
Алымбай өзүнө сунган аракты колуна алып бетин башын бырыштырып жатып тартып жиберди.
Анын артынан берки экөө тең алып жиберишти.
-Кел,эми чайга карагыла-деди Бурул.
Мухтарбек кудага барган келгенин кудасынын тосконун толук айтып сүйлөп анда санда чөйчөктөргө куюп коюп жатты.
-Кел анда,дос,бир милдеттен кутулуп келдиң,кудаң миң жылдык болсун,эки бала бактылуу жашасын, бөөдө кырсыктан тыш бололу ээ,кел эми алып жибергиле деп Алымбай өзү биринчи алып жиберди.
-Биз дагы бир эки күндө кудайы тамак беребиз го коңшу колондорго ,үйдө эле болосуңбу же дагы тентип кетесиңби-деди Алымбай алып сатар досуна карап күлдү.
-Ой, көкөңи,жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу дегендей жыргаганымдан соода кылып жатат дейсиңерби,болбосо менде эки диплом бар ,союз таркабаганда,бир организациянын бакандай инженери болуп иштемекмин же болбосо главный механик болмокмун.
-Эй,балээдей кыргызча сүйлөп калдың,мурункуга караганда -деди досу Алымбай каткырып.
-Сүйлөйсүң да,силерге окшогон орусча бир ооз сөз билбеген досторуң болсо.
-Же,силерге окшоп мал бага албасам,катын дагы врач болуп ,баарына запрет кыла берет анын үстүнө-деди Мухтарбек
-Аракка запрет кылбайбы анда-деди Бурул аяшы каткырып .
-Көп ичсең буга деле запрет бар дечи, бирок акең көбүн көрсөтпөйт да катынга -деди Мухтарбек төшүн көтөрүп каткырып.
-Ой,балакетсиң дегеле дипломат болуп эле иштечүдөй касиетиң бар сенин-деди аяшы жүз грамм баргандан кийин жүзү албырып досун мактап калды.
-Ой,жакшы болбодубу келгениң,денем жайылып,бир аз болсо да өзүмө келе жатам-деди Алымбай
-А как же,ещё как келесиң дос,көп ичпеш керек, все норма болсо как адреналин сыяктуу жашоого позитивдүү карайсың деди .
-Ай,кашайгырдыкы саат канча болуп калды,Бурул карачы шаардан Сүкүш менен сүйлөшмөкмүн телеграмма жибериптир -деди Алымбай бир кезде телеграмма эсине түшө калып.
-Азыр,карайынчы,ой,болуп калыптыр,саат төрт жарым кокуй тургула,почтого барганча болуп калат,тигил орус катын дагы жаман кечиксең болду все убакыт өтүп кетти деп эле коёт.
-Энесин урайын ошонун жанагы Бористин Руденконун катыныбы,ал орус эмес,немка экен,Бористин фамилиясына жазылып алган.
-Койчу,аты Таня болсо,орус эле го-деди Бурул.
-Таня болсо Таня да,меники деле Мухтарбек кыргызда барбы ушундай ат-деди досу күрпүлдөп.
Жүрү,кеттик, анда кечигип калбайлы -деп Алымбай досу менен сыртка чыгышты.
Алар почтага келгенде туптуура саат беш болду.
Алымбай колундагы кагазын очки тагынган орус аялга сунду .
-Танюша это от младшего брата .
-Да,я все понимаю,я слышала,
что произошла у вас,не переживайте, главное вы оба живы, все будеть хорошо,все образуется-деди почточу Таня көңүл айтып .
-Спасибо Таня -деди Алымбай.
-Конечно,все образуется -деди Мухтарбек мурутун серпип орус аялга тийишкиси келип аны карады.
Бир совхоздун эли уккан окуяны совхоздун ортосундагы почтада иштеген Таня кантип укпай калмак эле.
Айылдагы орустардын көбү кетип беш алты үйлүү орустар эле калган эле.
Совхоз деп баягы союз кезиндеги аты менен эл арасында азырынча айтылып
келе жатканы болбосо, айыл өкмөттөн алган кагаздардын баары аталышы башкача болуп калган .
Аңгыча телефон чырылдап,Таня алып жооп бергендей болду да чыгып берки бөлмөнүн эшигин ачып Алымбайга кирип сүйлөш дегендей ишаарат жасады.
Алымбайга бул кичинекей бөлмө абдан эле тааныш кезек кезеги менен шаарда жашап жаткан иниси менен сүйлөшүп калат.
Почточу келин атайы эл үчүн, сүйлөшкөндөр кенен кысылбай сүйлөшүп алышсын деп бир ,бөлмөнү сүйлөшүү түйүн кылган эле.
Трубканы алганда эле Сүйүнбайдын добушун укту.
-Алло,алло,Апыш кандайсың ар,жакшы жатасыңарбы,бала чака жеңем кандай?
Жездеме эмне болду?
Аман элесиңерби?
Трактор кулады дейби Апыш ?
Талаадагы жер үлүшүң эмне болду ,эмне септиң баары жакшыбы- деди Сүйүнбай агасын ооз ачтырбай суроо үстүнө суроо берип жаны калбай сурап жатты .
Жанатан почтага келгенде жакшы эле келген Алымбай,жатындаш бир тууганынын үнүн уккандан кийин жаңы эле күйүп жанган жан дүйнөсү бошоп кеттиби,же ичкен арагы эми башына тээп чыктыбы айтоор өзүн коёрго жер таппай бир азга мукактанып барып сүйлөдү.
-Болор иш болду Сүкүш ,эми айтканда,айтпаганда не пайда. Трактор кулады прицеби менен Табылды кулады буту сынды,кыскасы баары өлдү.. Бүттү.
Баары өлдү. Та.... дагы. Жери дагы...Айла жок.. Малы дагы.Өлдү.
Өзүбүз аман болойукчу -деди тилин булдуруктатып.
-Эмне дейсиң Апыш,Табылды жездемби ,койчу,кантип эле.
-Кырсык каш кабактын ортосу экен да, өзүбүз деле билбей калдык. Та..ла...жер.. деле баары өлдү.
Эмне кылам,маңдайга жазган ы ошол болсо .
-Апыш эмне деп жатасың,анан кантип эле жездем ...деди Сүйүнбай ыйлап .
-Сүкү ,койчу,баары жакшы болот, өлбөгөн киши бир күнүбүздү көрөбүз да.
Конечно жалко,бирок эмне кылам, союп өткөрдүм.
Кудайы өткөрөм ,келсең келип кал -деди агасы.
-Өткөрүп жатасыңарбы ,качан .анан.. жездем качан коюлат.
Сөздүн артын укпай эле ичкен арагы оозуна келип Алымбай ыктытып жатып айтты.
-Эртең же бүрсүгүнү.
Сүйүнбайдын кулагы тээ бала кезинен жакшы укчу эмес,жай кезде тыңшап аярлап укчу эле.
эми азыр жүрөгү кыйналып агасынын үнүнөн өтө бир кайгынын муңун уккандай болуп кулактары ансайын дүңгүрөп алыстан эле угулуп калды.
Табылды жездесин өлүмгө кыйбай кыйналып турду.
Кантип эле жакшынакай ооруп сыктабай эле жездеси ушинтип эле өлүп калабы деген ой башынан кетпей туруп алды .
-Апыш,жездемди догдурга алып бардынарбы анан,такыр болбой калдыбы?
-Алып бардык,такыр болбой койду өзү.
-Кайран жездем,байкушум ай,,эч кимге зыяны жок,эжем кандай анан деди .
-Жакшы эле,эжеңи билесиң да,бекем кайраттуу экөөбүз го караганда,атама окшош деп көп айтам го сага.
-Атам дейсизби,эмне атам түшүңүзгө кирдиби?
-Жок,Жээриндини айтам атама окшош деп.
Аңгыча бүткүлө деген кыздын үнү телефондон угулуп калды .
-Болуптур Апыш кантебиз маңдайыбызга сыйбаса, анда биз эртең менен чыгабыз,айла жок,-деди жашын аарчып жүрөгү эзилип .
-Макул анда келип калгыла -деди агасы тамтаңдап ордунан туруп эшикти көздөй басты.
Башы айланган Сүйүнбай сүйлөшүү түйүнөн чыгып эшик алдындагы олтургучтарга олтура кетти.
Ичи ачышып,жездесин өлүмгө кыйбай,көз алдынан жаркылдаган адамды көз алдынанх өткөрүп көкүрөгү оорлоп бир азга үнсүз нес адамдай дендароо боло түштү.
Анан өзүнө келип,боюна кайрат топтоп өйдө туруп үйүн көздөй жөнөдү.
Ал күнү кудай жалгап Замира жумушка барбай дем алып жаткан.
Аял киши үйдө болсо деле эс алалбайт эмеспи.
Балдарын сабакка жөнөтүп коюп үйлөрүн жыйнап,кир когун жууп,эми тамак жасайын деп муздаткычтан эт алып туураганы жаткан.
Эшиктен өңү бозоруп кирип келген күйөөсү Сүйүнбайды көрүп чоочуп кетти .
-Ой, Сүкүш эмне болду тынчылыкпы,жумушуңа бардыңбы.
-Тынч эмес,Замира Табылды жездем өтүп кетиптир -деди да жанатан чыдап келе жаткан тамагындагы ыйы бур этип чыгып, өкүрүп ыйлап калды.
-Эмне дейсиң,жездемби? -деп катуу чочуган Замиранын колунан бычагы да ыргып барып жерге түштү .
-Ооба,жездем,эч кимге зыяны жок,бир момун киши эле го Замиш,кудай жездемди эмнеге алды,бир алтын адам эле го-деп Сүйүн ансайын үңкүлдөп токтоно албай ыйлап жатты.
-Алда байкуш жездем ай,сонун адам эмес беле,жок дегенде дагы бир аз жашай турса жакшы болмок ко -деп Замира дагы бышылдап ыйлап кирди.
Эр -катын бири -бирин соорото албай, жездесине ичтери ачышып, бир топко кайгылуу олтурушту.
Бир кезде Замира күйөөсүнө карап акырын сурады.
-Деги эмне болуптур, айтыштыбы сага -деди.
- Ооба,азыр эле Апыш менен сүйлөштүм,өзү келиптир сүйлөшкөнгө,малбазарга мал алым бара жатып Табылды жездемдин трактору прицеби менен төмөн сайга кулап кетиптир.
Жездем байкушум ошол жакка кулап калган окшойт,малдары дагы баары өлгөн окшойт,
Апыш баары өлдү, бүттү деп ыйлап айтып жатты.
Жездемди эртең же бүрсүгүнү коёт экен.
Биз эртең эрте менен чыгып жөнөйлү.
-Макул,балдарды сиңдиме дайындайын,жумушка чалып айтыш керек,анан Апыш биз эмне алып барабыз.
-Биз ,билбейм,чынын айтсам-деди Сүйүнбай.
-Анда тигил Кадича эжемден сурайын,биз кандай кылып барабыз деп.
-Макул,сурасаң тез сурап бил,күн бата электе кем карчыбызды алып алалык базар жабыла кезинде-деди күйөөсү.
-Акчаны кандай кылабыз?-деп сурады аялы.
-Бүгүн жүрөгүм сезгендей жумуштан акча алып анан барып агам менен сүйлөшкөн болчумун.
-Аа,анда жакшы болуптур азыр Кадича эжеме барып келе коёюн,жакын эле,бир аялдама,ал деле үйүндө болуш керек деп Замира шаша буша кийинип үйдөн чыгып кетти.
Сүйүнбай аялы кеткенде диванга кыйшайып телевизор тиктеп калды,бирок ал жакта эмне болуп жатканын көргөн жок.
Анын оюн сабактан келген эң кенже уулу Максат бузуп жиберди.
-Ата,апам жокбу үйдө -деди бала үйгө кирип жонундогу
китеп салгычын жерге коюп жатып сурады.
-Эмне дейсиң Маку,мага айттыңбы бир нерсе- деп баласын карады.
- Ооба,апам кайда кеткен деп жатам.
- Аа,апаң азыр келет балам.
- Эмне көрүп жатасыз ата?
- Эмне дейсиң?
- Ай,ии сонун передача көрүп жаткан турбайсызбы
"Последний герой".
Максат атасынын жанына олтура кетти.
Кимиси кетет болду экен бүгүн? -деди бала.
-Башынан баштап көрдүңүзбү ата?-деди бала атасына карап.
Атасы карап эле олтурат бирок үндөбөдү.
-Ата, ата дейм,бул кайсы жер?
-Ыя,кайсы?
-Бул жерди айтып жатам.
-Балам суу алып берчи мага -деди атасы.
-Бала чакадан суу сузуп келип атасына берди да, атасын таң калып карап койду.
Аңгыча эшиктен экинчи уулу менен кошо аялы Замира дагы келип калды.
-Ии,келип калдыңбы эжем үйүндө бекен?
-Ооба эжем үйүндө эле экен,баарын сурадым,ого эле көп нерсени айтты.
Замира дивандын маңдайындагы отургучка олтуруп күйөөсүнө карап айта баштады.
-Жүрү анда бол,базарга барып алчу нерселерди алып эртең эрте чыгалы -деди Сүйүнбай үшкүрүп.
Эшиктен кирген ортончу уулу эч нерсени түшүнбөй уккан сөздөн улам сурап калды.
-Эртең кайда барасыздар апа,азыр базарга барасыздарбы?-деди Сабыр.
Ооба балдарым, силерге айта элекбиз,айылда атаңдын бир тууган эжесин билесиңер го Жээринди эжени,ошол эженин күйөөсү каза болуптур,биздин Табылды жезде, биз эртең ошого барабыз,айылга жөнөйбүз силерге Гульмира эжеңер келет мен келгенче, тентек кылбай,сабакка барып эженерди угуп,биз келгенче жакшы балдар болгула уктуңарбы,азыр Насыр байкеңер келсе тамак жасап чай иче бергиле,биз деле келип калабыз -деди апасы балдарына баарын түшүндүрүп.
Балдары бул сөздү уккандан кийин атасын карап эмне дээрин билишпей унчукпай олтуруп калышты.
Сүйүнбай менен Замира базарда чуркап жүрүп килем саткан жерден кымбатына карабай бир килем сатып алышты.
Анан улам Кадича эжеси жазып берген тизмени карап коёт.
Жыртышына деп жыйырма метр баркыт, сөөккө илгенине бир пальто, көйнөк калпак,маасы көлөч алышты.
Бир коробка конфет,бир коробка печенье, алышып,чарчап такси менен кечкурун үйлөрүнө келишти.
Сүйүнбай түнү менен жарытылуу уктабай улам-улам саатын карап таң эми агара баштаган кезде туруп алды.
Көңүлү келбесе да чоң жолго чыгаардын алдында дайыма сакал мурутун тегиздеп алып,башын бир сыйра чайкап жууп,алмай адаты бар.
Көп өтпөй аялы Замира да туруп балдарына ботко жасап,чайларын даярдап койду.
Бөлмөлөрдө чырылдаган сааттын үндөрү чыгып балдары дагы тура башташты.
Балдары окууга эрте кетишет.
Баары биринчи мөөнөттө окушат.
Балдары эртең мененки тамактарын ичишип эле окууларына жөнөп кетишти.
Алардын артынан Сүйүнбай менен Замира дагы такси менен алган буюмдарын салып автовокзалга жөнөп калышты.
Алар келгенде автовокзалда эл көп деле эмес экен.
Кассадан булар тарапка кетчү жакка билет сатыла баштады.
Сүйүнбай буюм тайымдарын аялы олтурган олтургучтун жанына сүйөп,билет алганы кассага жакындады.
Болгону беш алты киши турат катарда.
Элдин артына келип кезек күтүп туруп калды.
-Арты сизсизби- деди бир жаш жигит Сүйүнбайга карап.
Сүйунбай жооп берейин деп артына кайрыла берерде тигил сураган бала аны тааный койду.
-Ой,Сүкө сизби,кандай бала чака баары жакшыбы кайдан жол болсун,айылга бара жатасызбы мен дагы үйгө кетип бара жатам, жакын тууганым аш берет экен -деди Батырбек
оюнда эч нерсе жок, бапылдап жердешин көргөнүнө сүйүнүп кош колдоп учурашып калды.
-Ооба,айылга бара жатам-деди Сүйүн жай кабагын чытып көңүлсүз жооп берди.
Демейде элди күлдүрүп куудулданып сүйлөгөн Сүйүнбай агасы бүгүн негедир башкача экенин айныбай сезди.
-Суке, тынччылык элеби, маанайыңыз бош бүгүн такыр өзүңүзгө окшош эмесиз-деди Батырбек.
-Ошо, тынччылык эмес Батырбек, жездем өтүп кетиптир кече,ошого жеңең экөөбүз бара жатабыз-деди Сүйүнбай ыйламсырап.
-Ии,жаман иш болуптур,кайсы тиги ким эле аты -деди Батырбек атын эстей албай.
-Табылды жездем
-Ооба,Табылды аке ыйманы салават болсун,алтын адам болчу.
-Эмне болуптур? Кабар бердиби,ким айтты сизге-деди Батырбек .
-Бүгүн агам Алымбай менен сүйлөштүм,жездем трактору менен кошо кулап кетиптир тигил чоң жардан.
-Ой,ал жерден баары эле өтүп жатпайбы жолу сонун эле болуп калган,эмне болду экен,эми кырсыкты айтып болбойт Сүке-деди Батырбек.
-Ангыча кезек келип жердештер билет алышып Замиранын жанына келишти.
-Жеңе, жездеңердин арты кайырлуу болсун, ажалга айла
жок экен,бирин тоодон алса,бирин суудан алат ошентип бирин жолдон алат,ичер суу түгөнсө кудайым өзү билет экен го -деди Батырбек көңүл айтып.
-Айла жок, жездем алтын адам эле,колдон келбес иш болуп кетти-деди Замира жеңеси дагы муңайып.
-Мен азыр келем Сүке-деп Батырбек сыртка чыгып кетти.
Бир топтон кийин Батырбек колуна оролгон бир нерсени көтөрүп келди.
Ушул кезде алар кетчү тарапка автобуска отургула деген жарыя болуп,баары автобусту көздөй жөнөп калышты.
Батырбек жердештеринин жүктөрүн көтөрүшүп чоң автобустун жанына келип көп катары туруп калышты.
Бири калдайган бири арыкчырай келген шоопурлар келип эшигин ачып келгендердин билетин текшерип киргизип,жүгү барлардын жүгүн артына салып автобусун жай айдап вокзалдан чыгып алыска жол тартты.
Батырбек жеңесине айтып жанындагы жаш бала менен алмашып атайы Сүйүнбай акеси менен чогуу бирге олтуруп барууну суранды.
Автобус бир топ жүргөндөн кийин баягы өзү ороп алып келген колбасасын,нанын чыгарып,анан төш чөнтөгүнөн бир бутылка аракты сууруп алып чыкты.
Арак менен кошо сатып алган эки желим чөйчөктөрдү костюмунун чөнтөгүнөн чыгарып акесине карматты да аракты ачып куюп оозун жаап, алдындагы олтургучтун чөнтөгүнө салып койду.
-Эми,Суке, чынын айтсам абдан жаман окуя болуптур Табылды аке жаш эле болчу,дагы жашаса болмок бирок кудайга керек экен алып кетиптир биздин колдон келбес иш,эми калган өмүрүн балдарына берсин,башка эмне деймин,
ачууну ачуу басат дейт,сиз деле ичиңиз күйүп бара жатасыз түшүнүп турам келиңиз эми ушуну жезденин жаркын элеси үчүн алып жиберели-деди Батырбек бир кесим колбасаны акесине сунуп.
Куюлган аракты эки эркек тең ичип жиберишти. Алдында олтурган жеңеси менен жаш балага дагы колбаса менен нан беришти.
Арактын жыты бардыбы Замира бер жакка карап сүйлөдү.
-Ай, бала акеңе көп бербе деди.
-Жеңе сиз деле туура түшүнүңүз акемди, кичине көңүл айтып эркектер ушинтебиз жол алыс,ансыз да ичи күйүп бара жатат,бир аз болсо да алаксытып барбасам болбойт ко -деди Батырбек.
-Ошентсе да абайлагыла акең болбой калбасын -деди жеңеси.
-Бир бөтөлкө эле жеңе, эч коркпоңуз айылга жеткенче жыты деле калбай калат мунун -деди жигит.
Батырбек акесине куюп,өзү дагы ичип бир топ эле кызуу болуп калышты.
Баягыдан үндөрү чыгып,катуу катуу сүйлөшүп,анан бир кезде Сүйүнбай ыйлаганга өттү.
-Кагылайын жездем ай,жезде эмей эле экинчи агам элең жаш кезимде ата энемден ажырап калган маалда кандай гана эркелетип каалагандай кийгизип,каалаган сураган нерсемди аткарып көңүлүмдү көтөрүп жүрдүң эле асылым кантип сени жерге берем эми оу,оу -деп үшкүрүп бышыктады.
-Болору болду аке,ажал улук кантмек элек силер бала чакасы аман болсун,эми көп кейий бербеңиз, өзүңүз оорукчан болуп каласыз-деди Батырбек жердешине кайрат берип.
-Автобустун ичиндеги элдин көбү тынч бара жатышкан.
Жакын олтургандар тигилердин сөзүнөн бир жамандык болгонун түшүнүп унчукпай кете беришти.
Алдында олтурган аялы кылчайып буларды жаман көзү менен карап;
-Эй,акырын эми, элге тынчтык бергиле айла жок,колубуздан эмне келет,болду эми уктап тынч баргыла,ал жакта дагы көп иш бар-деди жини келип.
-Болду,болду жеңе сиздин бир ооз сөзүңүз,азыр акем экөөбүз уктайбыз-деди жердеш жигит акесинин олтургучун чалкалатып анан аны түздөп оңдоп жаткырып өзү дагы көзүн жумуп жатып калды.
Батырбек жакшы эле уктап кеткен экен жанындагы акесинин ыктытып окшуй баштаганын угуп чоочуп ойгонуп кетти.
-Ой,брат токтотпосоң болбой калды тигил акем кусканы жатат окшойт деп автобустун
шоопуруна жүгүрүп барды.
-Эми постко границага деле жетип калдык,ошол жерден эле түшпөйсүңөрбү таможнядан өтөсүңөр да-деди шоопурдун көңүлү келбей.
-Ал жерге чейин жетеби,ичине кусуп салса эмне болот?
-Давай анда бол тез түшкүлөчү,аз эле ичпейсиңерби-деди шоопур жини келип корс этти.
-Ой,брат, андай дебе жамандык ар бир кишинин башында бар,кудай кечинен берсин жамандыкты бул агам деле жыргаганынан ичкени жок жамандыкка баратат -деди жердеш жигити акесин сыртка чыгарып бара жатып шоопурга сүйлөнүп өттү.
-Болгула эми,элди күттүрбөй-деди шоопур .
Казактын ээн талаасына токтогон автобустан бири- бирин жөөлөп эки эркек түштү.
Сыртка чыккан Сүйүнбай аттап буттап барып эле автобустан обочо жерге барып кусуп жиберди.
Батырбек автобустун артына барып даарат ушатты.
Сыртта жазгы шамал жандан өтүп, түшкөн эки эркектин чачтарын уйпалап,костюм шымдарынын этектерин болор болбос делбиретип турду.
Бир топко кусту.
-Өх,ии,жаным ай,мынча жаным кыйналды-деди Сүйүнбай чөнтөгүнөн бет аарчысын алып оозу башын аарчып ары көздөй басты .
Даарат ушатып кайра келди.
-Аа,жакшы болду аке, бир чети кусуп чыгып кеткени да, жүрүңүз эми кирели,автобус күтүп калды окшойт -деди жердеш жигити.
Алар келип олтургандан кийин автобус кайрадан өз жолуна түштү.
Казактын келбээрсиген кең далаасы.
Кусуп келгенден кийин Сүйүнбай ырас тынч уктап калды .
Батырбек дагы анын жанында уктай албай жатып көзү илинип кеткен экен,бир маалда топураган элдин үндөрү,ага удаалаш жеңесинин түрткөнү аны ойготуп жиберди.
-Тургула,паспортунар даярдап алгыла чек арадан өтөбүз-деди жеңеси.
-Ии,чек арага келип калтыкпы?
-Келбей анан,агаң экөөң жинди суудан ичип алып конурукту кош тартканыңарча келип калдык да.
-Ой, жеңе көңүл айтыш өзү шарт, түшүнөсүз го-деди Батырбек зыңылдап ооруган башын араң көтөрүп жерге түштү.
Сүйүнбай акеси деле жерде өңү өчкөн чүпүрөктөй бозоруп колуна паспортун алып элдин аягында туруптур.
Жанына келген жердеш иниси оозун ачып эстеп, көзүнөн жаш куюлуп,кекирип койду.
-Газ отходить аке.
-Сиздики кандай баш жакшы элеби,меники болбой зыңылдап баштады, бир нерсе таап албасак айылга чейин болбой калабыз го.
-Чек арадан өтүп алалычы меники деле жакшы эмес, кыргызстанга өтөлүчү анан -деди акеси.
Ар кайсы көлүктөн түшкөн адамдар чек арадан өтүү кагазын толтуруп катары менен өтүп жатышты .
Келген көлүктөр айдоочусу менен өзүнчө өтөт экен.
Күйөөсүнүн өзүнүн паспортун жазып Замира болгон кезде Батыр дагы паспортун сунду.
-Жеңе ,меникин дагы жазып бериңизчи,сиз жакшы жазат экенсиз деди абалы жакшы болбой.
-Капырай де -деп Замира жылмайып койду.
Казак чек арачылар бирден кылдаттык менен текшерип,көпкө карап өткөрүп жатты.
-Мынча эзет да бул манкаларың -деди катарда турган улгайган ак чач киши .
Кезек келгендерге сурап дагы жатты;
-Кайда барасыңдар?
-Туугандарга тойго же ашка бара жатабыз дешип жооп берип жатышты.
Кезек Сүйүнбайга келгенде кичинекей көзөнөккө паспортун берип өзү туруп калды.
-Ага,ана камерага караңыз тыңдап турмысыз,жогоры караңыз паспортто сол бетиңизде кал бар экен,кане көрсөтүңүзшү былай туруңуз,хорошо аха, бүттү -деп Сүйүнбайдын кичинекей калы үчүн беш мүнөттөй эзип жатып өткөрдү.
Ошентип борбордон чыккан автобус ичиндеги жүргүнчүлөр чек арадан аман эсен кыргызстандын жерине өтүштү.
Өтүп алган жүргүнчүлөр бул мезгилде ар кимиси ар жакка тарап,бири дааратканага кетсе,бири шам-шум эткенге бир нерсе сатып алып жатат бири өздөрүнүн камдап алган тамактарын автобустун ичинде жешип, эркектердин көбү сыртта тамеки тартып кыскасы айдоочу берген убакытта келип олтуруп калыш керегин билишет баары .
Чек арадан өткөндөн кийин катар -катар ашканалар,акча алмаштырган жай, кичинекей чай кофе иччү жерлер каз катар жайгашкан.
Андан төмөн такси токтоочу жер,бул өрөөндүн бардык айыл кыштактарына алып кетчү азаматтар ары бери чуркап киши издеп табылганын салып сүйүнүп жолуна түшүп айдап кетип жатышты .
Замира үчөөнө ысык кофе анан бир экиден пирожки алып,тамеки чегип турган эри менен айылдаш жигитти чакырды.
-Ай,бери келгиле шам-шум этип алгыла деди.
Тигил экөө келгени менен жүрөктөрүнө эч нерсе барбай кичинеден кофени ууртап ооз тийген болушту.
-Мен азыр чылым алып алайын -деди Батырбек.
-Токто менин дагы чылымым түгөнүптүр-деди Сүйүнбай.
-Акчаны берсең ала келет тигил бала деле-деди аялы.
-Сиз кандай тамеки чегесиз аке,ала келейин-деди тигил жигит.
-Жок,өзүм барып албасам сен туура эмес алып аласың-деп Сүйүнбай тигинин артынан жөнөдү.
-Эмнеси туура эмес,баары бир эле тамеки да -деп Замира жактырбай кала берди.
Четки ашканага кирип эки жагын карашып анан Батырбек сатуучу сулуу келинге карап;
-Чоң кыз таза арактан жүз граммдан акем экөөбүзгө куйчу -деди келинден көзүн албай.
Сатуучу келин илбериңки кыймылдап,таптаза мөлтүрөгөн шишеден эки чөйчөккө куюп алдыларына коюп, курут, сормо момпосуй дагы койду.
Эки эркек тең чөйчөктөрдү колдоруна алып демдерин ичине тартып унчукпай алып жиберишти да куруттан сындырып ооздорун салышты.
Бир аз тургандан кийин Батыр
-Ох,ии, эми баш өзүнө келди.
-Карындаш дагы бир кайталап койчу арагың дагы өзүңдөн өткөн сонун экен деди .
Келин жылмайып коюп,дагы жүздөн куюп койду.
-Анан карындаш эки даана чылым,аке кандайын сизге берсин, мага Marlboro бер.
-Ай,боло берет мен тандабаймын -деди акеси.
-Эки Marlboro анда,эсептей бер,автобусубуз кетип калбасын -деди Батырбек сатуучу келинге карап жылмайып акчасын сунду.
-Кел,аке,жакшылык болсун жезденин арты кайырлуу болсун башка эмне дейин, аман бололук,-деди Батырбек акесине карап.
--Ооба,ошол эле -деди акеси.
Эми алар экөө тең кыйналбай эле алып жиберишти да сыртка чыгышты.
Бирден чылымын чегишип анан өздөрүнүн келген көлүгүн көздөй басышты.
Бардык жүргүнчүлөр толук болгондон кийин,айдоочу бир сыйра баарын толуктап,анан автобус ордунан козголуп жол тартты.
-Мындан аркы жол аз эле ,
кудай жол берсе бат эле барып калабыз эми-деди Замира .
Жаздын серүүн жели менен кошо автобус дагы кыргыз жеринде зуулдап бара жатты.
Райондун борборунан айылга кетчү автобуска жетпей калсаң кетиш дагы өзүнчө азап.
Автобус райондун борборуна келгенде түш ооп калган.
Көктөм быйыл демейдегиден эрте чыкты. Көчөлөр жылт-жулт этип жылжып аккан ылай сууларга толуп, эзилген баткактан басыш кыйын. Көпкөк асманда каалгып учкан ак булуттар түйдөктөшүп ,чөөт — көлчүктөрдөн чагылышып жатты. Үйлөрдүн чатырынан тамчылар шорголоп, тынымсыз жыбыттап агат. Чымчыктардын тили чыгып, эрте жаздын келишин кубаттап ырдап жатышкандай. Көчөдө элдер да көп. Көлөкөдө эрибей калган карлар да борпоң тартып, жылуулуктан жыбылжый эрип баштаган.
Жол жээгинен жылуу буу көтөрүлүп, аба жер жыттанып турду.
Көпчүлүк айылдарга каттаган автобустар кетип,станция бош калгандай.
Келген жүргүнчүлөрдүн көбү түшүп калышты. Ал эми калганы дагы андан ары кетишти.
Бир айылга бара турган үчөө эми такси издешип дүкөндүн жанында туруп калышты.
Көпкө деле турушкан жок,бир кезде Батырбек алыстан классташы Майрамбекти көрүп сүйүнүп кетип ага кол булгалап ышкырып калды.
Ырас Майрамбектин машинеси бош экен.
Майрамбек жеңил машинесин айдап аялдаманын жанына келип токтоп,ичинен чыкты.
-Ассалам алейкум,кандай жакшы жатасыңарбы- деди ал.
-Валеки ассалам баатыр кандай каяктан жол тартып-деди Батырбек досуна.
-Кайын журтка барганбыз тойго кайын атам жетимиш (70) жашка чыгып,балдары той берип,аяшың калды алыстан эже-сиңдилери келген ошолор менен дагы бара турган жактарына барабыз дешип жаткан.
-Сен өзүңчү,дос сен каяктан,
-Шаарга жумуш менен баргам.
-Айылга кетесиңби.
-Ооба, өкүл апам жүн тыттырганы жүнүн алып келиптир, жана мени базардан көрүп калып ала кет дегенинен макул деп койгом.
-Өкүл эне,өз эне өркүндөп өссүн кайнене де-деп Батыр күлгөндө Майрамбек дагы коштоп,эки жигит күлүп калышты.
-Уусу болоор жигиттин алдынан кийик чыгат болуп,момент келиптирбиз анда биз, айылдын автобусу кетип калдыбы?
-Ооба азыр эле кетти,баары ошону менен кетип калышты, жарым саат болуп калды го кеткенине айылга жетип калды бул маалда -деди Майрамбек.
-Биз азыр келебиз,карап турчу -деди Замира Батырга жүктөрүн дайындап.
-Макул,бара бергиле -деди ал.
Сүйүнбай менен Замира жакын турган дүкөнгө кирип кетишти.
-Ии,баса айылда эмне жаңылык,тигил Табылды аке өтүп кетиптирби дейби ыя? -деди Батырбек досуна карап
-Качан?Ким айтты?-деди Майрамбек.
-Бул кишилерди тааныдыңбы?
-Жок,тааныган жокмун.
-Тиги байке Алымбай акенин иниси,шаарда турат,жеңе болсо Мараттын улуу эжеси .
-Кайсы Марат,Марат эле көп .
-Художник Маратчы.
-Аа,ал Маратты тааныймын эжесин көрбөптүрмүн.
Табылды аке булардын жездеси экен,өлдү деп келе жатышат, эртең коюлат турбайбы.
-Ээ,менин аялымдын туугандары болуп кетет Табылды аке,анан Мария кандай уккан жок экен,биз деле эки үч күндөн бери айылда эмеспиз,кайын атаныкында конок күтүп ,алыстан бажаларым келишкен.
Үйгө барганда зоотехник Турдунун үйүнөн телефон чалып билейинчи.
Кайын атам согушка катышкан үйүндө телефону бар.
Аңгыча түйүнчөгүн көтөрүп Зулайка жеңе келип калды.
Майрамбек өкүл апасынын колунан түйүнчөгүн алып машинеге салып
-Апа,олтура бериңиз,азыр кишилер келсе кетебиз.
-Мына күткөн кишим келди ,эми кеттик, тигилериңди чакыр -деди Майрамбек.
Жүнүнүздү тыттырып алдыңызбы апа -деди Майрамбек келген толмооч өкүл апасына карап .
-Ооба тытаарын тытты акчасы дагы өсүп кетиптир,
балдарга бир жакшы сабоо кестирип алып эле үйдөн сабайт окшойбуз,илгерки энелерибиздей болуп -деди өкүл апасы күлүп.
-Сабоону кайдан эмне деген талдан алат.
-Тал болбойт жайлоолордо табылгы,долоно,дегендер болот ошолордон жасаса жакшы ийилчеек бекем болот сынбайт-деди өкүл апасы.
-Камчы сап жасагандар билет аны анда -деди өкүл баласы.
-Батырбек тигилердин жүктөрүн багажга батырып салып,өзү дүкөндү көздөй басты.
-Килем сатып алып келе жатат окшойт Батырбек -деди Зулайка.
-Ии,баса апа,айыл тынч элеби,тигилер Табылды аке өтүп кетиптир деп келе жатышат деди го Батырбек.
-Кокуй ким айтты?
-Батырбек.
-Качан болуптур?
-Кече күнү деди го.
-Билбейм анда мен мурда күнү келип Күкү кызымдын үйүндө жатып ,кече догдурга көрүнүп,бир эки жылдан бери многу оң көзүм жакшы болбой калды, Күкүнүн таанышы бар экен ошо көрсөтүп,даары жазып берди,анысын аптекадан алып жүндү бүгүн тыттырып, киши көп экен,эми кетип бара жатам .
-Табылды качан өтүптүр.?
-Билбейм апа,биз деле эки күндөн бери айылда эмеспиз,
бирок Табылды аке жалко, алтын эле адам эле кантебиз бейишин берсин айла жок-деди Майрамбек.
-Олдо байкушум ай, ишенбей турам кантип эле,оорубай сыктабай,жакшы эле жүрчү эле го,не болду экен ,дайыма биздин жерди биринчи айдап берчи байкушум,ыйманы салават болсун кудайым бейишинен берсин!
-Качан коёт экен?
-Эртең дейт.
-Айылга барсак барабыз да.
Аңгыча дүкөнгө кеткен үчөө тең келип машинеге олтуруп калышты.
Сүйүнбайды тааный койгон Зулайка жеңе ;
-Алда айланайын ай,кандай күн болуп кетти деги,
Табылды жездең өтүп кетти дейби ,айланайын артын берсин эми,кудайга дагы жакшы адамдар керек экен,Табылды айылдын гүлү эле-деп Сүйүнбайды анан Замиранын бетинен өптү.
-Айланайын сен Нуриянын кызы белен силер чоңоюп кеттиңер мен тааныбай калыптырмын -деди Зулайка жеңе Замираны карап .
-Ооба, апам сиз менен классташ экен.
-Аке сизди тааныбай мен дагы ,мен Жайлоонун иниси болом ,аке жездеңиздин арты кайырлуу болсун-деди Майрамбек эми көңүл айтып.
Машине райондун борборунан зуулдаган боюнча чыгып кетти.
-Кагылайын ай,баарыңар эгиз козудай ээрчишип чонойдунар эле, Табылды жезде болбой эле силерге аке үке болду байкуш көкүрөгү таза акылдуу жан эле жазмыштын иши эртеби кечпи биз дагы барабыз калган өмүрүн балдарына эжеңе берсин кагылайын -деди Зулайка жеңе өзү дагы көзүнүн жашын аарчып.
-Ошону айтпайсызбы кантип,кантип жерге кыямын жездемди -деди Сүйүнбай кайра каңырыгы түтөп,улам айылга жакындаган сайын көз алдына жездеси келип көкүрөгү ачышып ачык эле бышактап ыйлап калды.
Майрамбек улам-улам күзгүдөн карап Сүйүнбайга жүрөгү ооруп санааркап кыйналып кетти окшойт,бир кезде айылга жакын бак дарактуу жерге токтотуп.
-Апа,сиз каршы болбосоңуз мен чоң тойдон бир бөтөлкө кешик деп ала келе жаттым эле, Сүйүнбай брат өтө эле кыйналып бара жатат,бир тууганындай эле болуп калган жезде экен,Табылды акеге сиз эле эмес,мен эле эмес, бүткүл айылдын баары ыйлай турган киши ээ,апа-деди Майрамбек.
-Ооба,алтын жигит эле бечера, айла жок,ажал улук, өлүм ак дейт.
Майрамбек машиненин чөнтөг үнөн бөтөлкөнү алып чыгып желим чөйчөктөргө куюп үч эркекке ылайыктап анан бирден тигил экөөнө карматып бирөөсүн өзү алды .
Ортого бышкан эт койду.
-Апа тойдон кешик эттен алгыла деди аялдарга карап.
-Аке, жеңе жездеңиздердин арты кайрылуу болсун бейишин берсин,калган өмүр жашын аялына балдарына берсин,кана эми ачууну ачуу басат дейт,болбосо жүрөк оорулуу болуп калат экен,кана алып жибергиле,мен алышымча алайын мени за рулем дейт-деди Майрамбек.
-Сукө кана бирди алып жибериңиз бир туугандыкы оңой иш эмес-деп артынан бир кесим этти берди Майрамбек.
-Ой,койчу ай, сени эле кайсы ГАИ карап турат дейсиң,ал бирди болду анан кетебиз -деди Батырбек досуна кыйнап ичирип .
-Болду айланайындар ушундай күндө бир аз көңүл айтып койдуңар болду эми, эрте жарыкта,кеч кире электе жетип алышсын булар,биз дагы баралы батага-деди өкүл апасы чоочулап.
-Ооба,чогуу эле кирип коёлу буларды соксойтуп жалгыз жибербей -деди Батырбек шаардан бери чогуу келе жатканынан Сүйүнбай акесине боору ооруп.
Машине көчөгө кирген кезде эл орунга олтуруп, күңүрт болуп калган убак эле.
Майрамбек түз эле Табылдынын үйүн көздөй айдады.
Көчө капкараңгы болуп эч нерсе көрүнбөйт.
Үйгө жакындаган кезде Майрамбек машинесин токтотуп алды менен өзү сыртка чыкты.
Тигилген боз үй деле жок,топураган эл жок.
Балким башка көчөгө кирип алдымбы дегенсип эки жагын карады.
Жок,туура эле келиптир тигине Табылдынын көк дарбаза үйү.
Машинени ачып Замира дагы акырын карады.
Сүйүнбай жана уктап кеткен,аны ойготоюн деп аялы токтоп калды.
Майрамбек болсо ичинен "балким үй тикпей эле үйүнө эле жаткызгандыр,не болсо да бара көрөрбүз дегечилик кылып кайра машинеге олтурду.
-Жезденин ата теги кайдан эле?-деди ичтегилерден сурап.
-Тигил коңшу айылдан болчу жезде-деди Замира.
-Анда ошол жакка алып кетишкен го,бул жагы тынч эч ким жоктой.
Бардыгы көк дарбазаны тиктеп турганда бир бала чыккандай болду да,кайра кирип кетти.
-Ай,айланайындар,не болсо да барып көрүп,бирөө жарым бар экен го,сурап билгиле анан ошол жагына баралы -деди Зулайка өкүл апасы чыдамы кетип.
-Азыр мен барып билейин анда- деп Батырбек үйдү көздөй жөнөдү.
Табылдынын үйүнүн жарыктары баары өчүп турат.
Батырбек акырын басып дарбазаны ачып,ичкери үйгө кирди.
Ашканада телевизор иштеп диванда Табылды башына жаздыктарды бийик койдуруп
концерт көрүп жатат.
Көргөн көзүнө ишене албай,же учураша албай Батырбек тилден калган немедей дендароо эшикке атып чыкты .
Чын эле көзүмө көрүнүп кеттиби,ичкен арагымдан көзүмө ар нерсе көрүнө баштадыбы деди ичинен.
Артынан чыккан бала;
-Аке,сизге ким керек ,эмнеге келдиңиз эле?- деген сөздөрдү уккан дагы жок.
Чуркап машинеге өпкөсү көпкөн кишидей энтигип келди.
-Өзүңөр барып көргүлөчү,мага ар нерсе көрүнүп жатат -деди Батырбек өңү купкуу болуп дагы деле өзүн токтото албай.
-Эмне дейт,кокуй мунусу да-деди Зулайка.
-Сүйүн тур,келдик айылга бол ,-деди аялы эрин ойготуп.
Сүйүнбай ойгонуп калпагын кийип машинеден түштү.
Ордунда бир аз турду да, кайрадан бет маңдайындагы үйдү карады. Караңгы. Тирүү жан бар экени түк билинбейт. Муңая тиктеп кыйлага турду анан эч нерсени карабай, эч нерсеңе көңүл бөлбөй бышактап ыйлап жездесинин үйүн көздөй жөнөдү.
Артынан килем көтөрүп Замира, коробкаларын көтөрүп Майрамбек,сумка көтөрүп Зулайка өкүл апа келе жатышты.
Үйгө киргендердин баарысы телевизор көрүп жаткан Табылдыны жанында олтурган Жээриндини көрүшүп караган бойдон селейип катып калышты.
Көргөн көздөрүнө ишене беришпей, таңдана карашып
элейип, дендароо болуп карап туруп калышты.
Иштин чоо жайын түшүнө албай Жээринди сүйүнүп;
-Ой,келгиле, каяктан,тынч элеби, өткүлө төргө -деди жаны калбай.
-Ой, өткүлө төргө,баарыңар каяктан -деди Табылды да башын өйдө көтөрүп балдагына сүйөнүп туруп орун бошоткондой колу менен төрдү жаңсады.
Көргөн көзүнө ишене бербей, Сүйүнбайдын жүрөгү кабын ургулап, чыгып кетейин деп калды,бир ордунда селейип каткан боюнча туруп калды.
Ал нес боло оозуна сөз кирбей шалдайып карап тура берди.Катып калган каректерин жумганына алы келбей нес болуп туруп калды.
Эмне дээрин билбей катып тургандарга Жээринди таң калды.
Тигилер көпкө чейин селейишип барып жарылышты.
Сүйүнбай, дагы деле болсо Табылды жездесин тирүү көрүп турганына ишене албай турду.
Замиранын оозуна сөз келбей көргөн көзүнө ишене албай турду. Көзүнө күтүүсүздөн жаш толуп кетти.
Көзүндөгү жашын аарчып;
-Эже,кандай жакшы жатасыңарбы-деди өзүнө араң келгендей бир маалда.
Бул учурда Зулайка таң калып жан-жагын карап;
-Тобоо,ушундай да болот экен аа -деди.
-Сүйүн, кандайсың,бала бакыра жакшы жатабы, жакшы болбодубу келгениңер-деди Табылды өзү бапыраңдап.
Тааныш угулган үндөн селейип туруп калган Сүйүнбай бир кезде эсине келе түштү бейм жездесин басып жыгылды.
-Эй, Жезде кагылайын барсыңбы? жолборсум, кагылайын жолборсум барсыңбы-деди жездесин коё бербей,далысынан бекем кучактап бакырып жиберди.
-Ой, кантет эми,эмне болду буга, бутун абайла, Сүкүш, жездеңдин буту сынган-деди эжеси чебелектеп.
-Алда айланайын эжем ай, бутун айтасың да,буту айыгат менин кыраанымдын -деди көзүнөн аккан жашын аарчып жатып.
-Сүкү,болду,эми жездеңди кыйнабай коё бер -деди эжеси инисинин колун бошотуп.
Табылдыны бошотуп аялы диванга сүйөп олтургузду.
Батырбек менен Майрамбек ичкен арактары кайда кеткенин билишпей бирин бири карашып олтуруп калды.
Чын эле бул сенсиңби жезде?-деди Сүйүнбай чөгөлөй калып жездесинин колун кармалап.
-Ооба,Сүкү,бул мен,аман соо элем, кырсык болуп,бутум сынды, эмне бир жаман кабар уктуңарбы -деди жездеси эми бир нерсени түшүнгөндөй.
-Ооба,Сүйүнбай аке өзү ...
деп сөз баштап келе жаткан Батырбекти колун жаңсап Сүйүнбай токтотту.
-Чүш...болду, өттү.. кереги жок..мен өзүм баарын түшүндүрөм-деди Сүйүнбай эми өзүнө келип.
Ошондо гана эсине агасы Алымбай келди.
-Апыш үйүндөбү?
-Апыш акем үйүндө эмес,тойго кетишти жеңемдин төркүнүнө биз дагы бармакбыз Табыш кырсыктабаса-деди эжеси.
-Кой,эми айланайындар биз кетелик,дээги аман эле бололукчу калганы табылат экен го,жакшылык эле болсунчу-деди Зулайка ордунан козголуп.
--Олтургула айланайындар,бүгүн баарың конок болосуңар
Конок-кара келип калабы деп узун сарыга сактап жүргөн сүр этим,чучук бар,азыр асып, жай олтуруп тамак жеп кеткиле, эртең кудайы тамак өткөрөбүз,ага дагы келесиңер -деди. Жээринди.
Ал сабак окуп жаткан кыздарын чакырып бир заматта дасторкон жайышып,эми чогуу келген айылдаштар чайга карашты.
Кара ашына деп алып келген конфет,таттуулар дасторконго коюлуп,илгенге делип алып келген жаңы кийимдерди;
-Жезде алтын башыңыз аман болсун,экинчи кырсыктабаңыз ушуну менен чыгып кетсин -деди Замира жездесинин башына ак калпагын кийгизип, үстүнө алып келген күрөң пальтону жапты.
-Тигил килемди болсо эжем кызына сеп берип жатыптыр ошого кошкону алып келдик, жуурканына баркыт ала кел дегенинен аны дагы ала келдик,алар дагы биз шаардан үй алганда чоң жардам беришпеди беле эже,билесиз го-деди Замира эч нерсе болбогондой компоюп.
Аялынын ушундай иш билгисине Сүйүнбай ичинен ыраазы болуп кетти.
"Алда айланайын аял заты ай,
караңгыда көз тапкан эле заттсыңар"деди ичинен.
Эми ага баары дүйнө жакшы көрүндү.
Оомал - төкмөл дүнүйө бирде бар бирде жок, өйдө - төмөн, жакшы -жаман боло бере турган жашоо экен го деди ичинен.
-Эми кымбаттуу айылдаштарым жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын жездемдин өмүрү узун болсун эжем экөө бактылуу болсун -деди Сүйүнбай толкунданган көкүрөгүн токтото албай.
-Ооба, айланайын Табылдынын өмүрү узун болсун-деди Зулайка жеңе дагы кошулуп.
-Ой,карандай чайга эле тост айта бересинерби,айда жылда бир келген кишилер болсо-деди Батырбек эки жагын карап.
Тым -тырс эч ким ордунан кыймылдабады.
-Кой, анда мен эми бир нерсе таап келейин, көптөн бери шаардан келбеген акем келип олтурса-деди Батырбек дагы бир жолу баса белгилеп.
Мастыгы тарап, өзүнүн дагы ичкиси келип,шылтоого шынаа табылбай турганда, өзүнүн тапкан акылына маашырланып анын үстүнө жамандыктын ордуна жакшылык болуп жатса деп ордунан турду.
Кайрылган килемди чала басып алдыбы же төшөк алдында калган оюнчукка тайдыбы Батырбек тарак этип барып кулап түштү.
Чоочуп кеткен Зулайка өкүл апа кыйкырып;
-Атаң кетти...
-Ой,эмне болуп кетти-дешип туш туштан чуулдашып калышты.
-Бети башын тырыштырып денеси оор неме бир жери ооруксунуп калганынан ордунан араң ыңгыранып турду.
-Большой шкаф громко падает-деди Майрамбек досу боорун басып үнү чыкпай диванга жөлөнүп быкшып калды. Батырбек төшөктүн алдындагы оюнчукту алып чыкканда үйдө олтургандардын баарысы кыраан каткырык күлкү салышты. Аларга кошулуп Батырбек өзү дагы күлдү. Алардын каткырыгы үйгө батпай сыртка бүркүлүп чыгып жаткандай болду.
Сүйүнбайдын көзүнөн чыккан жаш бул Батырбекке эмес ал кубанычтын жашы эле.
Ал улам-улам жүзү нурданып тамылжып олтурган жездесин карап коюп жатты.
Эки күндөн бери түйшөлгөн ойлору,мазасыз санаасы ок тийгендей чачырап алда кайда житип кетти.
Аттиң тирүүчүлүк кандай сонун!
Замира менен Жээринди бири -бирин карап калышты,ошондо гана Сүйүнбайдын катуу ойлонгон кезде кулагы каңырыш угуп калаарын экөө тең эстешти.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1