( Көзү өтүп кеткен менин алтын апаларымдын жаркын элесине арнаймын).
Мен бар кезде сен типтирүү элесиң,
Кантип эле сен жок болуп кетмексиң.
Өзүңдү уккан насаатыңды эстеймин,
Жүрөгүмдө турат дайым элесиң.
(аңгеме).
-Олтур,ыңгайлуу олтур, мына мен көрсөткөндөй кылып ыскытты баса бер, кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн балам, эртең эрге тийсең,эл эмне дейт,сүйлөсө тилинен чаң чыккан энеси бар,колунан ийне түшпөгөн жайы бар эле,бул кызы эмне копол солдоюп,көк ийнени көтүнөн түртө албаган деп деп мага сөз келет.
Ургаачы болгондон кийин бүйрө болуп,жоктон бар кылып,жаман кокуй ыргытыш керек, өрттөш керек дебей,жакшыны жаман асырайт балам,бардык нерсенин кору болот,сурагы болот,кесир кылбай,аны дагы бир нерсеңе жаратып эптештирсиң болот-деди чоң энем мени менен катарлаш олтуруп шырдактын ыскытын басып жатып мага үйрөтө баштады.
Жай саратан.Күн ыссык.
Бактын көлөкөсүндө ала кийиз анын үстүнө бирден катуу жаздык сымал,бирок катуу энем жасаган бокчого олтуруп
иш жасап жатабыз.
Ушундай чак түштө күн катуу ысыган кезде биздин үйдөн анчалык алыс эмес чоң жолдун аркы бетинде көлмөгө сууга барып түшүп ойночубуз .Ал көлмөнү совхоз жаңы уюшулган кезде өкмөт жылкыларды киринтиш үчүн колдон жасаган экен.
Кийин асыл тукум жылкылар башка жакка көчүрүлүп көл бизге ээн калды.
Колум шырдакта болгону менен оюм сыртта көчө жакта.
Биздин көчөнүн балдары ынтымактуу элек.
Бизди оюнга киргизип документ жасап,тартип бузуп койсок оюндан чыгарган бизден бир эки жаш улуу командирибиз бар болчу.
Күндө оюнга келгенде ошол бала жасап берген паспортубузду көтөрүп келебиз.
Жоготуп же койгон жериңден таппай калсаң бүттү оюнга кошулбай көрүүчү болуп олтура бер.
Көбүнчө "Шпион и милиция"деген оюңду көп ойночубуз.
Эмнеге экенин билбейм көргөн кинолорубуздан таасир алабыз го чамасы.
Ал командирибиз көбүнчө комиссар Катанио болчу.
Ошондой кызык дуйнө менен
жомокту өзүбүз түзүп чоңоюптурбуз.
Аңгыча апам казанга нанын жаап бүтүп ,самоорго чай коё баштады.
Тукум баскан ак тоок дагы жөжөлөрүн чыгарып бүтүп курк-курк деп куркулдап бактын ичинде жайылып жүргөн.
Бир кезде катуу куркулдап үрпөйө тыпырчылап калды.
Чай коюп жүргөн апам
-Тур,кет,деп колуна чыбык алып урушуп калды.
-Апа,ал эмне экен-дедим мен.
-Тигил Ивандын чоң көк чаар мышыгы, жөжөлөрдү аңдып жатат,Зинага айтып койбосом жөжөлөр чоңойгончо мышыгын карап турсун деп -деди апам кошунабыз жөнүндө.
-Кызым,чай кайнады,энеме чай берели ,алып чык үйдөн дасторконду -деди апам .
-Апа,тегерек үстөлдү алып чыгайынбы?
-Алып чыксаң ,алып чык, бөбөктөрүңдү чакыр-деди апам.
Ушуну эле күтүп тургансып мен ордуман туруп көчөгө чыктым.
Биздин үйдөн төмөн кичинекей колот бар эле.
Ал илгери чоң эле жылгындуу колот болгон экен.
Колот сайдын башында булак бар болчу.
Кээде колонкада суу токтоп калса,биз баарыбыз чөмүч чака алып барып булактан суу алып келчүбүз.
Жогору көтөрүлсөк машина өткөн чоң жол бар.
Жантайыңкы колоттун аркы четинде совхоздун мончосу боло турган.
Мончо жагып,элди киргизген киши грек улутундагы Казанжиди деген адам болчу.
Папиросу оозунан такыр түшчү эмес.
Кабагы дагы такыр ачылбай,көп сүйлөбөгөн ,бир сырдуу киши эле.
Ошол кичинекей колоттун ичи бизге жомок дүйнөсүндөй көрүнчү .
Ал жерде баары бар. Азыркынын тили менен айтканда жаратылыштан даяр кино студиясы экен.
Колоттун четинен кызыл мала кичинекей гүлдөрү бар тикенектер менен төмөн түшөсүң.
Колоттун ортосунда чоң эмес өзөн агып,эки четинде жапжашыл шибер жайкалып турчу.
Эл бадага чыкпаган малдарын аркандап,бир жерде бээ кулуну менен жайылып жүргөн болсо,бир жерде музоо,эчки жайылып жүрөөр эле.
Суу бетинде каз -өрдөктөр балапандары менен көрк берип анда -санда кыйкуулап,жакын барып калсаң,балапандарын коргоп,мойнун созуп кышылдап кубалап калаар эле.
Кээде жылаан,ар кандай курт кумурскаларды дагы көрүп калчубуз .
Жаз чыга түркүн гүлдөр гүлдөп ,ар кандай чөптөр өсүп ,көпөлөктөрдүн түрү жайнап,анан ийнелик кармап,гүлдөрдөн терип , өзөндөн боору жалтырак балыктарды "алтын балык кармап" балдар болсо жайылып жүргөн эшектерге минип көкбөрү тартышып,биз үйдөн апабыздын түрлүү жоолуктарынан уурдап чыгып ,колоттун ичиндеги кичинекей бадалдарга жаап боз үй кылып,бетине топчу коюп куурчак жасап, айылдашмай ойноп, үйдөн ала чыккан нан, момпосуй болсо аны алып, лимонаддын бөтөлкөсүнө шише бөтөлкө деп койчубуз ошого айран куюп алганыбыз аны кымыз деп куюп, конок кылып бири бирибизди сыйлап күндүн кандай батканын билчү эмес экенбиз.Кичинекей колот биздин көчөнүн балдарын өзүнө тартып тургандай эртең менен көз ачып турганыбыз ошол жакка чуркачубуз. Анткени кечээ күнкү оюнубуздун уландысы ал жакта бүгүн бизди күтүп жаткандай жүгүрөөр элек.
Балалыгыбыз ошол колоттун ичинде калгандай сезилет мага азыр .
Бир күнү эркек балдар "Жетинчи ок" деген кинодогу каармандарды ойношту.
Ошол кезде "Кызылдар,актар "деп көп оюндарды ойночу экенбиз көрсө.
Мен жүгүрүп келип сайдын кырына туруп бир туугандарымды
карадым .
Эркек балдар баары футбол ойноп жатышыптыр .
Оюн бүтө элек.
Мен алыстан инилеримдин аттарын айтып кыйкырдым.
-Апам чай ичсин деп жатат силерди-дедим.
-Азыр оюн бүткөнү калды анан барабыз -деди эң улуу иним Нурадин.
-Бол,бат келгиле,чоң апам келсе билесиңер го -дедим аларды чоң энем менен коркутуп кайра үйгө келдим.
Үйдөн үстөлдү көтөрүп чыгып бактын көлөкөсүнө энем экөөбүз шырдак шырыган жерге коюп дасторкон жайып
апам самоорун көтөрүп келип ,колун жууп жаткан энебизди күтүп калдык.
Аңгыча футбол ойношкон инилерим дагы келип калды.
Чай алды менен чоң энеме куюлуп ,анан кыдырата баарыбызга жетип,апам чоң подноско кызыл куурулган картошканы коюп ,ооз тийип тие электе дарбазанын сыртынан ышкырык угулду.
-Ана жиндериңер келди,ысыкта каякка барасыңар,үйдө олтурбай -,деди энем жактырбай.
Бул ышкырык биздин көчөнүн балдарынын сигналы эле.
Алды менен эле мен үйдүн улуусу,кыздан жалгыз өзүм ,эжем турмушка чыгып кеткен ,эки агам бири Фрунзеде окуйт,бири армияда Сибир жакта аскердик кызматта жүргөн.
-Апа,дедим сөздү жай баштаган кезде чоң энем;
-Жөн олтур ысыкта,эшикке чыкпай,ысык түшүп кетет ичиңерге,андан көрө жаткыла үйгө, бөлмөлөрдү караңгылап койдум -деди чоң энем сөздү уккусу келбей.
Көчөдөн дагы ышкырык, балдар кыздардын кобур-собур үндөрү угулуп жатты.
Олтурган инилерим менен менин баарыбыздын тамакка деле табитибиз тартпай,эсил дартыбыздын баары сыртка чыгып балдар кыздар менен көлгө сууга түшүп келмей болуп жатты.
Акыры чыдай албай дагы бир жолу чоң энемден сурандым .
-Апа,бир жолу эле барып сууга түшүп келеличи,анан болду экинчи барбайбыз дедим ыйлагым келип
-Сууда эмне бар кейпиңер кетип,анан боз ала болуп келесиңер,ал жакта жылаан бар -деди эми чоң энем коркутуп.
-Ой,ал суу жылаан чакпайт аны балдар кармап эле жүрөт -деди эгиз инимдин бирөөсү.
-Апа,апа -деп эми баарыбыз апалап чуулдай баштадык.
-Ада болуп эле кетсем го -деди чоң энем ачууланымыш болуп күлүп.
-Жок дегенде курсагыңарды тойгузуп алсаңар болбойбу -деди апам.
Чоң энемдин күлгөнү уруксат бергени,баарыбыз туруп жүгүрүп жөнөдүк.
-Алда айланайындар ай,бала деген кызык экен го сай менен сууга эле мынча жүгүрүшөт булар -деп чоң энем менен апам кала беришти .
Сыртта бизди күтүп турган кыздар балдар болуп баягы көлүбүзгө жетип келдик
Биздин эңсеп түшө турган көлмөнүн аты Кузиндин көлү.
Орус улутундагы үй-бүлө,балдары биз менен бирге ойноп жүрүшөт.
Ошол Кузиндердин үйүнүн этегинде жайгашкан көлмө.
Кыязы ошолор карап ,тазалап турушчу окшойт,асыл тукум жылкылар бар кезде .
Ошол көлмөбүз учурунда бизге деңиздей эле
көрүнчү.
Баягы топ балдар көлдүн жээгине келип балдар чечинип,кыздар жеңил кофтачан сууга түштүк.
Көлмөнүн четинде бийик устундан жасап тургузган секире турган секичеси бар.
Ошол жерден мелдешип секирип сууга түшөбүз.
Суу бетинде дагы толгон токой оюндарыбыз бар.
Чабак уруп,суу бетине калкып турганды,суу алдында мурдуңду жаап канча убакыт тура аласың ,ушундай оюндарды ойноп убакыттын өткөнүн билбей каласың андайда.
Кудай бетин салбасын,бир кезде чоң энем колуна чыбык көтөрүп келе жатканын бирөөбүз көрүп калдык .
Чоң энем көлмөнүн жээгине келип ;
-Ой,болбоду эми суу бака болуп кетсеңер да,чыккыла деди чыбыгын кесеп.
-Ой,ушу энемдики өттү илекисин заңкайтып ороп казактагы кызына качан кетет деги деди бизге туугандардын кызы суу ичинде ээгин титиретип суудан чыгып бара жатып.
-Өлдүк эми ,айткан убакыттан өтүп кеткен окшойбуз го,болбосо апам келбейт болчу дедим энеме болушуп .
Аңгыча Жамбул шаарынан келе жаткан чоң икарус Көк-Сай -Жамбул деген элди ташыган автобус келип шаркырап муздак суусу тынбай агып турган анысы көлгө агып кошулуп турчу колонкага келип токтоп күндүн ысыгында эл түшүп суу ичишип,жетишкени бети колун чайкап ,кээ бир эркек балдар сууга бир чумкуп чыгып,кээде айдоочусу өзү дагы сууга түшүп чыкмай адаттары бар эле . Автобустун далдоосу менен жүгүрүп чоң энеме жеткирбей тызылдап качып үйгө келдик.
Артыбыздан жете келген энем,биздин жарма менен нан жеп жатканыбызды көрүп;
-Алдагы кейпиңер кантет ыя, жыртайып боз ала болуп, бир аз түшсөңөр болбойбу,кечке чейин эле түшө бересиңерби, бу, силердин суу жиниңер барбы ыя, суу көрсөңөр эле жүгүргөн, андан көрө самындап таза жуунуп каймактан сыйпанып алгыла бетиңерге -деди энем биз тамак ичип жатканда урушпайын дегенсип унчукпай шырдагын алып
тигип кирди.
Бир кезде бизди бүттү дедиби кайра сөзүн баштады.
-Көп далдактап ойнобой тээтиги пияздардын түбүн бошоткула ,бирден бычак алып,анан мен көрөм, жакшылап жасасаңар ойнойсуңар болбосо эч жакка барбайсыңар -деди чоң энем маселени кабыргасынан коюп.
Апам биздин беттерибизди өзү самындап жууп, үстүбүздөгү кийимдерибизди чечтирип таза кийимдери бизди кийгизип анан;
-Баргыла,энеңер айткан ишти кылгыла -деди да өзү казанга ысыткан суудан дагарага куюп кирлерди жууй баштады.
-Апа,мен дагы кир жуушайынбы -дедим апама боорум ачып.
-Мен жууган кирлерди чайкап сен кермеге жая бер -деди апам .
Инилеримди ээрчитип энем бак ичине кирди .
Чоң энем инилериме баарын үйрөтүп , көрсөтүп бүтүп кайра өз ордуна келип олтурду.
-Ээ балам -деди чоң энем апама кайрылып ,
Жүгөрү дүмбүл байлап калыптыр балдарыма чокко кактап бышырып бер, дүмбүл кезинде жеген жүгөрү жакшы болот -деди энем.
-Кечинде тамак жасагандан кийин кыпкызыл чок калат ансыз деле ,эне сиз балдарга барганда жүгөрүнү кайрый келиңиз -деди апам .
-Макул ошентейн.
-Ушул шырдамалды бүтсөм,ак жүндөн жип ийрисемби деп турам,балдарыма жылуу жүн байпак токуп коёлук,кыш кандай болот ким билет-деди чоң энем апама карап.
-Ооба,эне,азыр бошураак кезде токуп коёюн,күз келсе кол бошобойт,анан күн сууп кетет,ырас айтыңыз,ийрип берсеңиз,мен бат эле токуп коём -деди апам акыркы кирлерин жууп бүтүп.
Мен бактын ичине чоң энемдин жанына келип,кайра шырдамалга ыскыт баса баштадым.
Чоң шырдамалдын бир башында энем,бир башында кыйрата тургансып мен олтурам.
Шырдамалдын чети кызыл жашыл оюмдар,аны дагы энем өзү кагазга түшүрүп алган анысын кийиздин үстүнө коюп,бор менен чийип анан курч бычак менен кесип алат.
Аларды беттештирип жөрмөп
анан ыскыт басат.
Басып жаткан ыскытыбыз сары,тигил оюмдардын көркүн чыгарып кооз болуп турат.
-Бу,сен неченчи класска келдиң ,-деди энем бир кезде мени карап.
-Өзүнүз деле билесиз го дедим эркелигимди карматып энеме оңдуу жооп бербей.
- Кызым бу сенин эрдигиң бар,эсиң жок окшойсуң ,эркек балдарга кошулуп эле далдактап ойноп жүрөсүң, рогатка атса рогатка атасың ,лянги тепсе лянги тебесиң,жар боорунан балапан алышасың,жада калса пистолет менен кубалашып ойноп,колун байлап, түрмөгө салган оюнду ойнойсуң,бир аптада көйнөгүңдү айрыбаган күн болобу,талдын башына чыгасың,болду эми сени чоң кыз дейт уят эмеспи,атаң болсо чоң мугалим болсо,сенин кылганың жакшы эмес-деди энем мага таарынгандай насаат айтып.
- Өзүңөр жалаң эле эркек бала төрөсөңөр анан мен ким менен ойномок элем-дедим буркуюп, өзүмдүн оюм өзүмө туура келип.
- Ал балдарды кудайым берген алтындарым, а сен,ойнобой койсоң бир деме болобу?
- Кечке эле ойногон жерим жок ко апа,үйдү жыйнайм короо шыпырам,гүлдөргө суу куям,апама тамак жасашам,
анан китеп окуйм, өзүңүз болбой эле эжекеден сурап айылга алып кетесиз го -дедим энеме чабуул жасап.
-Мен сени эми чоң кыз болдуң эркек балдар менен ойнобой үйдө иш кыл,сайма сай,керме сай,мага жардам бер,таар согобуз жакында ,анан чий токусам деген оюм бар тоголок таш терип келсек кантет эртең -деди энем мага карап менин ичимдегини сезгендей.
-
-Терсе терип келелик,таш оңой эле го сайдан таап келебиз -дедим сүйүнүп,мага ошондой иштер көбүнчө жакчу.
-Апа,сайма сайбай эле коёюнчу, чоңойгондо саям да -дедим бул нерседен кутулгум келип.
-Мейлиң балам,зордогон жокмун,сени билип алса дегеним го -деди энем жылмайып.
Менин саймага шыгым жок экенин сезген энем ошентип койду окшойт.
-Болдуңарбы,бүтүп калдыңарбы -деди энем бак ичиндеги пияздын түбүн бошотуп жаткан инилериме кыйкырып.
-Апа,кичинекейиңиз иштебей жатат -деди андан улуурагы.
-Ага карабай эле өзүңөр иштей бергиле,ошону эле көрө каласыңар да -деди өзүбүздүн апабыз эң кичинекей кенжесине болушуп ачууланган болду.
Ушуну эле күтүп тургансып кичинекей иним чуркап келип энелеринин жанына олтуруп калды .
-Мине болду сага,иштей албай койдуңбу -деди чоң энем кичинекей небересине.
-Өздөрү чукуп уруп жатпайбы-деди кичинекей иним.
-Анда мында олтура бер, өздөрү иштешсин деп чоң энем кемселинин чөнтөгүнөн бир сормо момпосуй алып чыгып иниме берди .Ал олтурмак түгүл шырдамалдын четиндеги төшөккө жылып келип, момпосуйду соруп коюп,иштеп жаткан агаларына карап жата кетти.
Апам келип өзүнүн жемпирин баласынын үстүнө жаап койду.
Улам акырын энеме билгизбей момпосуюн көрсөтүп коёт.
Бир кезде чыдабады окшойт баягы иним;
-Апа,мен деле момпосуй жегим келет -деди ыйлагысы келип.
Чоң энем иштин жайын түшүндү окшойт;
-Келгиле,момпосуй жегиңер келсе деди.
Төртөө тең чуркап келишти.
Чоң энем чөнтөгүнөн сормо момпосуйларды чыгарып жанына тердеп бурдап келип калган неберелеринин бетинен жыттап бирден таратып берди .
-Менчи апа -дедим бир нерседен кур калгандай .
-Ээ кокуй алтын кызым калып калган турбайбы -деп бир момпосуйду мен жакка ыргытты.
Ак тоок дагы эле куркулдап ,жер чукуп балдарына тамак таап берип жүрөт.
Түш оой инилерим жумуштарын бүттү.
Чоң энем көрүп жакшы экенин билгенден кийин аларды оюнга жиберди.
Менин мойнум жар бербесе дагы энемдин айткандарына жарым жартылай түшүнүп шырдамалдын ыскытын колумдан келишинче басып жаттым.
Ушундан көрө чийге таш тергеним жакшы эле деп коём ичимден.
Айтканындай эле кечки тамактан кийин апам баягы өзү айткан кызыл чокко чоң энем кайрып келген дүмбүлдөрдү бышырып баарыбызга бирден колубузга карматты .
-Атаңарга калдыбы -деди чоң энем өзүнүн баласын ойлоп.
-Ооба,эң чоңу жакшысын калтырдым эне балаңызга -деди апам жылмайып .
-Аа,балам жесин,кудайдан ыйлап,жалынып сурап алган балам,ал балама ай менен күндү теңебей олтурам го-,деди энем чоң эле баласын айтып .
-Өзүңчү балам,сен өзүңө жеттиби.
-Жетти эне,мен дагы балдарым жесин деп жатам да ,мына мага -деди апам өзүнүн жүгөрүсун көрсөтүп.
-Бир аз күндө баары дүмбүл болуп калат анан кенен жейсиңер,азыр арасын аралап таап келдим,жаңы башталыптыр -деди энем.
-Кызым атаңа дүмбүлдү алып барып берчи,ысык кезинде жесин -деди апам.
-Ооба ошент кызым -деди энем тамагынан жеп жаткан дүмбүлү өтпөй баласын ойлоп .
-Мен үйдө терезенин даки менен жабылган форточкасын
ачып коюп дептер текшерип олтурганн атама дүмбүл алып келип бердим .
-Рахмат,кызым, өзүңөр жедиңерби?
--Ооба ата-дедим атама эркелеп.
-Ата ысык кезинде жеп алсын деп жатат энем дедим .
-Макул,кызым -деди атам.
Атамдан башкабыз эшиктин алдында жайдын салкын серүүн желинде олтурдук.
Баягы бактын ичиндеги көчмө ала кийиздин үстүнө жер төшөктөрдү салып,тамак жеп,анан дүмбүл жеп,аягы самоордогу чайдан ичип инилеримдин алды улуусу кайра көчөгө балдары чакырып чыгып кетти, кичинекейлери ошол жердеги жаздыкчаларды башына коюп,чоң энемдин чапанын жамынышып,берки экөөсү одеял жамынышып уктап калышты.
-Алдыңа кетейиндерим чарчап калышганбы ыя шыр эле уйкуга кетишти -деди чоң энем.
-Кокуй,олтура бериптирмин го
шам намаз окуюн,-деди чоң энем ордунан туруп дараат алганы кумганын көтөрүп бак ичине кетти.
-Кызым бөбөктөрүңдүн төшөгүн салчы,мен ойготуп алып барып жаткырайын -деди.
Мен балдардын төшөгүн салып бүтүп апама айттым.
Апам чоң үч баласын ойготуп берки кичинекей инимди көтөрүп алып барып төшөгүнө
жаткырды.
-Апа, мунуңуз деле чоң го экинчи класска окуйт ,өзү туруп келсе болот эле да -дедим апама .
-Каяктагы чоң,биринчи эле классты бүтүрдү го.
Апам балдарын кымтылап кичинекейин кече жакында эле эмчектен мектепке окуурунда гана чыгарган
баарынын бетинен өөп чачтарынан сылап,жыттап;
-Жалгандан жалгыз балдарым, силерсиңер балдарымдан башка жан күйөөр ата -эне ,бир тууган жок менде балдарым гана менин кубатым,бар байлыгым бар дүйнөм-деди апам жылмайып балдарына карап ,анан жарыкты өчүрүп экөөбүз коридорго чыктык.
Апам жашап өткөн өмүр күнүндө бир дагы жолу бизди кол көтөрүп какыс кукус кылмак турсун ,үнүн көтөрүп катуу сүйлөбөй жүрүп өтүп кетти.
Апа болуп,бир таарынып,бир өктөм сүйлөп,бир туура эмес сүйлөп,нараазы болгонун уккан дагы көргөн дагы жокбуз.
Апа,мен сиздей апа боло албайт окшойм.
Мен көбүн эсе чоң энеме окшоп баратат окшойм.
Анын жанында чоң энем кээде тил укпаса эркек балдарды чыбык менен чарпып өтчү.
-Кыз бала,кызыл алтын кыз конок,ансыз дагы алдында түйшүгү көп болот деп кызы мага тийчү эмес эзели энем.
Апам чоң бөлмөгө кирип сервантта турган эки сүрөттү алып,диванга олтуруп көпкө карап туруп анан мага кайрылды;
-Эки байкеңе тең катты качан жаздың эле кызым?
-Аз эле болду бир жума боло элек,кат эми жетет да апа.
-Фрунзедеги байкеме бат эле жетет ,армиядагы байкеме болсо бир аз кеч жетет болуш керек апа-дедим мен.
-Аңгыча намаз окуп бүтүп эшике чыгып бара жатып,биздин кобурубузду уккан чоң энем дагы кирип,апамдын колундагы сүрөттөрдү алып,
-Кагылайын каралдыларым сагындым,менин балдарым, чоңум эми келет бекен?жайында дем алышы болчу эле, келип калаар,аскердеги азаматыма посылка салалы, түймөч жасап,жаз чыкса күзгө келип калат аным дагы-деди энем.
Эки апам тең эки сүрөттү көпкө карап анан кайра мага беришти.
-Күкүнгө дагы салышыптыр ушундай сүрөттөрүн -деди энем эжеми айтып.
-Апчем качан келет экен эне -дедим чоң энем жакында эле барып келгенинен андан сурадым.
-Жакында барабыз деп айткан,кыздарына чермый тигип берейин дедим эле,ошону ырас эстеттиң,кызым келгенче кыздарына чырмый тигип коёюн- деп энем жатканы кетип бара жатып мага сүйлөдү.
-Кызым сен качан жатасың, укта эрте эртең иш көп -деди да чоң бөлмөдөн чыгып кетти.
-Атаң дагы,кызым күйөөсү кыздары менен келгенде соём деп олтурат жанагы сайга аркандаган койду-деди апам кошумчалай .
Анан жанында олтурган менин төбө чачымдан жыттап , өрүлгөн чачымды сылап койду.
-Карачы сууга түшө берип, күнгө жүрө берип, чачың саргайып кетиптир, эртең айран менен жууп берейинчи
-деди апам мени бооруна кысып бетимден өбүп жатып.
Башымды апамдын тизесине коюп ;
-Апа,быйыл жаңы форма алып бересиңерби мектепке?
-Тигил формаңчы? ал деле жаңы го?
-Жаңы болгону менен бүктөмөлөрү көп, үтүктөп эсиң оойт экен,быйыл эч кандай бүктөмү жок эле эндей форма же сарафан алып бергилечи -дедим апама эркелеп.
-Макул ошондой бар болсо алып беребиз,болбосо Катяга партнойго тиктирип берем кызым -деди апам менин көңүлүм менен кошо болуп.
-Жаталыбы кызым-,деди апам.
-Апоу бешинчи күнү биздин көчөнүн кыздар болуп киного барайын дегенбиз,чоң энем, жибереби?
-Күндүзгү болсо жиберет энем.
-Ооба күндүзгү саат беште башталат.
-Мейли экөөлөп энемдин эбин табарбыз-деди апам күлүмсүрөп.
Мен апамды бекем кучактап бетинен өптүм.
-Жүрү апа эшикке чыгып келип уктайлы дедим.
Эшикте анда-санда жайкы мелүүн жел акырын соккону менен саратандын иши саратан,түн дем болуп жымжырт тургансыйт.
Чоң энем экөөбүз бүгүн сыртка эшикке жаттык.
Апам сыртагы жарыкты өчүрүп үйгө кирип кеткенден кийин мен чоң энемдин койнуна култ этип кирип кеттим.
Чоң энем деле уктай элек экен.
Башымды жууркандан акырын чыгарып асманды карадым.
Көмкөрүлгөн асманда жылтыраган эле жылдыздар жымыңдайт.
-Апа,уктап жатканыбызда үстүбүзгө жылдыздар түшүп кетсе эмне болот?
тээтиги,тээтигилер дедим колумду чыгарып тушумдагы жылдыздарды көрсөтүп.
-Ок,антип айтпа,ал кудайдан иши,жылдыз кайда сен кайда.
-Жат укта, эртең иш көп ,тоголок таш терип келебиз чий токуганга.
-Эртең канча иш кыласыз,апчемдин кыздарына чырмый тигем дейсиз ,таш терем дейсиз,байкеме туймөч жасайм дейсиз деги кайсыны кыласыз дедим энемди кучактап .
-Апоу андан көрө мага жаңы көйнөк тигип бериңизчи.
-Жаңы көйнөктү кийип кайда барат элең кызым .
-Айт болбосо ?
-Кызык апамсың да айтта эле жаңы көйнөк кийиш керекби?
-Мындайда деле кийсем болбойбу.
-Болот кызым болбой,анан.
-Апоу бешинчи күнү биздин көчөнүн балдары баары киного барайын дегенбиз,мен дагы барсам болобу.?
-Ии,ошого кийип барам деп жаткан турбайсыңбы жаңы көйнөктү.
-Ооба .
-Көрөбүз ,кеч болуп кетти болду эми укта .
-Апоу .
-Ии
Көйнөк тигип бересизби?
-Бешинчи күнгө чейин канча бар?
-Бүгүн базар күн ,мончо болду,элдин баары барышты.
-Ии,дагы көп бар экен анда.
-Ооба,бат эле келип калат .
-Апаң бир -эки саат убараланса тигип берип коёт көйнөктү кызым -деди чоң энем.
-Болду эми уктайлы -деди да оодарылып жаздыгын оңдоп жатты.
-Мен энемди кучактап ,көпкө асманды тиктеп жатып,энемдин ысык демине мээримине магдырап уктап кетиптирмин.
Аягы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Ар дайым бактылуу болуңуз