66-бөлүм.
Абжалбек үчүн жайдын ысык күндөрү өтө оор өтүп,атасы каза болгондон бери негедир сабыры суз болуп калды.
Кээде атасынан кийин апасын ойлоп коркуп кетчү дагы болду.
Бүгүн агасы Кутманбек экөө чөптүн биринчи чабыгын чапканы бара жатышат.
Сарайга кирип чалгыны чыңай турган кайрак ташты алмак болуп кирген эле.
Сарайдын эски илгичинде атасынын чөп жыйнаганда кийе турган кийимин көрдү.
Негедир атасына болгон кусалыгы күчөп,сагынычы
көкүрөгүн тээп кетти.
Ал акырын барып адагенде жеңи узун көйнөгүн,андан кийин чети майышып,сыны бузулса да,кийгенге боло турган чий калпагын башына илди.
Мурдуна атасынын тер менен кир аралашкан тааныш жыты урунганда, өрөпкөп, өпкөсү көөп чыкты, жаагынан ылдый ысык жашы куюлуп, өзүнөн өзү бышактап токтоно албай,бир топко ыйлап барып,анан барып, көптөн берки бугу чыккандай бир аз жеңилдей түшкөнсүдү.
Азыр атасынын деми кошо келгендей өзүнө күч пайда болду.
Тирүү адамдын иши улана берет эмеспи.
Момуштун балдары да айылдагы тиричилик менен алаксышып,кези келгенде атасын эстей коюшуп,куран окушуп,эл ичинде жашоосун улантып жатышты.
Берки айылдын четиндеги сарайда,жайлоого чыгалбай турган койлорду багып Анаркул менен Арчабүбү калган эле.
Жайкы чилде түшкөндөн бери Арчабүбүнүн мазеси жок.
Ошондуктан таң эрте салкында сыртка көң жагып,көмөч казанга нан бышырды.
Самоорго чай кайнатып жатып эле ,бир заматта эле «башым» деп ооруп калды.
Капилеттен аялынын ооруп калганы Анаркул үчүн башына түшкөн кайгы болду.
Эртеси эле ат араба менен алып барып айылдагы фельдшерге көрсөттү.
Ал киши чабандын аялын көпкө текшерди да:
-Анаш аке,районго эле алып барганыңыз жакшы го дейм жеңемди -деди догдур.
-Ой,байболгур,коркутпай айтчы деги,эмнеси ооруп атат женеңдин-деди Анаркул чыны менен чый -пыйы чыгып сурады.
-Жеңемдин кан басымы жогору экен,азыр даары ичирдим,бирок баары бир алып барышыңыз керек -деди догдур жигит.
-Мен койдон чыга албаймын го,балам алып барат -деди Анаркул аябай капа болуп догдур жигитке карап,анан жазып берген бир топ кагаздарын алып Арчабүбүнү жетелеп келип арабага салып айылдагы өзүнүн үйүн көздөй айдады.
Анаркул арабасын кылдыратып айдап келип үйүнүн жанына токтотту.
Кобур-собур үндөрдөн келини Айнакан колундагы баласын көтөрүп сыртка чыга калды.
Аңгыча болбой эле артынан кошо чыккан тун уулу Алтынбек, чоң энеси менен чоң атасын көрө салып чуркап келди.
Арчабүбү өзү башы ооруп араң турса дагы небересин көргөндө оорусу басыла калгандай арабадан тез түшүп небересин колуна алды.
-Алдыңа кетейин, садагаң болоюн, бөбөгүңдү ойнотуп жатасыңбы-деди үлдүрөп өзү араң турса дагы небересине жалынып бети башынан жыттап, өпкүлөп кирди.
Анан атасына берди.
Анаркул дагы небересин кучактап,ал дагы төбө чачтарынан коркулдата жыттап алды.
Келини кайын ата кайыненесин көрүп,алды менен жүгүнүп учурашты.
-Көп жаша айланайын, тилеген тилегиңе жет-дешти кайынатасы менен энеси.
Келин кайыната, кайненесине келип кичинекей уулун өптүрдү.
Алар үйгө киришкенде Аскарбектин жогун көрүштү. -Асыш жумушка чыктыбы? -деди атасы.
-Ооба,машинеси оңдолуп буттү,жумушка чыкты-деди келини.
Кичинекей уулун энесине берип,чай даярдамакчы болду эле кайнатасы кайненесинин абалын түшүнө элек келинине жай айтмак болду.
-Келе гой,Султанбекти мага берчи, апаң бир аз тумоолоп калгандай,догдур бул кагаздарды жазып берди, районго көрүнүп келсин деп жиберди -деди атасы.
Кагаздарды атасы чөнтөгүнөн алып чыгып келинине берди.
Айнакан,кагаздарды алып, кайненесин карап,бир кызыктай болуп,туруп калды.
-Апа,кайсы жериңиз ооруп жатат,качан ооруп калдыңыз? -деди келини жүрөгү кыйналгандай сурады.
-Эч нерсе эмес балам,бир аз тумоолоп калгандаймын го, догдурга барып көрүнүп даарысын алып келейин-деди кайненеси келинин тынчсызданып жатканын сезип, жаны кыйналып турса дагы, коркутпайын дегенчилик кылып,жай бейкапар сүйлөдү.
Келини кайненесинин дайыма тыкан таза бир калыпта сабырдуу жүргөнүнө көнүп калган.
Азыр Арчабүбү энесин карап,анын бир аз жүдөй түшкөнүн көрдү.
Айнакан жер төшөктөн каттап салып, энесин акырын жаткырды да тегерек үстөлдүн үстүнө чай даярдай баштады.
Анаркулдун колундагы экинчи наристе небереси Султанбек алардан чоочуркап, өзүнүн энесине барам деп умтулуп ээрчип ыйлап такыр токтободу.
-Ой,бул балама эмне болду-деди Анаркул балага эби кетип калганың өзү эми билди.
Анаркул ары бери көтөрүп, соороткон болду,бирок бала такыр токтобой ыйлай берди.
Ал бир кезде көтөрүп алып сыртка чыкты.
Ошол кезде жолдон чаң чыгып,уулу Аскарбектин көк машинеси анчалык эмес жерден көрүнүп калды.
Анаркул уулунун келе жатканын көрүп бир чети сүйүнүп дагы кетти.
Аскарбек болсо алыстан эле атасынын бала көтөрүп турганын көрүп,бир чети таң калып,бир чети кооптонуп шашылып машинеден түштү.
-Ата,тынччылык элеби,койду таштап эч жакка чыкчу эмес элеңиз го?-деди Аскарбек атасына жакын келип кучактап учурашып жатып сурады да,өзүн көздөй талпынган уулун атасынын колунан алды.
-Тынч эле,апаң бир аз ооруп калганынан догдурга келсек,районго жиберди, эртең өзүң алып барып кел,дары дармегине сенин тишиң өтөт,мен көп түшүнө бербеймин, билесиң -деди атасы.
-Апамбы? Качан ооруп калды? -деп Аскарбек баласын атасына ыйлаганына карабай бере коюп, аттап-буттап үйгө кирип апасына жетти.
Арчабүбү баласынын көзүнө бүрүшкөн кичинекей кемпир болуп көрүндү.
Чыдай албай,анын үстүндө өткөндө көргөн түшүнөн коркуп кандайча апасын кучактап ойготуп алганын билбей калды .
-Өф-деди апасы канча күндөн бери көзү илинбей жаткан эле,өз үйүнө келгенде куш уйкуга кеткен экен,бир аз жеңилдей түшүптүр.
-Апа,кайсы жериңиз ооруп жатат,оорубаңызчы-деди Аскарбек ыйламсырап, көзүнө жаш тегерене дагы түштү,негедир апасын аяп кучактап ыйлагысы келип кетти.
-Жакшы эле жүргөм,эмне болгонун билбейм,башым тынбай зыңылдап күнү бою басылбай туруп алды,анан атаң догдурга алып келди -деди Арчабүбү уйкусуроо көзү менен уулун карап, көкүрөгүндөгү оор жүгүн чыгара шуу үшкүрүп,акырын онтоп алды.
Аскарбек, апасынын өңү бозоруп,ооруп калганын сезди.Жан дүйнөсү кыйналып чыкты.
Ортоңку бөлмөнүн дубалында илинип турган саат тык…-тык…деп жебеси тынбай согуп турат.
Аңгыча чай ичкиле деген келиндин үнүнөн баары кичинекей бөлмөгө кирип олтурушту.
Арчабүбү апасынын ооруп калганына уул келини аябай эле сарсанаа болушту.
Таң атпай эрте турган атасы
короосун бир сыйра айланып карап келгенче келини чайын коюп баарын даярдап күтүп калган экен.
Үй-бүлө унчукпастан эртең мененки чайын ичишип районго жөнөп калышты.
Арчабүбү алсыз колдору менен күйөөсүнө таянып жатып турганга аракеттенип жатты, бирок алы келбей, кайра жыгылып баратканда эшиктен кирген Аскарбек кучактап кармап калды.
- Апа, …апа.. ,эмне болду?-деди чоочуп кеткен баласы.
-Жакшы эле,балам,көзүм караңгылап кетти,эми жакшы эле -деди апасы өзүнө келе түшкөндөй.
Аскарбек апасын машинесине олтургузуп районго алып жөнөдү.
Анаркул менен келини Айнакан машиненин карааны алыстап узаганча карап турушту.
Аскарбек жол катары улам апасын карап коюп келе жатты.
Атасы менен апасы кырк жылга жакын колхоздун ак коюн багышты. Жаштыгы, өмүрү,бардык жашоосу мал артында жүрүп тоодо өттү.
Койдун артында жүрүп не бир
кыйналган күндөрүн дагы көрүштү.
Ошондо дагы муңкурашып жатып калган эмес.
Бүгүн Арчабүбүнүн ооруканага жатканына он күндөн көп болуп калган болчу.
Башында келгенине караганда бир топ эле тыңып жакшы болуп калгандай көрүндү.
Жаңы келгендегисиндей эмес,бир аз көңүлү ачылып жакшы болуп калган.
Үйүнөн бирөө жарым келсе ооруканадан чыгып кетсем деген ойу бар.
Кой сарайында абышкасы кандай күндү көрүп жатат болду экен дегенде,эми ооруканага тургусу келбей калды.
Палатага кирген догдур эртең мененки текшерүүдө адагенде эле Арчабүбүдөн баштады.
-Жакшы эже,кан басымыңыз эң жакшы, өзүңүздү кандай сезип жатасыз?-деди ал текшерип жаткан тыңшагычын кулагынан алып жылмая карады.
-Рахмат айланайын,жакшы болуп калдым,эми үйгө чыга берсем болобу?-деди Арчабүбү.
-Ооба, бүгүн чыгасыз?-деди догдур.
-Бүгүн Аскарым келиш керек эле,ырас болбодубу,уйгө чыгарганы -деди Арчабүбү палатада чогуу дарыланып жаткан Күлүмкан деген аялга догдур менен медайым текшерип кеткенден кийин айтты.
-Ооба,эже,жакшы болсоңуз чыгара беришет,мени дагы эртең чыгарабыз дейт, бүгүн акыркы дарыларымды салышат -деди ал дагы кетесиң дегенге сүйүнүп.
-Рахмат буларга дагы, колдоруна дарт бербесин,кандай күндө келдик эле,минтип оңоп коюшту эле,кетебиз деп шашып жатабыз пенде экенбиз да,тиричилик деп жүрөбүз, -деди Арчабүбү жылмайып көңүлү ачыла сүйлөдү.
-Ошону айтсаңыз,тиричилик тирүүлүктө бүтпөйт экен да-деди Күлүмкан дагы кошумча болуп күлүп калды.
Аңгыча терезе чертилип аркы бетинен уулу Аскарбектин келгенин көрүп калат.
-Кагылайын кулунум,таң атпай келип калган турбайбы-деп терезенин тушуна шашкалактап тез жетти.
Терезенин үстүнкү көзөнөгү ачык,марли тосуп койгон чымын-чыркейден коргоп,таза аба кирип турат.
-Апа, кандайсыз,жакшы болуп калдыңызбы?-деди уулу терезени шыкаалап апасына жылмая тиктеп сурады.
-Ооба, кагылайын,жакшы болуп калдым,бүгүн чыгасың дейт догдур-деди апасы сүйүнгөнүн уулуна тез билгизип.
-Абдан жакшы болуптур качан чыгасыз анда?
-Кагаздарын жазып берсе эле чыгам го.
-Анда бул ысык тамакты эже экөөңүздөр жеп, өзүңүз кийинип, кагаздарыңызды жаздырып туруңуз,мен автобазага кагаз өткөрүп келе коёюн апа-деди уулу энесинин жакшы болуп калганын көрүп жалбырактай жадырай түштү.
Арчабүбү дагы жылмайып уулунун айтканын туура көрүп,сыртка чыгып баласынын алып келген тамагын көтөрүп бат эле кайра кирди.
-Эже,көз тийбесин, уулуңуз абдан күйүмдүү жакшы бала экен,эне бала деген ушундай болуш керек чынында өзү,бирок сизге такыр окшош эмес экен,атасына окшош болсо керек ээ эже -деди Күлүмкан оюнда эч нерсеси жок,жана энеси менен терезеден сүйлөшкөн жигитти көргөнүнөн айтып калды.
Арчабүбү негедир ыңгайсыз болуп кетти,бирок анысын сездирбей:
-Ооба,атасына окшош жагы дагы бар,көбүнчө түп тайталарына окшошуп кеткен-деди оозу башоңкурай, көңүлү бир аз пас боло түшкөнсүдү.
Уулу алып келген беш бармакты чоң чыныларга бөлүштүрүп устукандарын тарелкага салып ортого койду.
Күлүмкан он күндөн бери жанында күн түнү чогуу дарыланып жаткан эжесинин жүрүм турумун жакшы эле билип калган.
Азыр уулу жөнүндө сөз болгондо Арчабүбү эжесинин бир башкача өзгөрүлө түшкөнүнө, көңүлү чөгө түшкөнүнө Күлүмкан бир чети таң калып,бир чети оңтойсуз боло түштү.
Кайрадан эмне болгонун сураганга оозу барбай, эжесинин көзүн карап тамактан анда-санда алган болуп,өзүнүн дагы көкүрөгү кадимкидей кыйналгансып калды.
Кандайдыр бир сыр бар сыяктуу сезилди булардын ортосунда.
Бирок кандай сыр?
Көп өтпөй уулу келип эне бала ээрчишип,дарылаган догдурга рахмат айтышып, Күлүмкан менен коштошуп, ооруканадан чыгып кетишти.
Аскарбек жол катары ,эки көзү жолдо болгону менен апасына сөзү түгөнбөй айылдагы жаңылыктарды баарын айтып түгөтө албай божурап келе жатты.
Баласынын акыркы сөзү Арчабүбүнү ток тийгендей чочутту.
-Келсинбек акенин апасы Майрамкан апа өтүп кетиптир түндө -деди Аскарбек болгон жаңы жаңылыкты айтып.
-Ии,байкуш,качан ?
-Түн ичинде дедим го, апа,сиз мени угуп жатасызбы деги,ошо туугандары боз үй тиккени таң атпай кетип бара жатышыптыр -деди уулу апасына көңүл бөлүп:
Аркыраган шамал машиненин кабинасын өрдөп кеткендей болду.
-Апа, үшүгөн жоксузбу?
-Мен жак тарапты жаап койчу балам,алган үкөлдөрүм эми сиңет дейт,жылуу,жүр деген догдур бая кагазына барганымда -деди апасы.
Аскарбек апасы тарабын жаап жатып, жоолуктарынын четинен саамайлары агарып чыгып калган чачтарын көрүп,анын үстүнө ооруп калганына өзгөчө бушайман болуп калган болчу.
Азыр апасы сакайып чыгып баратканына сүйүнүп, апасынын бетинен өөп жүрөгү бөксөргөндөй жыргап баратты.
Ал эми Арчабүбү болсо түндө бул дүйнөдөн өтүп кеткен Майрамканды ойлоп,ал бир кезде Анаркул эринин жакшы көргөн сүйлөшкөн кызы болгонун эстеп кетти.
-Байкуш,балдарынын рахаттын көрсө болмок, эринен эзели жакшылык көргөн жок,бечера -деди өз алдынча сүйлөп.
-Апа,кимди айтып жатасыз?
-Майрамканды, Иманбек чолокко чыдап жашаган аялды айтып жатам -деди апасы .
-Иманбек ата,ошондой жаман адам беле?
-Кызылкамчы адам эле,ал деле өлдү жарыктык ошондой кызганчак болчу,байкуш Майрамкан каккан казыктай гана жүрчү эле -деди Арчабүбү көкүрөгүнөн оор дем алып машиненин кабинасынан сыртты карап койду.
Анаркул эри укса кантээр экен,кантсе да пендебиз, пенделик парз менен бата кылып кетемин го кой сарайга барганча -деди Арчабүбү ичинен.
-Бир эки күн неберелериңиз менен болосузбу үйдө ?-деди уулу,апасынын эмнени ойлонуп ,унчукпай калганынан алаксытып койгусу келип,ошентип сурады.
-Калсам жакшы болмок, неберелеримди өзүм дагы сагындым,бирок атаң эмне болот,ансыз дагы ушунча күндөн бери кыйналып калган болуш керек,бул маалга чейин,тигил Атыргүл дагы барган эмес турбайбы -деди апасы,жардамчы чабандын аялын айтып, атасы Майрамкандын каза болгонун укса келээрин айта албай койду.
Ошентип эне бала жол катары аркы беркини сүйлөшүп олтуруп айылга дагы кирип келишти.
Айымкан кайненесинин башынан суу тегеретип,бош чыныны босогого көмкөрүп калтырып,үйгө киргизди.
Чоң энесин, уктап жаңы эле турган Алтынбек көрө салып чуркап келип алдына олтура калды.
Чай ичилип бүтөөр кезде коңшусу Бүбүмариям, чоң кайчы сурап кирип калды.
-Ой,эже,кандайсыз,качан келдиңиз,мал-жан аман -эсен жакшы жүрөсүздөрбү?
Такыр эле төмөн түшпөй калыңыздар,Анаш аке кандай жакшы жүрөбү?
-Кудая шүгүр,жакшы ,баары жакшы -деди Арчабүбү догдурга жатып келгенин сүйүнчүлөбөйүн дегенсип ал жөнүндө ооз ачпады.
-Өзүңөр кандай жакшы жатасыңарбы?
-Биз жакшы эле жатабыз.
Балдар чоңоюп,алды окууну бүткөнү калды эже баягы өзүңүз бешикке бөлөп салып берген Айдар уулуңуз быйыл окуусун бүтөт -деди Бүбүмариям.
-Жакшы экен ,аман болсун кагылайын,тилеген тилегине жетсин, ыймандуу силерди сыйлаган жаштардан болсун -деди Арчабүбү.
Алар кошуналардын ар кимисинин жаңылыгын айтып олтуруп,айылдын этегиндеги Майрамкандын өлүмүнө токтолушту.
-Ай, Бүбүмария ,бош болсоң мени менен Майрамканга барып бата калып келели,мен эртең кой сарайга кетсем,дагы качан келет элем,андан көрө бүгүн барып койгонубуз жакшы -деди Арчабүбү эртеден бери ким менен барып келем деп ойлонуп олтурган эле .
-Мен ал өлгөн күнү эле коңшулар баарыбыз барып бата кылып келгенбиз,бирок азыр сизге шерик болуп сизди алып барып келейин -деди Бүбүмария.
Эки аял чайга бата кылышып сыртка чыгышты.
Арчабүбү Бүбүмарияга кой кырккан чоң кайчысын шаймандар койгон сарайынан алып чыгып берди. Ошол тушта апасын күтүп зарыканда келе калган ортончу уулун көрө калып Бүбүмария күлдү :
-Сапен мени күтүп жатып чарчадыңбы , Арчабүбү апаң кой сарайынан келип калган экен , экөөбүз кобурашып калдык,эми сен койду жакшылап,таза кырксаң-деди апасы.
Сапен Арчабүбү апасын көрүп учурашып калды.
-Арчабүбү апа,жакшы болуп калдыңызбы,Аскар өткөндө апам ооруп калыптыр деп жүргөн эле -деди Сапен жылмайып сурады.
-Рахмат балам, шүгүр жакшымын -деди Арчабүбү.
-Эмне дейт? Жакшы болуп калдыңызбы дейби,ботом эмнең ооруп калдың эле?-деди Бүбүмария көп жылдан берки нары коңшу нары курдаш болуп келген Арчабүбүгө таңкалып сурап жиберди.
-Ооба,бир аз тумоолоп районго ооруканага он чакты күн жатып чыктым -деди Арчабүбү.
-Ушундай эле тымпыгыйсың да,айтып койсоң барып көрүп келет элек го -деди курдашы таарынгансып.
Көп өтпөй эки коңшу курдаш, көчөнүн этегине барыш үчүн бак ичиндеги кыска жолго салышты.
Эки аял Иманбек чолоктун үйүнө жакындаганда Арчабүбү менен Бүбүмария бир ат чегилген эски арабаны эшиктин алдында токтоп турганын алыстан көрүштү.
Жакындай келгенде Арчабүбү ат араба өздөрүнүкү экенин жазбай тааныды.
Арабага кошулган чабдар ат дагы Арчабүбүнү тааныгандай эки көзүн жайнатып, тыбырчылап акырын кишенеп койду.
Арчабүбү арабасынын кырын колунун учу менен сыйпап жашоосу ушул араба менен тең тайлаш кылдырап өмүр кечип келе жатканына көп болду.
Күйөөсү Анаркул Майрамкандын өлгөнүн угуп батага келгенин Арчабүбү билди.
Аялдар эшиктин алдында сөөк үчүн тигилген боз үйгө киргенде бир эки аял үч төрт эркек бар экен.
Маркумдун жакындарына көңүл айтышып анан олтуруп калышты.Төрдө олтурган Анаркул эшиктен кирип келген аялын көргөндө чоочугандай бир серпилип тура калчудай обдула берерде жанында куран окуган жигиттин үнүнөн кайра тынчып олтуруп калды.
-Чайга,үйгө киргиле деген аялдын үнүнөн баарысы ордуларынан туруп сыртка чыгышты.Чайга чакырган аял маңдайдагы чоң үйдүн эшиктерин ачып келген кишилерди жазылуу дасторкону бар бөлмөгө киргизди.
Адагенде эркектер өтүшүп анан аялдар артынан киришти.
-Арчаш качан чыктың? -деди күйөөсү ыңгайсыз болуп.
-Кече кечке келдик үйгө районго Асыш барып калган экен-деди Арчабүбү.
-Өздөрү чыгардыбы?
-Ооба, өздөрү чыгарды.
-Ой,чабан, кандайсың, барсыңбы деги көрүнбөй калдың,мурун го жай жайлоодо,кыш кыштоодо жүрчү элеңер,эми айылдын башынан деле келе албайсыңар го -деди Бүбүмария какшанып.
-Жакшы ,кудая шүгүр,азыркы жумушум накта колуңду байлаган жумуш экен,ар күнү бир -эки койдон дарылаганга алып келип турушат.
Эки жакка да чыга албайт экенсиң,күндө эле колхоздун малдогдуру,санитары баары ошол жерде.
Бүгүн Алымкул барып калган экен,араң зорго,батага барып келейин деп жатып, чыктым -деди Анаркул.
Батачылар Иманбек чолоктун үйүнөн чыгышып, эки аял Анаркулдун арабасына түшүп кайрадан таш жолго чыгышып,машине каттаган жол менен үйлөрүнө кетмек болушту.
Сары топурагы каңтарылып, шамал болсо сапырылган түбүндө өскөн шыбактары бирин серин калганы кармалып турган дөбөдөн өтүп,таш жолго түшүштү.
-Үйгө кирип, неберелериңимди көрүп чыгайынбы байбиче -деди Анаркул.
Батадан кийин үйгө кирбейт дечү эле го-деди Бүбүмария.
-Өзүңдүн үйүңө боло берет ко дейм -деди Анаркул.
-Бирөөнүкүнө барган болбойт, өзүңдүн үйүңө боло берет анан кайда бармак элек-деди Арчабүбү күйөөсүн сөзүн ырастап.
Бүбүмария коңшусунун үйүнүн тушуна токтоп аны калтырып,эр зайып андан ары өздөрүнүн үйүнө келишти.
Арабанын кылдырын уктубу же ээрчиген Кара кулак итинин келгенин көрдүбү үйдөгү Барбос күчүк борсулдап үрүп тосуп чыкты.
Анаркул менен Арчабүбү айылдагы үйүндө көпкө кармалышкан жок неберелерин өөп жыттап сагынычтарын таратышып алчу буюмдарын алышып кайрадан жолго чыгышты.
Таш жол.Сары араба ордунан козголуп, чабдар ат желе жорто жөнөдү. Кызыл жүздүү Анаркул,аялына эч нерсе деп айта албаса да Арчабүбүнүн аман-эсен айыгып келгени ал үчүн канчалык бакыт экенин жүрөгүнөнг сезип билип, туюп турат.
Өңүнө кызыл жүгүрүп,азыр телегейи тегиз болуп,канча күндөн берки түнөргөн кабагы күн тийгендей жарк этип ачыла түшкөнүн өзү деле билбей келе жатат.
Арабанын ичинде чөптүн үстүндөгү төшөккө кыйшая жаткан аялын улам-улам карап коёт.
Кара кулак ити дагы күнүгө тамак берген адамы кайрадан пайда болгонуна сүйүнүп арабанын бирде оң жагына бирде сол жагына өтүп чабдар атка кошоктош болуп арабаны кошо тартышып келе жаткандай кызыл тилин салаңдатып,ал деле калбай лөкүлдөп келе жатты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4