келечек күн...кечээгим
Акыл жетпейт...таппайм ойдун этегин
Түк ойлонуп корбоптүрмүн бир дагы
Өмүр...мезгил...мынчалык тез өтөөрүн
Баркын билбей...баалуу кымбат экенин
Жаштык доорун сүрүптүрмүн неченин
Элестетип корбөптүрмүн эч качан
Күлгүн жаштын мынчалык бат кетээрин
Турмуш берип кээде алтын тенгесин
Сынайт тура жашоо баардык пендесин
Убакытты..ден соолукту..байлыкты
Көрүп билдим..бир мезгилде бербешин
Ойлонбостон жашоо бороон чапкынын
Карын тойсо..оюнга мас жаштыгым
Ден соолук бар..убакыт бар баарына
Бир кемчилик..бопбош эле капчыгым
Мезгил өтүп..күчкө толду жаш чагым
Турмуштун ак босогосун аттадым
Күч кубат бар...капчык толо..а бирок
Ойногонго бош убакыт таппадым
Убакыттын көрчү суудай акканын
Капкара эле..буурул тартты чачтарым
Баарын таптым..бирок аттин бир гана
Ден соолук жок..мурункудай баштагым
Түрмөктөлүп ойлор көчкөн күрткүдөн
Өтөөр элем бир кездерде үстүнөн
Көп нерсеге акыл жетсе ал жетпей
Бүт демимди топтоп азыр үшкүрөм
Четте калып сүйүү деген жыргалдан
Махабаттын белегиген кур калгам
Куру кыял..куру үмүт..сезимдер
Ырыскы таап жүрөт эргүү ырлардан
Бул өмүрдөн дегим келбейт кечиктим
Шүгүр кылам..барга жокко жетиштим
Адам болуп жаралган соң өлмөк бар
Жолун издейм..адам бойдон кетиштин
Эч убакта түгөл болбос дүнүйөң
Сыноо өмүр боло берет бир кем
Эн бактылуу адам болот жашоодо
Өз түгөйүн кезиктирген сүйүүдөн
Арман кылбас..жашоодо жок бир да жан
Көздөр эмес ..көөдөн жашык ыйлаган
Мендеги сыр..куса букту жашоодо
Жаздыгымдан бөлөк эч ким туйбаган
Кыялдарым көккө сызып жаркыган
Үмүт коштоп сүрөп барат атынан
Кайратыма канат бүтүп чарчабай
Бар күчүмдү топтоп алга талпынам
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 46
Куру койбостур, сенин үнүң эшитсе.
Мөлтүрөгөн аппак сүйүү дайраңды,
Кайрып берсин "махабат" деп, белекке.
Мезгил деген өз багытын жоготпойт,
Ал айлампа кудум жасап койгондой.
А убакыт- зымырык куш закымдап,
Жаштык кезди бизден алат таңуулап.
Кош канатың күүлөп учкун бийикте!
Талыкпагын көктө Күн бар демиңе!
Караңгыда ай шооласы күч берип,
Саманчынын жолуна түш ал)))келсе.
Турмуш мушу, соккусу, дегеле койчу баары кыйноо жана сыноо.
Тогуш керек болчу саптар экен.!!!
Арзуу айтып..авазын да эшиткем
Асыл заада жашап келет сезимде
А жашоодо..ак сүйүүдөн кечиккем
Ак булутка арзуу арнап ооругам
Ак сүйүүнүн издеп жомокторунан
Ай жылдыздын арасынан кезигип
Айрылышкан Саманчынын жолунан
Ай чыкканда ак булуттар кыландайт
Асман ага..кучак жайып ыр арнайт
Аяп турам сезиминди дегенсип
Аяр назик..тамчы мага улам жаайт...
Рахмаат рахмаат...жакшы саптар үчүн
Сиздин жоопко да ыраазычылык билдиремин.
Менимче бир аз болсо да конулуз тазарды.