Предыдущая публикация
Тагдырга алкыш ар убак айтып кубанам
Асыл жан үчүн,чеги жок бакыт берчи деп
Бассам да турсам Кудайдан тилеп суранам
Санаага батып,маанайып чөгүп турганда
Кыялым учуп,өзүндү эстейм бир гана
Моймолжуп турган көздөрүн сенин эстесем
Кетемин сүңгүп,керемет бакыт жыргалга
Бараткан кезде,жанаша басып сен менен
Мен үчүн бакыт..айта албайм аны сөз менен
Сүйүүнүн даамы,керемет жыргал экенин
Кезигип сага калганча эч бир сезбегем
Көз жоосун алган кооздугуң гүлдөй бакчада
Апапак жүзүң,булактай тунук таптаза
Дүйнөдө канча керемет сулуу болсо да
Мен үчүн асыл..эң сулуу жансын башкача
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 18
Ырларың сенин дайрадай болуп, шар агат,
Окуган жандын, көңүлүн дайым көтөрүп,
Өзүнчө сонун.. ырахат сезим жаратат!
Көңүлүң алган кыз дагы укмуш.. татына,
Ак куудай моюн, жарашкан кара чачына,
Апакай жүзү нур чачып турат өзгөчө,
Төп келип сенин, ырыңа жазган.. батына!
Ыр менен сулуу, жарашып бири-бирине,
Кеткен го досум, кошулуп алар бириге,
Бактылуу болуп, жетсеңер экен максатка,
Кааларым сага, ошол го менин.. ириде!
Балын татып сүзгүн сүйүү көлүндө
Бакыт эмне..деп сураса такалбай
Баштамакмын дароо сүйүү жөнүндө
Бул махабат..билбейм..кандай.. кимдерге
Баш айланткан сезим дешет ирмемге
Буйрук берип согуп турат жүрогүм
Бүт арзууңду топтоп сүй деп бир жерге
Ода ырлар үчүн рахмаат
Көңүл өзү, каалап бирди.. жандоосу,
Кайыл болуп, бүт баарына көз жума,
Өзүн эмес, өмүрүн да арноосу!
Сүйүү деген.. азабы да ырахат,
Эң бир ысык сезимдер бүт куралат,
Мейли бир күн, мейли жылдар өтсө да,
Ким сүйүүсүн ойлобостон тура алат!