Предыдущая публикация
Буюккан сезимдерге таппай айла.
Боорондой сапырышкан жан дүйнөнү.
Басалбай бурганагын күчөп бүткөн.
Бүркөлүп,түнөргөндөй көпкөк асман.
Булуттай самсаалаган санааларды.
Багыттын тапсам болду сапарымдын.
Буулугуп көнөктөгөн көз жаш төкпөй.
Бекитип көөдөнүмө көз жашымды.
Белсенем көтөрүгө өз башымды.
Баатырып бар жакшысын кучагыма.
Бакыттын бир эшигин ачсам болду.
16.03.24.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4