Предыдущая публикация
Жан болдуң көңүлүмө кайгы салган.
Ай сымал жаркыратпай жан дүйнөмдү.
Аңтарып ааламыма кыргын салган.
Мен сени күнүм десем нурун чачкан.
Жан болдуң жүрөгүмө муз тоңдурган.
Жылытпай сезимдерди мээрим менен.
Бороошо,ызгарыңа чулгап салган.
Кайыктым мерездиктен мээрим издеп.
Үзүлдүм,үмүттөрдөн бир аз четтеп.
Ишенич илмегинен кол жууганда.
Сабырды ээш тутуп келем эптеп.
6.09.24.Зейнеп.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев