Ага-ини таттуу болсо мине турган атың көп, авысындар таттуу болсо жей турган ашың көп.
Илгери өткөн заманда 4 ага-ини болуптур. Алар бой жетип үйлөнүшөт. Бир топ жылдар өтүп баары ийгиликтүү жана бактылуу жашап жаткан болчу. Элдин баары төрт ага-инини мактай беришет. Күндөрдүн биринде алардын аялдарынын бири, тагыраагы авысындардын бири ушинтип сөз баштайт:
⁃ Эмнеге элдин баары эрлерибизди эле мактайт. Биз жөнүндө эч ким эч нерсе айтпайт? Келгиле мобул тойдо эл келгенде эт-жилик талашып жаңжал чыгарабыз!-деп калат.
Ошентип алар эл келгенде ошондой кылышат. Ошол окуядан кийин эч ким төрт ага-ини жөнүндө мактоо сөз айтпай калат экен. Ага-инилердин ынтымагы жана ийгилигинде сөзсүз түрдө артында турган авысындарда иш чоң...
Ага-инилердин жана авысындардын ортосун гыйбат бузат. Аллахка шүгүрлөр болсун, бактыбызга көз тийбесин. Акылман аялдарыбыз менен Аллах Бейиште да бирге кылсын...
Сүрөттө иним Иляс, аялы Айжамал, жана менин келинчегим Гүлбара.
Чет өлкөлөргө саякатка чыгып калсам ата-энеме, эки карындашыма жана келиниме да белек алып келем...
Урматтуу авысындар, бир энеден төрөлгөн бир туугандарды бир-бирине душман кылып койбогула!
Урматым менен Идрис Айитбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 122