Жаңы эле келин болуп келип, эртеси таңкы намаздан кийин жолдошуна ушундай сөз айткан акылман аял жөнүндө ойлонуп көрөлү:
-мен сиздин табиятыңыз жана мүнөзүңүздөн бейкапар бир кызмын. Эмнелерди жактырып жакшы көрөөрүңүздү айтсаңыз. Сиздин ыраазычылыгыңызга карап аракет кылып кызматыңызды кылайын. Дагы эмнелер жакпайт аны да айтсаңыз. Алардан сактанып көңүлсүз болууңуздун алдын алайын. Кимдер менен кантип мамиле кылайын? Билип койсом ошого карап иш тутам. Сиз да башка бир аял менен мен да башка бир эркек менен турмуш курушубуз мүмкүн эле. Бирок тагдырдын буйругу ушул экен, бирге үй-бүлө курдук. Бул Аллахтын өкүмү...
Жогорудагы аял Шаабий аттуу табийиндин (сахабаларды көргөн адамдарды ушинтип аташат) аялы эле. Шаабий айтат: -жыйырма жыл бирге жашап, бир жаздыкка баш койгон аялымдан бир да кемчилик көрбөдүм. Ошентип алар көп жылы өрнөктүү жана бактылуу жашашкан....
Үйдөгү түгөйлөрдүн жаңжалы да түшүнбөстүктөн келип чыгат көбүн эсе. Түгөйүң оюңдагыдай болбогону же кылбаганы сени көбүнчө капа кылат. Кептин баары сен ойлогон нерсени өмүр шеригиңдин билбегендигинде-кабарсыз экендигинде жатат.
Мисал:
Мен азыр үйгө барсам келинчегим мени ушинтип тосуп алса деп кыялданасын, аялың болсо жолдошум азыр сырттан мага ушундай нерсе менен келип көңүлүмдү алса деп ойлонот. Бирок экөөң тең ойлогон нерсеңерден бейкапарсыңар, натыйжада ойлогон нерсеңер ишке ашпады. Ойлогонуңарды алдын ала айтып, ишке ашырып, бир-бириңди кубантып жашоого напсибиз гана тоскоолдук кылат. Келгиле анда бир-бирибизге жагып-жакпаган нерселерди айтып ошого жараша бир-биризди этияттап сүйүнтүп, сүйүп-сүйүлүп жашайбыз🥰
Демек, сүйгөнүнө жеткен адам бактылуу болбойт, бирок жеткенин сүйүп жашаган адам анык бактылуу болот!
Эң биринчи үй-бүлө
Этияттап жүргүлө
Бүтө электе бул өмүр
Бир-бириңе күйгүлө...
Идеал түгөй күтсөң
Эч качан жолукпайсың
Эки жаш кемтигиңди
Бир болуп толуктайсың...
Идрис Айитбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 64