- Мырза, сен эмне эле бул келинди айланчыктап, жанынан чыкпай калдын? Куйоосу бар немеге башын айланып калган го?... Апандар укса, жаман болушпасын,- деген Салкындын созуно конул бурбай, Мырза Карлыгачка келгенин токтотпой койду. Буга чейин шашпай бутурчу иштерин бат- бат жасай салат да, атасынын: " Кайда?!- деген суроосуна: " Келип калам... Кичине баладай коруганынарды токтоткулачы! Озумдун да иштерим бар,"- деп, атына секире минип, жоноп кетет. Карлыгач озун чындап Жамийладай сезип кетчу болду. Махабатты даназалап обон созуп, откон омурун артка таштап, Мырза менен кол кармаша дуйно кезип кеткиси келет. Бирок... " Ал заман башка, азыр... Соорондун " колу узун"... Кааласа, жер алдынан да таап алат... Анан да... Мырза эле мени менен кеткиси келип турат дейсинби?!"- деп ойлонот.
Карлыгачтын элеси куну-туну тынчтык бербей, Мырза да суйуунун туткуну болуп, ар ойго жетеленип кыйналып турган кези. Карлыгачтын атын мин кайталап:" Жамийладай куйоонду таштап, махабат деп мени менен каалаган жагыма кетээр белен?"- дейт ичинен суроо салып. " Сен учун барына даярмын... Эгерде эле мени таштап, шаарына баса берчу болсон, дербиш болуп, ак уруп, махабаттын таттуусу менен ачуусун, кубаныч менен кайгысын даназалап ырдап, жалгыз кете берем..."- дейт озунчо.
- Карлыгач...- деди бир куну Мырза:- Мени менен кал... Уйумо алып барам... Ата-энеме татынакай келин болосун...
- Кантип?- деди Карлыгач:- Сени менен калууну мин самап турсам да... Оной эмес... Куйоом бизди соо койбойт.
" Кандай айла табабыз",- дегендей, Мырзаны жаш айланган коздору менен жалооруй карады.
- Чындап суйосунбу мени, айтчы Карлыгач?! Бири- бирибизди суйуп турсак ким тоскоол боло алат?
Мырза Карлыгачты имере тартып кучактады да, молтуроп жаш толгон коздоруно тигилди:
- " Жолдошум жакшы киши"- дедин эле го, мумкун бизди тушуноор... Ушинтип суйбогон адамын менен омур бою жашай берем дейсинби? Ачык эле айталы?... Кандай дейсин?
Мырза Карлыгачты умутту карады. Карлыгачтын коздорунон мончоктоп жаш куюлду. Ун-созсуз Мырзанын кокурогуно башын жолой, бир саамга эки ийнин булкулдотуп ыйлап турду да:
- Неге сага жолуктум экен?...- деди шыбырап.
Мырза Карлыгачтын ийнинен тарта, башын кокурогунон алды да:
- Сен антип айтпа!... - деди:- Бул биздин тагдыр. Сен экообузду табыштырган тагдырга рахмат айтышыбыз керек.
Карлыгачтын жашын аярлай аарчып:
- Ыйлабачы, жаным... Менин да журогум сыздап турат... Экообуз бир айла табышыбыз керек,- деди.
Карлыгач ый аралаш жылмайып койду.
- Мына... Сен жылмайсан бут дуйно жаркый тушот... Омур бою сенин жылмаюунду коруп журуп отсом, менден откон бактылуу жан болбойт эле...- деди Мырза. Автор: Н. Шаршенбаева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев