Карлыгачты кучагынан бошотпой, акырын гана кулагына шыбырады:
- Биз балалуу болобуз... Коросун го, Кудай бизге коп бала берет... Сен каалагандай... Бешоо эркек, бешоо кыз...
Карлыгач Мырзанын айтканына чын ниетинен макул боло:
- Ошол кундор эртерээк эле келсе экен...- деди да, кыялында бала которуп, Мырза менен кочо бойлой кетип бара жатканын элестете бактылуу жылмайып койду.
* * *
Желп эткен жел жок, шаар ичи уп тартып, дем кыстыктырат. Демейдегиден, бугун ботончо ысык. Терезе калтырбай ачып коюп, оор дем ала Карлыгач телевизор тиктеп отурду. Телевизорго коздору тигилгени менен, ою таптакыр башкада эле... " Аркандан барам, кут... Сенсиз жашоом, карангы тундой... Омур бою сени гана суйуп отом..."- деген Мырзадан дайын жок. "Неге алдадын?! Же... Ата- эненди кондуро албай койдун бекен? "Алар каршы болсо да, сннден айрылбайм,"- деген создорун тогун беле?" Карлыгач тоодо откоргон бактылуу кундорун сагына, куну-туну жол карап, Мырзаны жашыруун кутту. "Эмне болсо да, сени жолуктурган тагдырыма ырахмат! "Омур бою суйбогон адамындын жанында алтын капаста болгучакты, суйгонун менен алачыкта откоргон он кунун артык,"- деген создун торкунун эми тушунуп отурам. Кайда болбо, мени унут-унутпа, менин журогум жалгыз сен деп согуп калды. Жараткандан бир суранычым аткарылса, менден откон бактылуу жан болбостур..." Карлыгач Кудайдан умут кыла курсагын сылап койду. Бир заматта ачык турган терезелер калдырттап, пардалар желпилдеп, Карлыгачтын оюн бузуп жиберди. Карлыгач отурган ордунан селт эте чоочуп тура калды. Азыр эле желп эткен жел жок, дымып турган шаар ичине чакалап бироо суу куйгандай, жаан ношорлоп тогуп кирди. Терезелерди шаша жаба салып, балконго чыгып, кере дем алды. "Ох! Бая эле ушинтпейт белен?!" Карлыгач кимгедир ыраазы боло шыбырап, колун кенен жая керилип алды. Кутуусуздон жааган жаан бейкапар жургон элдин шаштысын кетирип, бир заматта кочо ээндей тушту.
Жалгыз караан жаандын тогуп турганын этибар албай, улам бир уйдун номерин карап, Карлыгач жашаган кочодо келе жатты... " Мына! Буйурса таптым... Карлыгачым менин, кутуп жаттын бекен?!" Карлыгач караанды алыстан тааный, журогу опкоолжуй, качантан бери жашыруун даярдап каткан чемоданын колуна алды.
Столдо Карлыгачтын Сооронго жазган биринчи жана акыркы каты калды...
"Салам, Соорон! Озуно жолугуп, ачыкка чыгайын дедим эле. Бирок, мен келгени бир кайрылган жоксун. " Тузума тукуруп кетти. Жакшылыгымды билген жок,"- дээрсин. Кандай айтсан да, мени жек корсон да жарашат. Бирок мен, бул кадамга, сага кыянаттык кылуу учун барганым жок. Канча жылдап перзент жытына зар болуп, Кудайдан мин сурансам да, экообузго бала буюрбады. Анын устуно, бири-бирибизге жат болуп калганыбызга коп болгонун мен да, сен да сезип турганыбыз менен, моюнга алгыбыз келбеди. Эртеби-кечпи балдарына кайтып кетээрин айдан ачык болчу. Бирок мунун баары менин кетип калганымдын себеби эмес... Себебин озун деле тушунуп тургандырсын. Тагдырыма жазылган махабатымдан баш тарта албайм. Кайда журбойун, мага жасаган ар бир жакшылыгынды унутпайм. Кош бол! (Аягы) Автор: Нурайым Шаршенбаева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев