Карлыгачка Соорондун ар бир созу канжардай тийип жатты. Анын созуно жооп айтпастан, кучун жаштан чыгарып ыйлай баштады. Ичиндеги коптон бери чогулган арманын, кайгысын, ошол эле мезгилде Мырзага болгон махабатын айтып алгысы келди... Бирок... Тили курмолбой, жер караган боюнча, бугун чыгара оксуп- оксуп ыйлай берди.
Карлыгачтын соз кайрыбай, ыйлап отурганына Соорондун журогу ооруп кетти бейм:
- Жаным, болду эми... Мени кечирип койчу... Катуу кеттим корунот...- деп Карлыгачты соорото, жузунон, молтуроп жаш куюлган коздорунон опкулой баштады.
- Соорон... Болдучу! Кечирим сурагыдай, сен бирдеме кылдын беле?! Мен...
Карлыгач Сооронду алыстата туртуп, чоочун адамдай денесин жыйрып алды. Канча жылдан бери чогуу жаткан адамдан, негедир жатыркап турду. Сооронду да, озун да, дегеле бут ааламды жек коруп кетти... Кулак уккуз, коз коргуз, эч ким таба алгыз, алыс жактарга канат байлап учуп кеткиси келип турду...
Карлыгачтын жээригенине шагы сынган Соорон, шарт бурулуп, сыртка бет алды.
Машинасына жетип-жетпей, нарыда турган атчан жигитти корду. Карлыгачка айтпай, билгизбестен боз уйго кирип барам деп, сагынычы кокурогуно сыйбай келе жаткан Мырза, боз уйдун жанында токтоп турган бейтааныш машинаны коруп," Ким болду экен?"- деген суроосуна жооп издеп туруп калган эле. Боз уйдон чыга калган Сооронду коруп, апкаарый тушту. Ким экенин жаземдебей билип турганы менен, же бастырып кетип калбай, же учурашууга даабай, ону кубарып, тердеп чыкты. Уйурун тартырып жиберээрин сезген карт илбирстей Соорондун коздору жанып, Мырзаны жеп жиберчудой заар чачып карады. Бири-бирин таанышпаса да, Карлыгачты экоо тен кызганып турушту. Соорон ич туйумунда Карлыгачтын мамилесинин озгоруп калганына ушул жигиттин тийешеси бар экенин сезип турду. Бир саамга коздор менен суйлошуп турушту да, Соорон Мырзага обдулуп барып токтоду. " Эмне болуп турам?! Кайдагы бироодон кызганганымды кара... Мумкун... Ушул тегеректе жашаган малчылардандыр. А мумкун... А мумкун..." Кызганычтан оттой жанып, денеси калчылдап чыкты. Озунон алда канча жаш, булчундары чытырап кучко толуп турган Мырзага каршы чыгууга даабадыбы, же кандай кылса да, Карлыгачтын суйуусун кайрый албасын тушундубу, айтор машинасын от алдырды да, Карлыгач менен кош айтышпай жоноп кетти. Машинанын унунон селт эте, коз жашын аарчый, Карлыгач сыртка жугуруп чыкты да, зуулдап алыстап кеткен машинанын артынан карап, улутунуп алды. Негедир оор жукту мойнунан алып салгандай эс ала тушту. Обочороок Мырзанын атчан караанын коруп, кайрадан журогу туйлап чыкты. "Билди... Баарын сезди... Эми, кандай болуп кетээр экен?" Карлыгач коркунучтан озун жоготуп жибере жаздап аран турду. Чайнек которуп келе жаткан Салкын: " Ай, Карлыгач, эмне болду? Мунун ким эле? Жон жай эле келиптирби?"- деген катар- катар суроолорун жоопсуз калтырып: " Чайынызга рахмат. Жон эле коюнуз,"- деди да оор улутунуп, боз уйго кирип кетти. Карлыгачты сагынып, корууго куштар болуп келе жаткан Мырзанын шаабайы сууп, аттын тизгинин артка бурду да, тоону коздой алып- учуп чаап жоноду. Автор: Н. Шаршенбаева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев