Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Күйөөм ысык чайды башыма коюп алып урат, тирандан кантип кутулам?
Акыркы кезде жашоом ак- кара түскө эле бөлөнүп калды. Ичимдегилерди бирөөгө айтпасам жарылганы калдым. Кээде өлгум келет бирок балдарымды аяп кетем. Турмушка чыкканыма он жылдан ашты. Балдарым атасыз калбасын деп эле жашап келем. Күйөөм он жылдан бери кол көтөрүп келет. Кээде мени шылдыңдап ысык чайды чыныга куйдуруп башыма коюп алып урат. Чай төгүлсө мындан жаман болот деп айтат. Коркконуман чаап тепсе да кыймылдабай туруп берем. Акыркы жолу кабыргам сынып үйдө жатсам эжем келип мени алып кеткен. Бирок балдарым үчун кайра барганга туура келди. Ажырашайын десем балдарды бербейм деп жатат. Мен жокто кызым менен эки жашар уулум