Предыдущая публикация
Түн бир оокум, уйку качып көзүмдөн,
Кат жазса деп кабар күтөм өзүңдөн.
А сен болсо бир чалууга жарабай,
Сараңданып өтчүдөйсүң өмүрдөн.
Түн бир оокум, көзгө сиңип караңгы,
Уктай албай карап туш- туш тарапты.
Кусалыктан издеп жаттым элесиң,
Карааныңдан арылтчудай санаамды.
Түндүн өтүп кетсе деле жарымы,
Үмүтүмдүн өчпөй жанат жарыгы.
Телефондон кабар келип калар деп,
Күтүү менен тостум аппак таңымды.
Ав: Асия Ахматова
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
26.07.22
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 14
Тапка келип майтарылбас курч болдуң.
Карера деп таштап кетип жарыңды,
Кара көзүм кайсы жанга туш болдуң.
Кадамым катып шилтенбейт буттар тушалып.
Кечирим сурап,келсемби кайра озуно.
Аккудай сузуп, алдыга карай учалык.
Жаш кездеги ырыңыздан бир шиңгил таштаңыз
Эч бир жан бул дуйнодо жалгыз болуп калбаса экен!