( Конкурска)
Атам чакырганынан айылды көздөй жол тарттым. Жөн- жай келсин дебейт болчу. Атам аябай бекем киши болгондуктан, ооруганын да билдирчү эмес. Жол да узаргандан- узарды.
Айылга кирип, жол башына машинаны бурганча жүрөгүм элеп- желеп болуп, тынччылык эле болсо экен деп тиледим. Үй жанынан менден кичүү инимдин машинасын көрүп, күрөө тамырларым дүрсүлдөп чыкты.
Машинаны дарбаза жанына токтотуп, шашыла түштүм. Үй тарап тынч экенин көргөндө көңүлүм жайланды. Сырттан кичине келин күтүп алды.
--- Келиңиз аке. Жакшы келип алдыңызбы?
--- Тынчсыңарбы? Келдик..
---- Тынч, шүгүр. Ичкери кириңиз.
Атамдын жанына кирип бардым. Төрдө жаткан атамдын бут жагында апам, анын жанында эки иним олтурат.
--- Ассолому алекум. Арбаңыздар.
Атамдын өңүнөн эле абалы жакшы эместигин байкадым.
Баары менен көрүшүп- сурашып болгондо, атам апама карап, колу менен белги берди. Апам макул дегендей ордунан шашып козголду.
Биз бала кезибизден бери үйдүн төрүндөгү жүк жыйылган чоң сандыктын ичинде кичинекей сандыкча болор эле. Анын оозу ар дайым кулпулуу турчу.
--- Апа, бул сандыкта эмне бар?- деген суроого жооп ала алган эмеспиз. Сандыктын ачкычы ар дайым атамда болгон. Анын ичинде эмне бар экенин ушул күнгө чейин апам да билген эмес.
Мына азыр апам ошол сырдуу сандыкты алып чыкты. Мага эле эмес, бул учур баарыбыз үчүн кызык эле. Бул сандыкта атамдын жашырган кандай казынасы бар экен деп үнсүз атамды күтүп олтурдук.
Атам бар күчүн жыйнап, чекесинен чыккан муздак терге карабай ордунан туруп олтурду да:
--- Балдарым, сандыкты бул кагазда жазылган дарекке алып барып, таштап келесиңер. Үйдүн кожойкесинен менин атымдан кечирим сурагыла. Качандыр бир кездерде андан сурабай алган нерсемди кайтарып берип жатам.
Атамдын эриндери титирет, дем алуусу да оорлошуп калган эле .
--- Эми баарыңар сыртка чыгып тургула,- деди атам.
Катуу ооруп араң турганына жалгыз таштап чыгып кетүүгө батына албадым. Мен эшик парданын артында жашынып, инилеримди чыга бергиле деп ымдадым. Алар чыгып кетишти.
Атам сандыкты ачты. Анын ичинен өрүлгөн капкара кундуздай чачты алып чыкты. Аны жыттап- жыттап алды. Кыя албай турса да аргасыз абайлап сандыкка жайгаштырды да, бизди чакырды.
--- Жөнөгүлө... Ак жол. Менин соңку тапшырмамды аткаргыла.
Шашылыш жолго чыктык. Менин көз алдымда эле атамдын элеси. Ал кандай чач?... Эч нерсеге түшүнбөдүм. Инилеримдин кичүүсү атамды карап үйдө калды. Ортончу иним да эмне болгонуна түшүнбөй , үнсүз баратты. Атам жазган дарекке да жетип келдик. Үйдө келин- кыздары менен сулуу жүздүү кемпир жашайт экен. Жылуу күтүп алышты. Сандык менен ачкычын атамдын атынан кечирим сурап, аялга тапшырдык. Атамдын атын укканда өңү башкача боло түшкөн аял, ойлуу гана сандыкты ачты. Болгон окуяны бизге ал өз оозу менен айтып берди.
Атам ал аялга көп мезгил ашык болуп жүргөн экен. Тагдырдын буйругу менен ал башкасына турмушка чыгып кетет. Аябай катуу сүйгөн атам аны күзөтүп жүргөн. Бир күнү алардын айылындагы клубга концерт келет. Төркүндөп келип калган ал да элден калбай барат. Эл көп чогулган клубтун ичинде анын өрүлгөн чачын атам байкатпастан кыркып алган экен.
--- Чачымды ким кесип кеткенин да билген эмесмин. Уялганымдан күйөмдүн жанына кантип барамын деп ыйлаганмын. Апам болгон окуяны ага айтканда күйөм мени туура түшүнгөн. Андан бери канча убакыт өттү. Чачым мындан да узун болуп өстү. Балкылуу жашоо кечирип, жарым жыл мурун күйөм кайтыш болду. Атаңарга капа болгон эмесмин.
Кемпирдин үйүнөн жакшы маанай менен кайттык. Үйгө келсек атам бизди ынтызар болуп күтүп жаткан экен.
--- Ата, аманатыңызды тапшырдык. Ал сизди эбак кечирген ,- дедим.
Атам мага ыраазы боло колумдан бекем кысты да, көзүнүн кыйыгынан соңку жашы кылгырып аккан бойдон бул аалам менен кош айтышып кете берди.
... Атама куран окутуп шаарга келе жатып, атамдын бекем сүйүүсүн, апамдын сабырын ойлоп алардан ыраазы болуп жаттым. Ошончо бирге өмүр сүрсө да атама тик карап, бул сандыкта эмне бар деп сурабаган апам, бизден да атаңар силерди кайда жиберди, эмне кылып келдиңер деп сурабады. Жөн гана боз үйдүн төрүндө атамды мактап коштошуу кошогун созуп ыйлап олтурган апам, албетте бейиштин төрүндө болоруна ишенем. Кандай гана болоттой бекем адамдардын уулу экениме сыймыктанып бара жаттым.
Ав: Асия Ахматова
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
16.02.22
(Болгон окуя)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10
Таазим кылам ийилип.
Түгөйүм сиз болгонго,
Түбөлүк жашайм сүйүнүп..
Жанбиргем менин жалгызым
Кадимки каймак майдай эрип кетем.
Кымбатым сизди мага төрөп берген,
Кагылайын сизди өстүргөн кайнэнемден.