Предыдущая публикация
Аялыңды сыйлап алсаң гүл болот,
Бешенеңе жаркып тийген күн болот.
Азап кордук берип келсең аялга,
Барып барып сапырылган күл болот.
Кем кылбастан жакшы карап үйүңдү,
Аялыңа арнап койгун сүйүүңдү.
Аярлагын назик карап ар качан,
Гүлгө теңеп сунуп тургун гүлүңдү.
Мен силерге бираз айттым баянды,
Ушул турмуш ыргагынан жаралды.
Ар үйбүлө бакыт нуру коштосун,
Аярлагын сүйүп алган аялды.
Авттр...УЛАН САЛИБАЕВ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев